Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-январы № 12
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пунктунда:
төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө жобо;";
төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобо.";
- Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жободо:
аталышындагы "Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө" деген сөздөр "Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
1-пунктундагы "жана IV бөлүмүнө "Салык органында катталуу" деген 12-главасына" деген сөздөр "IX бөлүмүнө" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жобо кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо жана каттоосун жокко чыгаруу тартибин жана шарттарын аныктайт.";
3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кошумча нарк салыгын төлөөчүлөрдү каттоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.";
2-9-главалары күчүн жоготту деп таанылсын;
75-пунктунда:
- биринчи абзацындагы "мажбурлоо" деген сөз "милдеттүү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
81-пунктундагы "Салык төлөөчүнүн ишкердигин мүнөздөгөн параметрлер" деген сөздөр "Салык төлөөчүнүн каттоо картасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
93-пунктундагы "Салык төлөөчүнүн ишкердигин мүнөздөгөн параметрлер" деген сөздөр "Салык төлөөчүнүн каттоо картасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
99-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- КНС боюнча каттоону жаңылыш жокко чыгаруу жөнүндө чечим.";
101-пунктундагы "Салык төлөөчүнүн ишкердигин мүнөздөгөн параметрлер" деген сөздөр "Салык төлөөчүнүн каттоо картасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
102-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
1-6-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 2-июлундагы № 404 "Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкер катары ишкердик жүргүзгөн жарандарды мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-январындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уруксат берүү тармагындагы ишкердик жүргүзүүнүн башталышындагы жана соода жүргүзүү укугуна уруксат берүүдөгү каттоо процедураларын жөнөкөйлөтүү маселесине тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 5-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 2-июлундагы № 404 "Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердик жүргүзгөн жеке адамдарды мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 628 токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |