Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-марты № 102
"Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бул мыйзамдын долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж.( № 2, 98-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө".
2. Преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 1-статьясында:
1-статьясынын 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы "маалыматташтыруу" деген сөздөн кийин "жана электрондук башкаруу" деген сөздөр менен толукталсын.
2-бөлүгү "колдонулушу" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мамлекеттик купуя сырларга киргизилген маалыматтарды иштетүү үчүн арналган маалыматтык тутумдарга," деген сөздөр менен толукталсын.
4. Төмөнкүдөй мазмундагы 1-статья менен толукталсын:
"1-1-статья. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу процессин өнүктүрүү үчүн зарыл болгон негизги укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамдын максаты электрондук башкарууну түзүү жана иштешин камсыз кылуу, Кыргыз Республикасында заманбап маалыматтык инфратүзүмдү түзүүнүн, анын эл аралык маалыматтык тармактарга жана тутумдарга интеграцияланышынын негизинде жарандардын, мекемелердин, уюмдардын жана мамлекеттик башкаруу органдарынын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
3. Ушул Мыйзамдын милдеттери бардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү, заманбап маалыматтык технологияларды түзүү, топтоо, сактоо, берүү жана таркатуу боюнча ишти жүзөгө ашырууда мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын мыйзамдуу таламдарын жана укуктарын коргоо болуп саналат.".
5. 2-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
электрондук башкаруу - маалыматтык технологияларды колдонуу менен жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүү процессин кошо алганда башкаруу процесстерин автоматташтырууга негизделген мамлекеттик башкарууну уюштуруу тутуму; мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуунун бардык аспекттеринин жыйындысы.".
6. 4-статьясы "маалыматташтыруу" деген сөздөн кийин "жана электрондук башкаруу" деген сөздөр менен толукталсын.
7. 24-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-статья. Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүн мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу органдары
1. Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүн мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу маалыматташтыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында ишке ашырылат.
2. Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик башкарууну жана жөнгө салууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын бирдиктүү тутуму аркылуу өз ыйгарым укуктарына жана ушул Мыйзамга ылайык ишке ашырат. Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын бирдиктүү тутумуна төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган;
- транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу орган;
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аларга баш ийген ведомстволук бөлүмдөр;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча консультациялык-кеңеш берүүчү органдарды түзө алат.
4. Электрондук башкаруу, маалыматтык жана интерактивдүү кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органын кошпогондо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин, мамлекеттик маалыматтык тутумдун ишке киришин жана анын ишин координациялоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоочу жана мониторинг жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу орган бирдиктүү орган болуп саналат.".
8. 26-статьясында:
2-бөлүгүндөгү "бекитилген Маалыматташтыруу программасына" деген сөздөр "маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү бекитилген пландарга жана программаларга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бекитилген ресурстардын чыгымдар сметасынын чегинде мамлекеттик маалыматтык тутумдарды иштеп чыгууга жана иштетүүгө сарпталуучу акча каражаттарын караштырууга, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатындагы пландарга жана программаларга ылайык аларды пайдаланууну контролдоого жана электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органга маалымдоого милдеттүү.
Ушул статьянын биринчи абзацында аталган маалымат берүү милдети Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына карата жайылтылбайт.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти