Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-марты № 103
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасын жана маалыматтык ресурстарын модернизациялоо боюнча милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында автоматташтырылган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобонун 27-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү үчүн түшүүчү каражаттар;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 219 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т.А. Сариев |