Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 62
"Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндө
Жаратылыштын уникалдуу комплекстерин жана биологиялык ар түрдүүлүктөрдү сактоо, сейрек жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо, Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын кеңейтүү максатында, Ак-Суу районунун XVI чакырылыштагы Эңилчек айылдык кеңешинин 2014-жылдын 26-августундагы X кезексиз сессиясынын; Ак-Суу районунун Эңилчек айылдык аймагынын Эңилчек айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-августундагы № 15; Ак-Суу районунун XXVI чакырылыштагы Октябрь айылдык кеңешинин 2015-жылдын 20-июнундагы № 12 XX сессиясынын; Ак-Суу районунун Октябрь айылдык аймагынын Октябрь айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 75; Ак-Суу районунун XXVI чакырылыштагы, Челпек айылдык кеңешинин 2015-жылдын 1-июлундагы № 20 XXII кезексиз сессиясынын; Ак-Суу районунун Челпек айылдык аймагынын Челпек айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-августундагы № 26; Ак-Суу районунун XXVI чакырылыштагы Бөрү-Баш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 16 XXII кезексиз сессиясынын; Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык аймагынын Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-августундагы № 20; Ак-Суу районунун XXVI чакырылыштагы Теплоключенка айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-ноябрындагы № 38 XXV сессиясынын; Ак-Суу районунун Теплоключенка айылдык аймагынын Теплоключенка айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-сентябрындагы № 32; Ак-Суу районунун XXVI чакырылыштагы Ак-Булуң айылдык кеңешинин 2015-жылдын 19-июнундагы № 28 XXVIII сессиясынын; Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылдык аймагынын Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-октябрындагы № 50; Ак-Суу районунун XXVI чакырылыштагы Кереге-Таш айылдык кеңешинин 2014-жылдын 28-октябрындагы № 1 XVII кезексиз сессиясынын; Ак-Суу районунун XXVI чакырылышынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 1 Кереге-Таш айылдык кеңешинин XXIV кезексиз сессиясынын; Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылдык аймагынын Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-ноябрындагы № 31 чечимдерин; Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 24-ноябрындагы № 131 жана № 132 токтомдорун; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2015-жылдын 26-ноябрындагы № 471 буйругун; жер которуу маселелери боюнча райондук комиссиянын 2015-жылдын 16-декабрындагы оң корутундусун эске алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" жана "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан 275800,3 га аянттагы "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркы уюштурулсун.
2. Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан 30374,1 га жер "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жерлери" категориясына которулсун жана 245426,2 га жер аянтын "Запастагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жерлери" категориясына которуу боюнча Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 24-ноябрындагы № 131 жана № 132 токтомдору эске алынсын.
3. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
- "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркынын жерлеринин экспликациясы 1-тиркемеге ылайык;
- "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркынын чек араларынын баяндамасы 2-тиркемеге ылайык.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- республикалык бюджеттен тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине бөлүнгөн каражаттардын чектеринде "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркынын ишин каржылоону камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагын функциялык чөлкөмдөштүрүүнү жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы жер-каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Т.А. Сариев |
№ | Жерлердин аталыштары | Жалпы аянты, га | Анын ичинде, га | ||||||||
айдоо | чабынды | токой, бадалдар | токой өспөгөн жерлер | жайыттар | кар, мөңгүлөр | башкалар (таштар, аскалар, мореналар, шагылдар, кум, шагылдуу куюлмалар) | суулар | жол, мал айдоочу жол астылары | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
1 | Запастагы жерлер (Кереге-Таш айылдык аймагы) | 15440,3 |
|
|
|
|
| 4384,2 | 11048,0 | 8,1 |
|
2 | Запастагы жерлер (Ак-Булуң айылдык аймагы) | 6532,6 |
|
|
|
| 689,0 | 1456,6 | 4375,8 | 11,2 |
|
3 | Запастагы жерлер (Бөрү-Баш айылдык аймагы) | 2068,5 |
|
|
|
| 1327,0 | 330,6 | 408,9 | 2,0 |
|
4 | Запастагы жерлер (Октябрь айылдык аймагы) | 1785,0 |
|
|
|
| 1272,0 | 216 | 297 |
|
|
5 | Запастагы жерлер (Теплоключенка айылдык аймагы) | 9835,3 |
|
| 5,3 |
| 1323,0 | 764,2 | 7740,5 | 2,3 |
|
6 | Запастагы жерлер (Челпек айылдык аймагы) | 4646,6 |
|
|
|
| 130,0 | 2915,1 | 1580,9 | 20,6 |
|
7 | Ак-Суу районуна таандык запастагы жерлер | 205117,9 |
|
| 384,2 |
| 7190,6 | 91571,6 | 105534,5 | 389,9 | 47,1 |
8 | Токой фондунун жерлери (Каракол токой чарбасы) | 30374,1 |
| 35,1 | 3330,8 | 469,0 | 7078,7 |
| 19158 | 275,0 | 7,7 |
Бардыгы, га | 275800,3 |
| 35,1 | 3720,3 | 469,0 | 19030,1 | 101638,3 | 150143,6 | 709,1 | 54,8 | Бардыгы, га |
"Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан жана негизги участоктон, "Боз-Учук", "Ак-Чий" жана "Ак-Булуң" участокторунан турат.
Негизги участок
Бул участоктун чек арасынын баяндалышынын башталгыч чекити катары Сары-Жаз жана Эңилчек дарыяларынын куюлушунда жайгашкан № 1 чекит алынган.
Чек ара бул чекиттен Эңилчек дарыясы боюнча түштүк-батыш багытта 1037 метр түз кетип, № 2 чекитке чейин кетет.
Бул № 2 чекиттен чек ара 5187 метр узундукта № 3 чекитке чейин түндүк-батышка карай кургактык боюнча кетет.
Бул чекиттен чек ара кургак өрөөндөр боюнча төмөнкү багыттарда түз кетет: түштүк-батыш 890 метр (№ 4 чекит); түндүк-батыш 838 метр (№ 5 чекит); түндүк-батыш 3638 метр (№ 6 чекит).
Мындан ары чек ара сызыгы чыгышты карай Чоң талдысуу дарыясын бойлоп Сары-Жаз дарыясы менен кошулганга чейин (№ 7 чекит) кетет.
Андан кийин чек ара Сары-Жаз дарыясынын агымына каршы № 8 чекитке чейин түндүк-чыгышка багыт алат.
Андан ары чек ара кургак өрөөндөр боюнча төмөнкү багыттарда түз кетет: түндүк-батыш 2079 метр (№ 9 чекит); түндүк-батыш 2175 метр (№ 10 чекит); түндүк-батыш - 1205 метр аралыкта кетип, Кичи талдысуу дарыясына (№ 11 чекит) чыгат.
Андан ары чек ара Кичи талдысуу дарыясынын агымы боюнча Сары-Жаз дарыясына (№ 12 чекит) кошулганга чейин түндүк-чыгышка кетет.
Мындан ары чек ара Сары-Жаз дарыясынын агымына каршы Карагайты дарыясынын (№ 13 чекит) куюлушуна чейин түндүк-чыгышка карай кетет.
Андан кийин чек ара Карагайты дарыясы боюнча түндүк-чыгышка № 14 чекитке чейин 4552 метр түз аралыкта кетет.
Бул чекиттен чек ара кургак өрөөндөр боюнча түз багыттарда түштүк-батышка карай - 3241 метр (№ 15 чекит) жана 1075 метр (№ 16 чекит) аралыкта кетет.
Андан ары чек ара кургак өрөөндөр боюнча түндүк-чыгышка карай багытта 8949 метр аралыкта түз кетип, № 17 чекитке чейин кетет.
Андан кийин чек ара Шылуун суусу боюнча түндүк-чыгыш багытта 3675 метр түз кетип № 18 чекитке чейин жетет.
Андан ары чек ара кургак өрөөндөр боюнча түндүк-чыгышка карай 2414 метр аралыкта № 19 чекитке чейин жетет.
Мындан чек ара түштүк-чыгышка карай бурулуп, аты жок суунун агымына каршы 1534 метр аралыкта № 20 чекитке чейин жетет.
Андан ары чек ара кургак өрөөндөр боюнча түндүк-чыгышка карай 3975 метр аралыкта (№ 21 чекит) түз кетип, андан кийин № 22 чекитке чейин 2175 метр аралыкта Шылуун суусу боюнча түндүк-батышка кетет.
Бул чекиттен чек ара кургак өрөөндөр боюнча 2463 метр аралыкта түз кетип № 23 чекитке жетет.
Андан кийин чек ара 5008 метр аралыкта (№ 24 чекит) Белкарасуу суусу боюнча түштүк-чыгышка кетет.
Бул чекиттен чек ара 1253 метр аралыкта түндүк-чыгышка карай жалпы багытта түз кетип, 25 чекитке жетет.
Андан ары чек ара 2134 метр аралыкта (№ 26 чекит) суу бөлүштүргүч боюнча түндүк-чыгышка карай кетет.
Мындан чек ара кургак өрөөндөр боюнча түндүк-чыгышка кетет, андан кийин Кичи-Корунду суусуна чейин сай бойлоп кетет (№ 26-А чекит).
Андан ары чек ара Кичи-Корунду суусунун агымы боюнча 3238 метр аралыкта № 26-Б чекитке чыгат.
Бул чекиттен чек ара Коңулчусуу суусуна (26-В чекит) чейин 9398 метр аралыкта кургак өрөөн боюнча түндүк-батышка карай түз кетет.
