Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-январындагы № 12, 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 625, 2020-жылдын 18-мартындагы № 167, 2020-жылдын 19-мартындагы № 170, 2020-жылдын 25-декабрындагы № 625, 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси) ылайык салыктарды төлөө милдети жүктөлүүчү Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн салыктык жана эсептик каттоо, кайра каттоо, каттоосун жокко чыгаруу тартибин жана шартын аныктайт.
2. Салык төлөөчү салыктык жана эсептик каттоо, кайра каттоо, каттоосун жокко чыгаруу, эгерде юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарда башкача каралбаса, ушул Жободо белгиленген тартипте Салык кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүлөр деп таанылган бардык субъекттер Кыргыз Республикасында салыктык катталууга тийиш.
Жеке жактын жеке ишкер катары салыктык катталышы анын мамлекеттик каттоосу болуп саналат.
4. Жеке ишкерди DOC STI-169 (2-тиркеме) формасы боюнча мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн бланкынын наркынан тышкары, салык төлөөчүнү каттоо/кайра каттоо, каттоосун жокко чыгаруу жана ага тийиштүү документтерди берүү үчүн акы алынбайт.
2. Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери
5. Идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) салык төлөөчүгө салыктык каттоо жол-жобосун жүргүзүү учурунда ыйгарылат.
6. Жеке жактарда калкты каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган идентификациялык жеке номери (мындан ары - ИЖН) болгон учурда бул номер салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери катары колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлбөгөн салык төлөөчү үчүн ИСНди автоматтык түзүү (генерациялоо) ИСНдин түзүмүнө ылайык жүргүзүлөт (7-тиркеме).
8. Салык төлөөчү тариздөө салык милдеттенмелеринин пайда болушуна же аларды салык төлөөчүнүн аткаруу милдеттенмесине, ошондой эле салыктык укук бузуулар боюнча салык төлөөчүгө жаза чараларын дайындоого же колдонууга алып келүүчү же алып келиши мүмкүн болгон бардык документтерде, анын ичинде салык төлөөчү бүтүмдөрдү ишке ашырууда, товарларды бажылык тариздөө учурунда төлөм документтеринде, кайрылууларда, арыздарда, кабарлоолордо, даттанууларда, декларацияларда, отчеттордо ИСНин көрсөтүүгө милдеттүү.
9. Салык төлөөчү бланктарды, мөөрлөрдү, штамптарды, контролдук-кассалык машиналардын клишелерин, так отчеттуулук бланктарын аларда өзүнүн ИСНин көрсөтүү менен колдонууга милдеттүү.
10. Салык органынын кызмат адамы салык төлөөчү тарабынан мөөрлөрдү, штамптарды, контролдук-кассалык машиналардын клишелерин, ошондой эле так отчеттуулук бланктарын аларда ИСНди көрсөтпөстөн колдонуу менен бланктарда таризделген документтерди кароого кабыл албайт.
11. Салык төлөөчүнүн ыйгарылган ИСНи, ишинин башка параметрлери жөнүндө маалыматтар салык органы тарабынан Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине киргизилет, FORМ STI-025 формасы боюнча "Салык төлөөчүнү каттоо картасында" (1-тиркеме) чагылдырылат.
3. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо тартиби
12. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүгө ыйгарылуучу ИСНди, башка классификациялык жана идентификациялоочу коддорду кошкондо, салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарын Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине киргизүү менен жүргүзүлөт.
13. Субъектте Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен белгиленген милдеттенмелер пайда болгон учурда, субъектти салык төлөөчү катары салыктык каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндөгү субъекттин салыктык каттоо жөнүндө арызынын же жеке жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө арызынын;
2) Салык кодексинин 17-главасында көрсөтүлгөн органдар тарабынан субъектте салыкты төлөө боюнча милдеттенме пайда болгондугу жөнүндө берилген күбөлөндүрүүчү маалыматтын.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо
14. Салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык, юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) кайра каттоо үчүн негиздер пайда болгондо;
2) Салык кодексине ылайык салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери өзгөргөндө;
3) эгерде Салык кодексинде катталуунун бир нече жери каралса, салык төлөөчү тарабынан салыктык катталуунун башка жери тандалганда;
4) салык төлөөчүнүн аты-жөнү өзгөргөндө;
5) жеке жактын ИЖНи өзгөргөндө.
15. Салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндөгү субъекттин салыктык кайра каттоо жөнүндө арызынын;
2) Салык кодексинин 17-главасында көрсөтүлгөн органдар тарабынан берилген анын каттоо маалыматтарынын өзгөрүшү тууралуу маалыматтын.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Жашаган жери, турган жери же ишин жүргүзгөн жери өзгөргөн жана Салык кодексинде каралган учурдагы салыктык катталган/кайра катталган жери менен дал келбеген салык төлөөчү өзгөрүүлөр болгон күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен учурдагы салыктык катталган/кайра катталган жери боюнча салык органына аны токтотуу (салыктык эсептен чыгаруу) жөнүндө арызын берүүгө жана андан аркы эсепке алынуучу жери боюнча салык органында салыктык кайра каттоодон өтүүгө милдеттүү.
