Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-сентябры № 604
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Айрым объекттердин коопсуздугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегинде:
- "А" категориясы (өзгөчө маанилүү объектилер)" бөлүмүнүн "Экономика үчүн мааниси бар объектилер жана жогору кооптуулуктагы объектилер" графасы төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |