Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-сентябры № 601
Ысык-Көл облусунун пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 10-б буйругу менен бекитилген "Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы" пилоттук долбооруна катышкан Ысык-Көл облусунун Түп, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын реформалоо жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн убактылуу тартиби (мындан ары - Эмгек акы төлөөнүн тартиби) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 10-б буйругунун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн Ысык-Көл облусунун пилоттук саламаттык сактоо уюмдарына карата жайылтылбай тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
- 2017-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин жыйынтыктарын баалоо картасын иштеп чыгышсын жана биргелешкен буйрук менен бекитишсин;
- 2017-жылдын 20-декабрына чейинки мөөнөттө пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын түзүмүн оптималдаштырууну камсыз кылышсын жана үнөмдөлгөн каражаттарды медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга багытташсын;
- Эмгек акы төлөөнүн тартибин киргизүүгө квартал сайын мониторинг жүргүзүүнү жана "Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы" пилоттук долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна 2019-жылдын 1-мартына чейин киргизүүнү камсыз кылышсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана 2018-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
Ысык-Көл облусунун пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ
I. Жалпы жоболор
1. Ысык-Көл облусунун пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн убактылуу тартиби (мындан ары - Тартип) "Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы" пилоттук долбооруна катышкан Ысык-Көл облусунун Түп, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун саламаттык сактоо уюмдарында колдонулат жана аны өткөрүү мезгилинде колдонулат.
2. Пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасында ушул Тартиптин тиркемесине ылайык иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы келишимдик мамилелер каралган.
Эмгек келишиминде иштин түрү жана көлөмү, келишимдин колдонуу мөөнөтү, ошондой эле түзүлгөн келишим менен кепилденген бир айлык эмгек акынын суммасы жана иштин жыйынтыгы боюнча кошумча өбөлгөлөөнүн шарттары көрсөтүлөт.
3. Пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине берилүүчү бардык төлөмдөр тиешелүү финансылык жылга бюджет менен бекитилген эмгек акы төлөө фондунун чегинде жүргүзүлөт.
II. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
4. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
келишим менен кепилденген эмгек акы - иш берүүчү менен кызматкердин ортосунда макулдашылган, эмгек үчүн сый акынын (ордун толтуруу) белгиленген өлчөмү;
кошумча эмгек акы - кызматкерди өзүнүн ишинин сапатын жана натыйжасын жакшыртууга өбөлгөлөө үчүн, келишим менен кепилденген эмгек акыдан тышкары төлөмдөр;
баалоо картасы - баалоо мезгили үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинин натыйжасын чагылдыруучу форма. Баалоо картасы бир нече категориядан турат, алардын ар бири уюмдун административдик персоналынын, врачтардын, медайымдардын, санитаркалардын жана башка персоналдын ишин баалоочу индикаторлорго ээ.
III. Келишим менен кепилденген эмгек акы
5. Келишим менен кепилденген эмгек акы төмөнкүлөрдөн турат:
- базалык маянадан;
- компенсациялык, өбөлгөлөөчү мүнөздөгү төлөмдөн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен кепилденген үстөктөн.
6. Эмгек келишиминде белгиленген эмгек акынын өлчөмү эмгек келишимин түзгөнгө чейин кызматкерге төлөнүүчү кепилденген эмгек акыдан төмөн болбошу керек.
7. Кызматкерге кезектеги эмгек өргүүсүн берүүнүн тартиби жана ишке убактылуу жарамсыздык баракчасы боюнча төлөмдөр колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт жана эмгек келишиминде чагылдырылат.
8. Кесиптерди/кызматтарды айкалыштырганы үчүн жана убактылуу жок болгон кызматкерлердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча төлөмдөр Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
IV. Кошумча эмгек акы
9. Кошумча эмгек акы фонду консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунун каражаттарын үнөмдөөнүн эсебинен түзүлөт жана ай сайын пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын ишин баалоо карталарын пайдалануу менен ички баалоонун жыйынтыгы боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн ортосунда бөлүштүрүлөт.
10. Пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине кошумча эмгек акы чегерүүнүн жана төлөөнүн тартиби сандык жана сапаттык баалоо индикаторлорунун (баалоо картасы) негизинде жүргүзүлөт.
V. Пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби
11. Пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланган эмгек акы төлөө фонду Социалдык фондго чегерүүлөрдү эске алуу менен үстүбүздөгү финансылык жылга бөлүнгөн төмөнкү булактардын эсебинен түзүлөт:
базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу каражаттарынын (мамлекеттик бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары) 70%ынан ашык эмес өлчөмдө;
- кошумча төлөм каражаттарынын 20%ынан ашык эмес өлчөмдө;
- акы төлөмө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардын 40%ынан ашык эмес өлчөмдө;
- келип түшүүсү жана пайдаланылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген ар бир башка булактар боюнча белгиленген өлчөмдө.
12. Консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунан биринчи кезекте келишим менен кепилденген эмгек акы төлөнөт.
13. Каражаттардын калдыгы калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууда кызматкерлерди өбөлгөлөө үчүн жана/же жеке сый акы төлөө үчүн арналган кошумча эмгек акы төлөө фондун түзүүгө багытталат.
14. Пилоттук саламаттык сактоо уюмунун ар бир түзүмдүк бөлүмүнүн кошумча эмгек акы төлөө фонду ай сайын алардын ишинин сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрүн баалоонун жыйынтыгы боюнча аныкталат.
|
| Ысык-Көл облусунун пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн убактылуу тартибинин тиркемеси |
Ысык-Көл облусунун пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлери менен ТИПТҮҮ ЭМГЕК КЕЛИШИМИ
__________________ (дата) |
| _______________________ (кол коюлган орду) |
1. КЕЛИШИМДИН ТАРАПТАРЫ
1.1. Чогуу алганда "Тараптар" деп аталуучу, бир тарабынан мындан ары "Иш берүүчү" деп аталуучу жобонун (уставдын) негизинде иштеген _____________________ (аталышы) уюмунун атынан чыккан _________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) жана экинчи тарабынан мындан ары "Кызматкер" деп аталуучу жаран _______________ (аты-жөнү) төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.
2. КЕЛИШИМДИН ПРЕДМЕТИ
2.1. Кызматкер (аты-жөнү) _____________________________ заманбап медициналык практикада колдонууга уруксат берилген профилактикалык, диагностикалык, дарылоо жана реабилитациялоонун заманбап методдорун колдонуу менен, ички эмгек тартибине баш ийип, бекитилген графикке ылайык стационарда кечки жана түнкү убакытта бейтаптарга жардам көрсөтүү (бир айдагы кезметтин саны көрсөтүлөт), үйдө калкты тейлөө боюнча иш аткаруу (ҮДТ, ҮМБ, ЖДТБ үчүн) (керектүүсүнүн алды сызылат), тиешелүү адистиги боюнча тиркелген кызматтык нускамага ылайык квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн _____________________________________________________ (кызмат орду, түзүмдүк бөлүмдүн аталышы, кызматтын, адистиктин, кесиптин, квалификациянын толук аталышы) кызматына кабыл алынат.
2.2. Келишимдин түрү: негизги иштеген жери боюнча келишим; айкалыштырып иштеген жери боюнча келишим (керектүүсүнүн алды сызылат).
3. КЕЛИШИМДИН МӨӨНӨТҮ
3.1. Ушул Келишим белгиленген мөөнөткө түзүлдү __________________________________________ (анын иштөө мөөнөтү жана себеби көрсөтүлөт).
3.2. Ушул Келишим Иш берүүчү менен Кызматкер кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул Келишим менен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген негиздер боюнча анын колдонулушу токтотулганга чейин күчүндө болот.
3.3. Кызматкер менен Иш берүүчү келишимге кол койгон күндөн тартып Кызматкер ишке киришүүгө тийиш.
3.4. Жумушка кабыл алууда сыноо мөөнөтү ___________________ (мөөнөтү көрсөтүлөт) айды түзөт.
4. КЫЗМАТКЕРДИН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
4.1. Кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу :
4.1.1. Жумуш ордунда эмгек шарттары жана эмгекти коргоо талаптары жөнүндө толук так маалымат алууга.
4.1.2. Жеке маалыматтарынын корголушуна.
4.1.3. Кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга.
4.1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Кызматкердин эмгек милдеттерин аткаруусуна байланыштуу ага келтирилген зыяндын ордунун толтурулушуна.
4.1.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда милдеттүү социалдык камсыздандырууга.
4.2. Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:
4.2.1. Ушул келишим жана кызматтык нускама менен аныкталган эмгек милдеттерин жана белгиленген эмгек ченемдерин аткарууга.
4.2.2. Медициналык кароодон өтүүгө.
4.2.3. Эмгекти коргоо талаптарын сактоого.
4.2.4. Иш берүүчүнүн мүлкүнө, жабдууларына, материалдарына (анын ичинде Иш берүүчүнүн карамагында турган үчүнчү тараптын мүлкүнө, эгерде Иш берүүчү ушул мүлктүн, жабдуулардын материалдардын сакталышы үчүн жооптуу болгон болсо) аяр мамиле кылууга. Бузгандыгы, жоготкондугу же туура эмес багытта пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык материалдык жоопкерчилик тартууга.
4.2.5. Адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, Иш берүүчүнүн мүлкүнүн сакталышына коркунуч туудурган жагдай жөнүндө сөзсүз түрдө, Иш берүүчүгө же өзүнүн түздөн-түз жетекчисине билдирүүгө милдеттүү.
4.2.6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан башка, врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтардын таркатылышына жол бербөөгө милдеттүү.
5. ИШ БЕРҮҮЧҮНҮН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
5.1. Иш берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
5.1.1. Кызматкерден Иш берүүчүнүн мүлкүнө аяр мамиле кылууну, ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоону талап кылууга.
5.1.2 .______________________________________ (КР ЭКда жана башка эмгек укуктарынын ченемдери камтылган ченемдик укуктук
________________________________________________________ актыларда, жамааттык келишимде, макулдашууларда каралган башка укуктар)
5.2. Иш берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
5.2.1. Кызматкерди жабдуулар, аппаратуралар, аспаптар, техникалык документтер жана башка ал тарабынан эмгек милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка каражаттар, шарттар менен камсыз кылууга.
5.2.3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте жана шартта кызматкердин эмгек милдеттерин аткаруусуна байланыштуу жабыр тартуудан же ден соолуктун башка бузулуусунан улам ага келтирилген зыяндын ордун толтурууга.
5.2.4. Ушул келишим, эмгек мыйзамдары жана эмгек укуктарынын ченемдери камтылган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, жамааттык келишим, макулдашуулар, локалдык ченемдик актылар менен белгиленген башка милдеттерди аткарууга.
6. ЭМГЕК РЕЖИМИ ЖАНА ЭС АЛУУ
6.1. Кызматкерге эки дем алыш күн менен беш күндүк же бир дем алыш күн менен алты күндүк иш жумасы белгиленет (керектүүсүнүн алды чийилет).
6.2. Иш берүүчү Кызматкерге жыл сайын акы төлөнүүчү өргүү берүүгө милдеттүү:
- негизги өргүү ___________________ календардык күн (28 күндөн кем эмес);
- кошумча өргүү __________________ календардык күн (негиздеме болгон учурда).
7. ЭМГЕК АКЫ ТӨЛӨӨНҮН ШАРТТАРЫ
7.1. Кызматкердин эмгегине акы төлөө ушул келишимге, мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга, саламаттык сактоо уюмдары менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын ортосунда түзүлгөн келишимге, Ысык-Көл облусунун пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн убактылуу тартибине, жамааттык келишимдерге, макулдашууларга, локалдык укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт.
7.2. Кызматкерге бир ай бою иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн _________________ өлчөмүндө эмгек акы төлөнөт.
7.3. Кызматкерге эмгек акы __________________ (мөөнөтүн көрсөтүү) мөөнөттө банкта Кызматкер көрсөткөн эсепке которуу жолу менен төлөнөт.
7.4. Жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынын чегинен сырткары иштегенде, түнкүсүн, дем алыш жана майрам күндөрү иштегенде, кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштырганда жана убактылуу жок кызматкердин милдетин аткарганда кызматкерге жамааттык келишим жана локалдык укуктук актылар менен белгиленген тартипте жана өлчөмдө тийиштүү кошумча актылар төлөнөт.
7.5. Эмгек акы Кыргыз Республикасынын валютасы менен төлөнөт (кыргыз сому менен).
8. ЭМГЕК КЕЛИШИМИН БУЗУУГА НЕГИЗДЕР
8.1. Эмгек келишиминин иш-аракети Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен белгиленген учурларда токтотулушу мүмкүн.
8.2. Ушул эмгек келишими узартылышы мүмкүн же Тараптардын макулдугу менен жаңы мөөнөткө кайра түзүлүшү мүмкүн. Эмгек мамилелерин узартууга макулдук жаңы эмгек келишимин түзүү менен таризделет.
9. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
9.1. Эмгек келишиминин тараптары ушул келишимди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
10. КЕЛИШИМДИН БАШКА ШАРТТАРЫ
10.1. Өзүнүн кесиби боюнча беш жылдан ашык убакыт иштебеген врачтарга аттестация өткөндөн кийин гана практикалык медициналык иштөөгө уруксат берилет.
10.2. Мыйзам менен белгиленген тартипте берилген врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн (жаранга келтирилген зыянды эске алуу менен) медициналык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
10.3. Кызматкер өзүнүн кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
11. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
11.1. Эмгек келишими жазуу жүзүндө, бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлдү.
11.2. Ушул келишимдин шарттары Тараптардын өз ара макулдугу менен өзгөрүшү мүмкүн. Ушул келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген жазуу жүзүндөгү эки тараптуу макулдашуу менен таризделет.
12. ТАРАПТАРДЫН МААЛЫМ ДАРЕКТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ
Иш берүүчү |
| Кызматкер |
______________________ |
| ____________________________________ (аты-жөнү) |
Жайгашкан жери: Почта дареги: ИНН Алыш-бериш эсеби Банк |
| Паспорттун сериялык номери: _________ Паспорт берилген дата: _______________ Паспорт берген орган: ________________ ИНН: _______________________________ Жашаган жери (катталган): ____________ |
|
|
|
Иш берүүчү: |
| Кызматкер: |
Кызматы |
|
|
________/_____________/ Колу аты-жөнү М.О. |
| ________/_____________/ Колу аты-жөнү |