17. Учурдагы салыктык катталган жери боюнча салык органы салык төлөөчүнүн салыктык эсептен чыгаруу жөнүндө арызын алгандан кийин, арыз берилген күндөн кийинки күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө салык органынын салык төлөөчү менен өз ара эсептешүүлөрүн салыштырып текшерүү актысын (мындан ары - салыштырып текшерүү актысы) түзүүгө жана аны салык төлөөчүгө тапшырууга милдеттүү.
18. Салык төлөөчү салыштырып текшерүү актысын алган күндөн кийинки 2 жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө андан аркы салыктык катталуучу жери боюнча салык органына салыштырып текшерүү актысын тиркөө менен салыктык кайра каттоо жөнүндө арызын берүүгө милдеттүү.
19. Андан аркы салыктык катталуучу жери боюнча салык органы салыктык каттоо/кайра каттоо жөнүндө арыз берилген күндөн кийинки 1 жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө салык төлөөчүнү анын арызына ылайык салыктык кайра каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.
20. Салыктык кайра каттоо процессинде салык төлөөчүнүн жаңы каттоо маалыматтарын Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине киргизүүдө салык төлөөчүнүн мурдагы салыктык катталган жери боюнча салыктык каттоосу автоматтык түрдө токтотулат.
21. Ушул Жобонун 15-пунктунун 2) пунктчасында каралган маалыматтарды алууда салык органы мындай маалымат келип түшкөн күндөн кийинки 5 жумуш күндөн кечиктирбестен салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.
22. Салык органы арыз ээси берген документтердеги маалыматтарда айырмалар болгон, арыз ээсинин өздүгүнүн идентификациясы ырасталбаган, берилген документтерде оңдолгон жерлер, документти идентификациялоого мүмкүндүк бербеген механикалык бузуулар болгон учурда салык төлөөчүнү салыктык каттоо процесси менен байланышкан салыктык иш-аракеттерди ишке ашыруудан баш тартууга укуктуу.
5. Салыктык катталуу/кайра катталуу жери
23. Салык төлөөчүнүн салыктык катталган/кайра катталган жери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ата мекендик уюм үчүн - юридикалык жак катары мамлекеттик катталган жери;
2) жеке ишкер статусуна ээ эмес жеке жак үчүн - паспортунун маалыматтарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган жери, жашаган жери;
3) жеке ишкер үчүн:
а) ыктыярдуу патенттин негизинде иш жүргүзбөгөн - паспортунун маалыматтарына ылайык катталган жери, жашаган жери же ишкердик ишин жүргүзгөн жери;
б) ыктыярдуу патенттин негизинде иш жүргүзгөн - ишкердик ишин жүргүзгөн жер.
24. Чет өлкөлүк уюмдун филиалы, өкүлчүлүгү үчүн салыктык катталган/кайра катталган жери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасында ишин жүргүзгөн жер;
2) өкүлчүлүктүн же филиалдын Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик эсептик каттоодон өткөн жери;
3) чет мамлекетте катталган чет өлкөлүк уюмдун кызыкчылыктарын билдирген ата мекендик уюмдун жайгашкан жери;
4) чет мамлекетте катталган чет өлкөлүк уюмдун кызыкчылыктарын билдирген жеке жактын жашаган жери.
25. Иши Кыргыз Республикасында туруктуу мекемени түзүүгө алып келбеген чет өлкөлүк уюм үчүн салыктык катталган/кайра катталган жери болуп ишин жүргүзгөн жер саналат.
26. Кыргыз Республикасында салык салынуучу объектиге ээ чет өлкөлүк уюм же жеке адам-резидент эмес үчүн салыктык катталган/кайра катталган жер болуп салык салынуучу субъекттин жайгашкан же катталган жери саналат.
27. Бирден ашык салыктык каттоо жери каралган салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган каттоо жерлеринин тизмегинен каттоодон өтүүчү жерди өз алдынча тандап алууга укуктуу.
6. Салык төлөөчүнү каттоо/кайра каттоо процессинде колдонулуучу документтер
28. Салыктык каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн салык төлөөчү катталуу/кайра катталуу жери боюнча салык органына ушул главага ылайык документтерди жана алардын көчүрмөлөрүн берет.
29. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "бирдиктүү терезенин" алкагында салыктык каттоодон өтүшкөн юридикалык жак, филиал, өкүлчүлүк салык органында мамлекеттик/мамлекеттик эсептик каттоо жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн датадан кийинки 15 календардык күндүн ичинде, бирок Салык кодексинде каралган салык салуунун тандалып алынган режимине ылайык салык боюнча биринчи отчетту берүү датасынан кечиктирбестен салык органына ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча салык салуунун тандалып алынган режими жөнүндө арызын берүүгө милдеттүү.
Эгерде мындай салык төлөөчү бюджетке салыктарды төлөөнүн тандалып алынган салык режими жөнүндө арызын салык органына бербесе, салык органы тарабынан салыктарды жалпы негиздерде төлөө режими коюлган салык төлөөчүнүн каттоо картасы толтурулат.
Салык төлөөчүнүн каттоо картасынын биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык төлөөчүгө кол койдуруу менен тапшырылат же заказдык кат менен жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 625, 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
30. Кыргыз Республикасында аккредиттелген, Салык кодексинин 281-беренесине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарууга укуктуу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери же эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү салыктык каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн салык органына төмөнкүлөрдү беришет:
1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча арызды;
2) уюмду түзүү жөнүндө укуктуу документтин көчүрмөсүн;
3) салык төлөөчүнүн жетекчисин жана Салык кодексинин 45-беренесинде каралган тартипте КНСти кайтарууга документтерди тариздөө боюнча ыйгарым укук берилген адамды дайындоо (тандоо) жөнүндө укуктуу документ (буйрук, чечим, протокол, ишеним кат);
4) ушул пункттун 3) пунктчасында көрсөтүлгөн адамдын өздүгүн күбөлөндүргөн документтер.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Ыктыярдуу патенттин негизинде ишин жүргүзүүнү көздөбөгөн жеке ишкер катары салыктык каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн жеке жак салык органына төмөнкүлөрдү берет:
1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча арызды;
2) өздүгүн күбөлөндүргөн документти жана документтин көчүрмөсүн;
3) эгерде ИЖН жок өздүгүн күбөлөндүргөн документ берилсе, ыйгарылган ИЖН жөнүндө документти жана анын көчүрмөсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Ыктыярдуу патенттин негизинде ишин жүргүзүүнү көздөгөн жеке ишкер катары салыктык каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн жеке жак салык органына төмөнкүлөрдү берет:
1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча арызды;
2) анын өздүгүн күбөлөндүргөн документти жана документтин көчүрмөсүн;
3) эгерде ИЖН жок өздүгүн күбөлөндүргөн документ берилсе, ыйгарылган ИЖН жөнүндө документти жана анын көчүрмөсүн;
4) банктын белгиси менен патенттин наркынын төлөнгөндүгү тууралуу квитанцияны;
5) 3x4 өлчөмүндөгү бир фото сүрөтүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
321. Ыктыярдуу патенттин негизинде жеке иштөөнү көздөгөн жеке жак салыктык каттоодон өтүү/кайра катталуу үчүн салык органына төмөнкүлөрдү берет:
1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча арызды;
2) ким экендигин ырастоочу документти жана документтин көчүрмөсүн;
3) эгерде ИЖН жок ким экендигин ырастоочу документ берилсе, ИЖН ыйгарылгандыгы тууралуу документти жана анын көчүрмөсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 167 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Ишкердикти жүргүзбөгөн салык төлөөчү катары салыктык каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн жеке жак салык органына төмөнкүлөрдү берет:
1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча арызды;
2) анын өздүгүн күбөлөндүргөн документти жана документтин көчүрмөсүн;
3) эгерде ИЖН жок өздүгүн күбөлөндүргөн документ берилсе, ыйгарылган ИЖН жөнүндө документти жана документтин көчүрмөсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Салык кызматынын ички регламенти менен белгиленген салыктык иш-аракеттерди ишке ашыргандан кийин салык органынын кызмат адамы:
- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарын Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине киргизүүнү камсыз кылат;
- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнү каттоо картасын толтурат.
Жеке ишкерди каттоо учурунда төмөнкүлөрдү толтурат:
- Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү;
- бул документтердин бирден нускасын салык төлөөчүгө тапшырат (жиберет).
35. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерди салыктык каттоо төмөнкү документтерди берүүнүн негизинде, жеке жакты салыктык каттоо үчүн ушул Жободо каралган тартипте ишке ашырылат:
1) салыктык каттоосу жөнүндө арызды;
2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерди каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөлөрүн;
3) Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкердин паспортун жана анын көчүрмөлөрүн;
4) шайлоо фондунун каражаттары жайгаштырылган талапкердин атайын эсебинин ачылгандыгы тууралуу банктын ырастамасы;
5) эгерде ал Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык дайындалса, талапкердин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөлөрүн.
36. Саясий партияны салыктык каттоо юридикалык жакты салыктык каттоо үчүн ушул Жободо каралган тартипте ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин сунуштаган саясий партия салыктык катталуу жери боюнча салык органына каттоо маалыматтарын тактоо үчүн төмөнкүлөрдү берет:
1) шайлоо фондунун каражаттары жайгаштырылган саясий партиянын атайын эсебинин ачылгандыгы тууралуу банктын ырастамасы;
2) эгерде ал Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык дайындалса, саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөлөрүн.
37. Салык төлөөчү салыктык каттоого арызды ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча толтурат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
38. FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнү каттоо картасы Салык төлөөчүнү каттоо картасын толтуруу тартибине ылайык толтурулат (5-тиркеме). Каттоо картасы кагазга эки нускада басып чыгарылат, алардын бири салык органында калат, экинчи нускасы салык төлөөчүгө берилет.
39. Юридикалык жак, филиал, өкүлчүлүк, ЭЭЗнын субъекти катары салыктык кайра каттоодон өтүү максатында ушул Жобонун 34-пунктунда көрсөтүлгөн арыздан тышкары, салык органына ЭЭЗда субъекттин эсептик каттоодон өткөндүгүн ырастоочу документти берет.
40. Субъекттин ЭЭЗнын субъекти катары салыктык кайра каттоодон өтүүгө укугун ырастоочу документ катары салык органы юридикалык жактын ЭЭЗнын субъекти катары эсептик каттоосу жөнүндө ЭЭЗнын башкы дирекциясынын маалыматтарын пайдаланат, алар эсептик каттоо күнүнөн кийинки 10 жумуш күнүнөн кечиктирбестен салык органына берилет.
41. Юридикалык жак, филиал, өкүлчүлүк, жогорку технологиялар Паркынын резиденти катары салыктык кайра каттоодон өтүү максатында ушул Жобонун 29-пунктунда көрсөтүлгөн арызга жогорку технологиялар Паркынын резиденти катары каттоосу тууралуу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн күбөлүгүн салык органына берет.
7. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо
42. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органынын кодун көрсөтүү менен, бул маалыматтарды салык төлөөчү жөнүндө башка каттоо маалыматтары менен бирге Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн Мамлекеттик реестрине киргизүү процессинде Салык төлөөчүнү идентификациялоо үчүн колдонулуучу классификаторлордун, маалымдамалардын, коддордун, белгилердин тизмегине ылайык (6-тиркеме) классификациялык жана идентификациялык коддорду ыйгаруунун негизинде ишке ашырылат.
43. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо субъект салыктык каттоо жол-жоболорунан өткөндөн кийин ишке ашырылат.
44. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органы тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
1) салык төлөөчүнүн арызынын;
2) салык салынуучу объекттерди эсепке алууну жана/же каттоону ишке ашырышкан ыйгарым укуктуу органдар берген маалыматтардын.
45. Эгерде салык төлөөчүдө салыктар боюнча салыктык милдеттенмелер пайда болсо, өзгөрсө же токтотулса, анда салык төлөөчү Салык кодексинин 332- жана 342-беренелеринде каралган мөөнөттөрдө жана тартипте мындай өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтык эсептөөнү берүүгө милдеттүү. Маалыматтык эсептөөнү алгандан кийин салык органы мындай салык төлөөчүнүн салыктык жана/же эсептик каттоодон өтүүсүн камсыз кылуу үчүн салык кызматынын ички регламенти менен белгиленген салыктык иш-аракеттерди жүргүзөт.
46. Салык төлөөчү эсептик каттоо жери боюнча салык органына эсептик каттоо тууралуу арыз берүүгө милдеттүү:
1) эсептик каттоого коюу үчүн - иши башталганга чейин жана/же салык төлөөчүдө салык салынуучу объектиси пайда болгон күндөн кийинки 15 календардык күндүн ичинде, бирок Салык кодексинде белгиленген биринчи салыктык отчетту (маалыматтык эсептөөнү) берүү мөөнөтү бүтөөрдөн кечиктирбестен;
2) каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн - мындай өзгөрүүлөр пайда болгон күндөн кийинки 15 календардык күндүн ичинде.
47. Эсептик каттоодон өтүү үчүн салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча арызды толтурат, өздүгүн күбөлөндүргөн документти жана анын көчүрмөсүн берет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Эгерде эсептик каттоого арыз берген субъекттин салыктык каттоосу (ыйгарылган ИСН) болбосо жана эсептик каттоо жери салыктык каттоо жери менен дал келсе, салык органы ушул Жободо белгиленген тартипте салык төлөөчүнү салыктык каттоону ишке ашырат.
49. Эгерде салык төлөөчүнүн салыктык каттоо жери эсептик каттоо жери менен дал келбесе, салык төлөөчүнүн салыктык каттоосунун жок болушу эсептик каттоодон баш тартуу үчүн негиз болот.
50. Салык төлөөчүнүн арызынын негизинде ишке ашырылуучу салык төлөөчүнүн эсептик каттоосу салык органы тарабынан салык төлөөчү арыз берген күндөн кийинки 5 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
51. Салык салынуучу объекттерди эсепке алууну жана/же каттоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар берген маалыматтардын негизинде ишке ашырылуучу салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органы тарабынан мындай маалыматтар келип түшкөн күндөн кийинки 5 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
52. Салык органынын кызмат адамы салык кызматынын ички регламенти менен белгиленген салыктык иш-аракеттерди жүргүзгөндөн кийин:
- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарын Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине киргизүүнү камсыз кылат;
- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнү каттоо картасын толтурат;
- каттоо картасынын 1 нускасын салык төлөөчүгө тапшырат (жиберет).
8. Салык төлөөчүнүн эсептик катталуу жери
53. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) уюм жана жеке ишкер үчүн:
а) обочолонгон бөлүнүштүн жайгашкан жери боюнча - обочолонгон бөлүнүш жайгашкан жер пайда болгондо, жоюлганда же өзгөргөндө;
б) салык салынуучу объекттин жайгашкан жери боюнча - салык салынуучу объекттердин курамы өзгөргөндө;
2) ыктыярдуу патенттин негизинде ишин жүргүзгөн жеке ишкер үчүн - эгерде ал салыктык катталган жеринен тышкары жайгашса, ишин жүргүзгөн жери боюнча;
3) ишкердикти жүргүзбөгөн жеке жак үчүн - салык салынуучу объекттин жайгашкан жана/же катталган жери боюнча.
54. Салык салынуучу объекттин жайгашкан жери болуп төмөнкүлөр таанылат:
1) жер участокторун кошкондо, кыймылсыз мүлк үчүн - алардын иш жүзүндө жайгашкан жери;
2) транспорт каражаттары үчүн - транспорт каражаттарынын мамлекеттик катталган жери, ал эми ал жок болсо - мүлктүн ээсинин жайгашкан (жашаган) жери.
55. Обочолонгон бөлүнүшкө, салык салынуучу объектке карата салык төлөөчүнү эсептик каттоодо аларга мурун салыктык каттоодон өтүү учурунда ыйгарылган ИСН көрсөтүлөт.
9. Салык төлөөчүнүн салык режиминин өзгөрүшүн каттоо
56. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууну каалаган чакан ишкердик субъекти салыктык катталган жери боюнча бирдиктүү салык төлөөчү катары салык органына арыз берүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 2771-беренесине ылайык товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонууну каалаган субъект салыктык катталган жери боюнча бирдиктүү салык төлөөчү катары салык органына арыз берүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
561. Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча каттоо төмөнкүчө күчүнө кирет:
1) жаңы катталган субъекттер үчүн - салыктык катталган күндөн тартып;
2) импортко КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон субъекттерден тышкары, иштеп жаткан субъекттер үчүн - салык төлөөчү бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча каттоо жөнүндө арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып;
3) импортко КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон субъекттер үчүн - импортко КНСти шарттуу эсептөө режими колдонулган күндөн тартып.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
562. Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууну каалаган жеке ишкер салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз берүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
563. Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча каттоо төмөнкүчө күчүнө кирет:
1) жаңы катталган субъекттер үчүн - салыктык катталган күндөн тартып;
2) иштеп жаткан субъекттер үчүн - субъект чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча каттоо жөнүндө арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып;
3) ыктыярдуу патенттин негизинде салыктарды төлөөчү субъекттер үчүн - чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча каттоо жөнүндө арыз берилген күндөн тартып.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
57. Салык органы бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салыктын салык төлөөчү тарабынан төлөнгөндүгү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин:
- салык төлөөчүлөргө салык салууну башкаруу боюнча маалыматтык системага маалыматты киргизет;
- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнү каттоо картасын толтурат;
- каттоо картасынын 1 нускасын салык төлөөчүгө тапшырат (жиберет).
571. Салык органы салык төлөөчү тарабынан чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салыктын төлөнгөнү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин:
- салык төлөөчүлөргө салык салууну башкаруу боюнча маалыматтык системага маалыматтарды киргизет;
- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнүн каттоо картасын толтурат;
- каттоо картасынын бир нускасын салык төлөөчүгө берет (жиберет).
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
58. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
59. 3 айдан ашык мезгилден бери иштеп жаткан коомдук тамактануу жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттери салыктык контракты кайсы айда болбосун түзүүгө укуктуу, бул жөнүндө салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз берет.
60. Турак жай куруучулары менен турак жай курулмасынын ар бир объектиси боюнча өзүнчө түзүлүүчү салыктык контракт салыктык катталган жери боюнча салык органына турак жайды куруучунун арызынын негизинде календардык жылдын ичинде түзүлүшү жана кайра түзүлүшү мүмкүн.
61. Салык органы салык төлөөчү тарабынан салык контрагынын негизинде салыктын төлөнгөндүгү тууралуу чечим кабыл алынгандан жана салыктык контракт түзүлгөндөн кийин төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- салыктык контрактын режимин колдонуу жөнүндө маалыматты салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарына киргизүүнү;
- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнү каттоо картасын толтурууну;
- каттоо картасынын 1 нускасын салык төлөөчүгө тапшырууну (жиберет).
61-1. Майпингге салык төлөө режимин колдонууну ниеттенген салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча салык органына аны майнингге салык төлөөчү катары каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.
Салык органы салык төлөөчү тарабынан майнингге салык төлөнгөндүгү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматына майнингге салык төлөө режимин колдонуу жөнүндө маалыматты киргизүүнү;
- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнүн каттоо картасын толтурууну;
- каттоо картасынын 1 нускасын салык төлөөчүгө тапшырууну (жиберүүнү).
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгаруу
62. Салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгаруу салык органы тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин ишке ашырылат:
1) DOC STI-164 формасы боюнча ишин токтотуу жөнүндө салык төлөөчүнүн кат жүзүндөгү арызынын (4-тиркеме);
2) Салык кодексинде белгиленген башка негиздер боюнча субъекттин ишин токтотууну каттоо, мажбурлап жоюу, анын салыктык милдеттенмелерин токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтын;
3) мыйзамдарда белгилеген мөөнөттөрдө салык төлөөчүнүн кайра каттоодон өтпөгөндүгүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
63. Салык төлөөчү ишин токтотуу жөнүндө кат жүзүндө арызын берген учурда салыктык каттоосу салык боюнча карызы жок болгон шартта жокко чыгарылат.
64. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүн эсептик каттоону жокко чыгаруу эсептик каттоо үчүн негиздер токтотулган учурда ишке ашырылат:
1) салык төлөөчүнүн обочолонгон бөлүнүшүнүн иши токтотулганда;
2) менчик, жер пайдалануу, чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу укуктары сыяктуу салык салуучу объекттерге карата Салык кодексинде каралган укуктар токтотулганда.
65. Салык төлөөчүнүн эсептик каттоосу эсептик катталган объектиге карата пайда болгон салык милдеттенмелери ал тарабынан аткарылган шартта жокко чыгарылат.
66. Салык төлөөчүнү салыктык каттоону шарттуу жокко чыгаруу идентификациялык салык номерин сактоо менен, салык төлөөчүнүн салыктык карыздары жок болгон, иштебеген уюмдун жана жеке ишкердин ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген белгилерине шайкеш келген учурда жүргүзүлөт.
67. Ишин токтотуу ниети бар жеке ишкер салыктык катталган жери боюнча салык органына жеке ишкер катары ишин токтотуу жөнүндө арызы менен бирге төмөнкүлөрдү берет:
1) өздүгүн күбөлөндүргөн документти жана документтин көчүрмөсүн;
2) жоюу боюнча текшерүүнүн (көчмө же камералдык) жыйынтыктары боюнча чечимди;
3) (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) каттоо/кайра каттоо жөнүндө каттоо картасын (дубликатын).
Жеке ишкер ушул пунктта көрсөтүлгөн документтерге кошумча жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктү берет.
Эгерде салык төлөөчүнүн каттоо картасы (дубликаты) жана/же жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүгү жоголуп кетсе, салык төлөөчү расмий басылмаларга салык төлөөчүнүн каттоо картасынын (дубликатынын) жана/же жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүгүнүн жоголгондугу жана аларды жараксыз деп табуу тууралуу жарыя берүүгө милдеттүү.
68. Салык кызматынын ички регламентине ылайык салыктык жана/же эсептик каттоолорду жокко чыгаруу боюнча салыктык иш-аракеттерди жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча салык органы салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алат, каттоону жокко чыгаруу тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине киргизет жана Жокко чыгаруу тууралуу чечимдин 1 нускасын салык төлөөчүгө тапшырат (жиберет). Мында жоюунун себебин жана датасын көрсөтүү менен маалыматтык системада "Каттоону жокко чыгаруу" белгиси менен түзүлгөн салык төлөөчүнүн каттоо картасынын бир нускасы кагазга басып чыгарылат, салык төлөөчүнүн өздүк ишине көктөлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык кызматынын архивинде сакталат.
11. Мажбурлап жоюунун өзгөчөлүктөрү
69. Салык төлөөчү эки жылдын ичинде салыктык катталган жери боюнча салык отчетторун үзбөй бербеген учурда, салык органы субъектти мажбурлап жоюу жөнүндө арызы менен сотко кайрылууга укуктуу. Салык төлөөчүнү мажбурлап жоюу материалдары субъекттин салык боюнча карыздары жок болсо сотко берилет.
70. Доо арызы Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин ченемдерине ылайык таризделет.
71. Соттун белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген салык төлөөчүнү мажбурлап жоюу жөнүндө чечимин салык органы алгандан кийин, салык органы соттун чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн субъектти Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринен, Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү төлөөчүлөрдүн статистикалык бирдиктеринин бирдиктүү мамлекеттик регистринен чыгаруу үчүн юстиция, статистика органдарына жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жиберет.
72. Юридикалык жактын ишин токтотуу жөнүндө юстиция органынын кабарлоосун алгандан, жеке ишкердин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарылгандан кийин, жоюунун себебин жана датасын көрсөтүү менен маалыматтык системада "Каттоону жокко чыгаруу" белгиси менен түзүлгөн салык төлөөчүнүн каттоо картасынын бир нускасы кагазга басып чыгарылат, салык төлөөчүнүн өздүк ишине көктөлөт жана салык кызматынын архивинде сакталат.
