Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-марты № 114
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 231-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
он экинчи абзацтагы "белгилүү болгон, бир түрдүү" деген сөздөр "айырмалуу, бир кылка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жыйырма төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Үрөнчүлүк чарба - менчигинин түрүнө карабастан бир же бир нече айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк же көчөт материалдарын өстүрүүчү жана (же) сатуучу, үрөнчүлүк чарбалар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобого ылайык үрөнчүлүк чарбага коюлуучу талаптарга (критерийлерге) жооп берүүчү чарба жүргүзүүчү субъект.";
жыйырма сегизинчи абзацтагы 4)-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) үрөнчүлүк чарба;";
2) 4-статьяда:
3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
6-пункт "сортту" деген сөздөн кийин "жана гибридди" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 6-статьянын 3-пунктунун экинчи абзацы "сорттордун" деген сөздөн кийин "жана гибриддердин" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 7-статьянын 2-пунктундагы "үрөндүк ишканалар" деген сөздөр "үрөнчүлүк чарбалар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 11-статьянын 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2 берене.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти