Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 118
"Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри бул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене.
Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө кувейт тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-мартындагы № 118 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 246-б буйругу менен жактырылган.
Аталган Макулдашууга 2015-жылдын 13-декабрында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган.
Макулдашуу анык дипломатиялык же атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирүү (чыгуу, болуу) үчүн биринчи кирген учурдан тартып алты айдын ичинде 90 (токсон) күнгө чейин виза алуу талаптарынан бошотууну карайт.
Аталган Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасынын жана Кувейт Мамлекетинин жарандарынын - дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлеринин өз ара барып-келүүлөрүн жеңилдетет, эки өлкөнүн ортосунда эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтет жана саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
Макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджеттен каржылоону талап кылбайт жана финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
2015-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин Кувейт Мамлекетине болгон иш-сапарынын алкагында Эль-Кувейт шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн бул Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Б.Абдылдаев, ал эми Кувейт Мамлекетинин Өкмөтү үчүн Биринчи вице-премьер-министри, Тышкы иштер министри Сабах Халед Аль-Хамад Аль-Сабах кол койгон.
Бул Макулдашуу анык дипломатиялык же атайын/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн башка Тараптын мамлекетинин аймагына биринчи киргенден тартып алты ай ичиндеги токсон (90) күнгө чейин ал мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу жана ал жерде жүрүү үчүн виза алуу талаптарынан бошотууну караштырат.
Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамынын 5-1-беренесинин үчүнчү абзацына ылайык мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан киргизилген визасыз режим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган ушул эл аралык келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
Муну менен катар акыркы убакта эки тараптуу кыргыз-кувейт мамилелеринин деңгээли өскөнүн белгилей кетүү керек. Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жанданганы байкалууда.
Ушуга байланыштуу Кувейт Мамлекетинин менен Кыргыз Республикасынын паспортторунун белгилүү категориялары үчүн визасыз режим киргизүү зарылчылыгы келип чыкты.
Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасынын жана Кувейт Мамлекетинин дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспортторго ээ болгон жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетет жана эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу келишим-укуктук базаны кеңейтет, ал саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди андан ары өнүктүрүүнү шарттайт.
Ошондой эле белгиленген долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбей турганын билдиребиз.
Мындан тышкары, колдонуудагы улуттук жана эл аралык мыйзамдарга жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары боюнча сунушталган мыйзам долбоорунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгы аныкталды.
Кошумча катары бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай турганын белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри | Э. Абдылдаев |