Андан ары чек ара Коңулчусуу суусунун агымына каршы түштүккө кетип, 2578 метр аралыкта № 27 чекитке чыгат.
Андан кийин Туз суусуна (№ 28 чекит) чейин 4818 метр кургак өрөөн боюнча түндүк-чыгышка түз кетет.
Андан ары чек ара № 29 чекитке чейин 2870 метр аралыкта Туз суусунун агымы боюнча кетет.
Бул чекиттен ары чек ара түндүк-чыгыш тарапка карай кургак өрөөнү менен 9994 метр аралыктагы Кашка-Төр суусундагы № 30 чекитке кетет.
Мындан ары чек ара № 30-А чекитке чейин 3286 метр аралыкта Кашка-Төр суусу боюнча түштүк-батышка кетет.
Андан кийин чек ара түндүк-чыгышка бурулуп, 9183 метр аралыкта (№ 30-Б чекит), № 31 чекитке чейин 12730 метр кургак өрөөн боюнча түз кетет.
№ 31 чекиттен чек ара 771 метр (№ 32 чекит), 297 метр (№ 33 чекит), 218 метр (№ 34 чекит), 350 метр (№ 35 чекит), 481 метр (№ 36 чекит), 3797 метр (№ 37 чекит) аралыкта кургак өрөөн боюнча түштүк-батышка карай түз кетет.
Андан кийин чек ара 2030 метр аралыкта (№ 38 чекит) Адыр-Тор тоо кыркасына чейин түштүккө кетет.
Андан ары чек ара 9464 метр аралыкта (№ 39 чекит) түндүк-чыгыш багытта Адыр-Тор тоолору боюнча кетет.
Андан кийин чек ара 4326 метр деңиз деңгээлинен бийик чокуга (№ 40 чекит) чейин 8496 метр аралыкта түндүккө карай түз кетет.
Мындан чекиттен кийин чек ара Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасы боюнча Семенов чокусуна (№ 41 чекит) чейин түштүк-чыгыш багытта кетет.
Андан ары чек ара Хан-Теңири чокусуна (№ 42 чекит) чейин түз линия боюнча кетет.
Андан ары чек ара Победа чокусуна (№ 43 чекит) чейин 19867 метр аралыкта кургак өрөөн боюнча түштүк-батышка карай түз кетет.
Бул чекиттен чек ара № 44 чекитке чейин Какшал-Тоо тоо кыркасы боюнча түштүк-батыш багытта Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек аралары аркылуу кетет.
Андан ары чек ара № 45 чекитке чейин 13059 метр аралыкта түштүк-батышка карай түз кетет.
Андан кийин чек ара Май-Баш-Тоо тоо кыркалары боюнча Сары-Жаз (№ 45-А чекит) дарыясына чыгат.
Андан ары чек ара № 46 чекитке чейин Сары-Жаз суусу боюнча түндүк-чыгышка кетет.
Андан кийин чек ара Үч-Чат суусуна (№ 47 чекит) чейин Сары-Жаз өзөнүнүн агымына каршы түндүк-батыш багыты менен кетет.
Андан кийин чек ара Үч-Чат суусунун (№ 48 чекит) агымына каршы түндүккө кетет.
Бул чекиттен чек ара түштүк-чыгышта Кызыл-Капчыгай кичи өзөнүн кесип өтүп, суу бөлүштүргүчү боюнча кетет, андан кийин № 49 чекитке чейин түндүк-чыгышка бурулат.
Андан ары ошол эле багытта түштүк-чыгышка (№ 50 чекит) кетет.
Бул чекиттен чек ара 3986 метр (№ 51 чекит), 5100 метр (№ 52 чекит) аралыкта суусуз өзөн боюнча түндүк-батышка карай түз кетет.
Андан кийин чек ара 10662 метр аралыкта (№ 53 чекит) түндүк-чыгышка кетет.
Андан кийин бул чекиттен 2847 метр (№ 54 чекит), 4546 метр (№ 55 чекит), 2223 метр (№ 56 чекит), 2060 метр (№ 57 чекит) аралыкта түштүк-батышка карай чек ара чекитине чейин кетет.
Андан кийин чек ара түндүк-батышка 1910 метр (№ 58 чекит) кетет, андан кийин 3647 метр (№ 59 чекит), 6720 метр (№ 60 чекит), 5921 метр (№ 61 чекит), 7251 метр (№ 62 чекит), 1966 метр (№ 63 чекит) аралыкта суу бөлүштүргүч боюнча жалпы багытта түз кетет.
Андан ары чек ара 2739 метр аралыкта (№ 64 чекит) суу бөлүштүргүч боюнча түндүк-батышка кетет.
Бул чекиттен чек ара № 65 чекитке чейин 7767 метр аралыкта Эңилчек өзөнүнүн түштүк жээги боюнча түндүк-чыгышка кетет.
Бул чекиттен чек ара № 66 чекитке чейин Эңилчек суусунун түндүк жээги боюнча түндүк-чыгышка кетет.
Андан ары чек ара № 67 чекитке чейин 1702 метр аралыкта кургак өрөөн боюнча түндүк-батышка карай түз кетет.
Андан кийин чек ара түндүк-чыгыш тарапка 744 метр аралыкта (№ 68 чекит) жана 2090 метр аралыкта № 69 чекитке кетет.
Андан кийин чек ара кургак өрөөн боюнча түндүккө карай Сары-Жаз (№ 70 чекит) тоо кыркаларына чейин 3346 метр түз кетет.
Бул чекиттен чек ара № 71 чекитке чейин Сары-Жаз тоо кыркалары боюнча түштүк-батышка кетет, андан ары № 72 чекитке чейин суу бөлүштүргүч боюнча түндүк-чыгышка кетет.
Андан кийин чек ара 7941 метр (№ 73 чекит) түз аралыкта кургак өрөөн боюнча түштүк-батыш багытта, андан кийин 189 метр аралыкта (№ 74 чекит) түндүк-батышка карай кетет.
Бул чекиттен чек ара суу бөлүштүргүч (№ 75 чекит) боюнча түндүк-чыгышка кетет.
Андан ары чек ара 1654 метр аралыкта (№ 76 чекит) кургак өрөөн боюнча түштүк-батышка, андан кийин кургак өрөөн боюнча № 1 баштапкы чекитке чейин (Сары-Жаз дарыясына) кетет.
"Боз-Учук" участогу (Каракол токой чарбасы)
Чек аранын баяндалышынын баштапкы чекити үчүн Кайыңды суусу менен аты жок суунун кесилишиндеги участканын батыш бөлүгүндө жайгашкан № 1 чекит алынган.
Бул чекиттен чек ара № 2 чекитке чейин Кайыңды суусунун агымына каршы адегенде түндүк-чыгыш, андан кийин түштүк-чыгыш багыттарда кетет.
Андан ары чек ара 2781,6 метр (№ 3 чекит) аралыкта кургак өрөөн боюнча түштүк-батыш багытында түз кетет.
Андан кийин чек ара 2930 метр (№ 4 чекит), 2130 метр (№ 5 чекит), 5884 метр (№ 6 чекит) аралыкта түндүк-батышка бурулат.
Андан ары чек ара Кайыңды өзөнү боюнча № 1 баштапкы чекитке чейин ошол эле багытта кетет.
"Ак-Чий" участогу (Каракол токой чарбасы)
Чек аранын баяндалышынын баштапкы чекити үчүн Кайыңды суусу менен Сары-Жаз суусунун кесилишиндеги участканын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан № 1 чекит алынган.
Бул чекиттен чек ара Кайыңды суусу менен Карагайты суусунун куймасына чейин (№ 2 чекит) Кайынды суусунун агымына каршы түндүк-чыгыш багыты боюнча кетет.
Андан ары чек ара № 3 точкага чейин 1606 метр, № 4 чекитке чейин 1676 метр аралыкта кургак өрөөн боюнча түштүк-чыгыш багытта түз кетет.
№ 4 чекиттен чек ара 4314 метр (№ 5 чекит) аралыкта Үч-Чат тоосунун бийик чекитине чейин түштүк-батышка кетет.
Бул чекиттен чек ара № 6 чекитке чейин суу бөлүштүргүч боюнча ошол эле багытта, андан ары - 4313 метр (№ 7 чекит) аралыкта кетет.
Андай кийин чек ара 3187 метр аралыкта кургак өрөөн боюнча Кумар (№ 8 чекит) ашуусуна түз чыгат.
Бул чекиттен чек ара түндүк-батышка карай 1069 метр аралыкта бурулат жана № 1 баштапкы чекитке чейин Сары-Жаз суусуна чыгат.
"Ак-Булуң" участогу (Каракол токой чарбасы)
Чек аранын баяндалышынын баштапкы чекити үчүн Киндик кичи өзөнү менен Көөлү өзөнүнүн кесилишиндеги участканын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан № 1 чекит алынган.
Бул чекиттен чек ара № 2 чекитке чейин Көөлү өзөнү аркылуу түндүк-чыгыш багыты боюнча кетет.
№ 2 чекиттен чек ара Сары-Жаз суусу боюнча № 3 чекитке чейин жетет.
Андан ары чек ара кургак өрөөн боюнча төмөнкү багыттарда түз кетет: түштүк-батышка 3966,6 метр (№ 4 чекит), батышка 4281 метр (№ 5 чекит), түндүк-батышка 2226 метр (№ 6 чекит).
Бул чекиттен чек ара № 1 баштапкы чекитке чейин Киндик суусу боюнча келет.