КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 75
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнүн 2014-2024-жылдарга карата мамлекеттик программасынын долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнүн 2014-2024-жылдарга карата мамлекеттик программасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-сентябрында № 548 "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнүн 2014-2024-жылдарга карата мамлекеттик программа жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Т.А Сариев |