12. Салыктык каттоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн салык төлөөчүнүн жана салык органынын кызмат адамынын жоопкерчилиги
73. Мамлекеттик салыктык каттоодон өтпөгөн салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишти жүргүзүүгө тыюу салынат.
74. Ушул Жобонун талаптарын бузган салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
75. Салык органынын кызмат адамы ушул Жободо белгиленген талаптарды аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жазага тартылат.
76. Мамлекеттик жана салыктык каттоосу жокко чыгарылган уюмдун же жеке ишкердин салык милдеттенмелерин аткаруу жана салык карыздарын жабуу аталган уюмдун түзүүчүлөрү (катышуучулары) же мурда жеке ишкер катары катталган жеке жак тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык жана салыктык мыйзамдарында белгиленген учурда, чектерде жана тартипте ишке ашырылат.".
Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобонун 2, 3, 4-тиркемелеринин графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
| 1-тиркеме |
FORM STI-025
САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮНҮН КАТТОО КАРТАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 170 токтомунун редакциясына ылайык)
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Салык төлөөчүнүн каттоого/кайра каттоого АРЫЗЫ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| 5-тиркеме |
FORM STI-025 формасындагы салык төлөөчүнүн каттоо картасын толтуруу ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 170 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси), "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам), Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобого (мындан ары - Жобо) ылайык иштелип чыккан жана FORM STI-025 формасындагы салык төлөөчүнүн каттоо картасын (мындан ары - каттоо картасы) толтуруу эрежелерин аныктайт.
2. Каттоо картасы салык органынын кызмат адамы тарабынан "КСБМС" маалыматтык системасында салыктык жана эсептик каттоо, кайра каттоо, салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгаруу, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү каттоо боюнча иш-аракеттер жасалганда же салыктык режимдерди, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин колдонуу боюнча өзгөрүүлөрдү кошкондо салык төлөөчүнүн ишинин параметрлери өзгөргөндө салык кызматынын ички регламентине ылайык түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте тапшырылат/жиберилет.
3. "А" сектору салыктык жана/же эсептик каттоодон, Жобого ылайык берилүүчү салык төлөөчүнүн арызында жана документтеринде камтылган маалыматтар боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрүнүн каттоосунан өткөн бардык салык төлөөчүлөр толтурат.
4. 102-уячада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- салык төлөөчүнүн ИСНи;
- жеке ишкердин аты-жөнү;
- дыйкан (фермер) чарбанын жетекчисинин аты-жөнү;
- юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) аталышы;
- жамааттын аталышы;
- жеке жактын аты-жөнү.
5. Салык органынын коду жана аталышы 104-уячада көрсөтүлөт.
6. "Б" секторуна салык төлөөчүнүн ишинин параметрлеринин аталыштары, коддору жана реквизиттери киргизилет.
7. Салык төлөөчүнүн ишинин параметрлеринин коду 201, 203, 205, 207, 209, 211, 213, 215 жана 217-уячаларда көрсөтүлөт.
8. Эгер параметрлердин маанилери бар болсо, алар 202, 204, 206, 208, 210, 212, 214, 216 жана 218-уячалардын тиешелүү саптарында көрсөтүлөт.
9. Мыйзамда белгиленген тартипте бекитилген мамлекеттик классификаторлорго тиешелүү параметрлердин маанилери, ошондой эле салык кызматынын ички регламенти менен бекитилген салыктык жана камсыздандыруу максаттарында колдонулуучу параметрлердин коддору жана маанилери "КСБМС" маалыматтык системасында камтылат.
10. 219, 222, 225, 228, 231, 234, 237, 240, 243-уячаларда жана 220, 223, 226, 229, 232, 235, 238, 241 жана 244-уячаларда "Х" белгиси менен тийиштүү саптарда ар бир параметрдин абалы белгиленет:
1) төрт бурчтуктагы "ооба" деген белги параметрдин анык экенин - анын салык төлөөчүнүн форма толтурган күнгө карата учурдагы абалына туура келишин көрсөтөт;
2) көрсөтүлгөн параметрдин тушундагы төрт бурчтукта "жок" деген белги салык төлөөчүнүн көрсөтүлгөн параметрге шайкеш болбой калганын билдирет.
11. 221, 224, 227, 230, 233, 236, 239, 242, 245-уячалардагы ар бир көрсөтүлгөн параметрлер боюнча сапта параметрди өзгөртүүнүн датасы көрсөтүлөт.
12. "В" сектору салык төлөөчү төлөөгө тийиш болгон салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн аталыштары, коддору, реквизиттери менен толтурулат.
13. Салык төлөөчү төлөөгө тийиш болгон салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн коддору, аталышы 301, 305, 309, 313, 317, 321, 325, 329, 333 жана 337-уячаларда көрсөтүлөт.
14. "Х" белгиси менен 302, 306, 310, 314, 318, 322, 326, 330, 334, 338-уячаларда жана 303, 307, 311, 315, 319, 323, 327, 331, 335 жана 339-уячаларда ар бир салык, камсыздандыруу төгүмү боюнча каттоо же тиешелүү түрдө каттоодон чыгаруу фактысы өзүнчө белгиленет.
15. 304, 308, 312, 316, 320, 324, 328, 332, 336 жана 340-уячаларда ар бир аталган салыктарга, камсыздандыруу төгүмдөрүнө тиешелүү саптарда катталган күнү көрсөтүлөт.
16. "Г" секторуна камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн (КТТ) каттоо номери, салык төлөөчү төлөөгө тийиш болгон декларациялануучу тарифтердин аталышы жана коду киргизилет.
17. "Г" секторунда декларациялануучу тарифтердин тизмеси толтурулат.
18. КТТнын каттоо номери 350, 355, 360, 365, 370, 375, 380, 385, 390 жана 395-уячаларда көрсөтүлөт.
19. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон тарифтердин коддору жана тарифтердин аталышы 351, 356, 361, 366, 371, 376, 381, 386, 391 жана 396-уячаларда көрсөтүлөт.
20. "Х" белгиси менен 352, 357, 362, 367, 372, 377, 382, 387, 392, 397-уячаларда жана 353, 358, 363, 368, 373, 378, 383, 388, 393 жана 398-уячаларда тарифтин ар бир түрү боюнча өзүнчө каттоо же каттоодон чыгаруу фактысы өзүнчө белгиленет.
21. 354, 359, 364, 369, 374, 379, 384, 389, 394 жана 399-уячаларда ар бир көрсөтүлгөн тарифтердин түрүнө туура келген саптарда каттоо/каттоодон чыгаруу датасы көрсөтүлөт.
22. Салык төлөөчүнүн банктык эсептери жөнүндө маалыматтар "Д" секторунда толтурулат.
23. Банктардын толук аталыштары 401, 404, 407 жана 410-уячаларда көрсөтүлөт.
24. Банктык идентификациялык коддор (БИК) 402, 405, 408 жана 411-уячаларда көрсөтүлөт.
25. Банктарда эсеп ачкан салык төлөөчүнүн эсептеринин номерлери 403, 406, 409 жана 412-уячаларда көрсөтүлөт.
26. "Салык органы тарабынан таризделген" сектору салык органынын кызмат адамы тарабынан толтурулат.
27. Салык төлөөчүнүн каттоо картасынын таризделген датасы 901-уячага коюлат.
28. Салык төлөөчүнүн каттоо картасын тариздеген кызмат адамынын ИСНи жана кол тамгасы 902-уячага коюлат.
29. Салык төлөөчүнүн каттоо картасына салык органынын жетекчисинин кол тамгасы коюлат жана салык органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
|
| Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобонун 6-тиркемеси |
Салыктык каттоо процессинде салык төлөөчүнү идентификациялоо үчүн колдонулуучу классификаторлордун, маалымдамалардын, коддордун, белгилердин ТИЗМЕГИ
1. Идентификациялык салык номери (ИСН).
2. Статистикалык бирдиктердин жалпы классификатору (СБЖК).
3. Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору (ЭИТМК).
4. Менчик формаларынын мамлекеттик классификатору.
5. Административдик-аймактык бирдиктердин объекттерин белгилөө системасынын мамлекеттик классификатору (ААОБТ).
6. Чарбакер субъекттердин уюштуруу-укуктук формалары.
7. Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификатору.
8. Өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтердин маалымдамасы.
9. Каттоону жокко чыгаруу себептеринин маалымдамасы.
10. Салык органдарынын коддорунун маалымдамасы.
11. Салык төлөөчүнүн салык параметрлеринин маалымдамасы.
|
| Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобонун 7-тиркемеси |
Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номеринин (ИСН) ТҮЗҮМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
Салык органы тарабынан уюмдарга, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдун филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө ыйгарылуучу ИСН түзүмү он төрт белгиден турган цифралык разряддардын жыйындысын билдирет:
П | Ч | Ч | М | М | Г | Г | Г | Г | И | Н | Н | Н | К |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
1) "П" - субъекттин белгисин билдирет:
а) "0" - юридикалык жак;
б) "3" - резидент эмес - юридикалык жак;
в) "4" - Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган жана ыйгарым укуктуу каттоо органында мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактын филиалы, өкүлчүлүгү;
г) "5" - эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык түзүлгөн дипломатиялык өкүлчүлүк же уюм же эл аралык уюмдардын долбоорлору;
2) "ЧЧ" - уюмдун алгачкы катталган күнүн билдирет;
3) "ММ" - уюмдун алгачкы катталган айын билдирет;
4) "ГГГГ" - уюм үчүн алгачкы катталган жылын билдирет;
5) "И" - идентификатор болуп саналат:
а) "0" - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан ИСН ыйгаруу;
б) "1" - салык кызматы тарабынан номер ыйгаруу;
6) "ННН" - уюм үчүн алгачкы катталган датасына карата системадагы катар номерин билдирет;
7) "К" - ыйгарылган номердин контролдук саны болуп саналат.