Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-сентябры № 605
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1). 32-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методикага ылайык жеңилдиктердин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүлбөстөн, салыктык жеңилдиктерди киргизүүгө жана салыктарды төлөөдөн бошотууга тыюу салынат.";
2) 100-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Көчмө текшерүү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
3) 280-берененин 5-бөлүгүндө:
- "курамы жана" деген сөздөр "тизмеси жана" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "тизмеге киргизүү үчүн" деген сөздөр алып салынсын.
4) 295-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Акциздик жыйым маркасынын формасы, берүүнүн жана колдонуунун тартиби, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо депозиттик төлөмдү колдонуунун жана башкаруунун тартиби, депозиттик төлөмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти