Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы N 131 токтому менен бекитилген |
2016-2020-жылдарда Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ПРОГРАММАСЫ
I. Өнүгүүнүн учурдагы тенденцияларынын анализи жана баа берүү
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтары боюнча авиациялык ташуулардын жүргүнчүлөрдү ташуунун жалпы көлөмүндөгү үлүшү 15,8%, ал эми жүк ташуулардын жалпы көлөмүндө 5% түзөт.
2006-2014-жылдарда жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү дээрлик төрт эсеге көтөрүлгөндүгү байкалган. Бул маалыматтар жалпы республика боюнча жана өзгөчө эл аралык каттамдарда авиа жүк ташуулардын ролунун жогорулагандыгын көрсөтөт.
Жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүүсүнө калктын экономикалык жана соода активдүүлүгүнүн жогорулашы жана республиканын жарандарынын башка өлкөлөргө миграциясынын күчөшү таасир эткен. Ошондой эле Кыргыз Республикасы коңшу өлкөлөрдөн калктын миграциясынын транзиттик пунктуна айланууда.
Кыргыз Республикасындагы 2006-2014-жылдардагы жүргүнчүлөрдүн агымы
1-таблица
Эл аралык жана ички каттамдардагы учуулардын саны
Жылдар | Багыттар | |
Эл аралык | Ички | |
2006 | 7104 | 9000 |
2007 | 8536 | 10662 |
2008 | 9361 | 8318 |
2009 | 9613 | 8897 |
2010 | 10236 | 9061 |
2011 | 12634 | 8877 |
2012 | 14469 | 5633 |
2013 | 18334 | 7871 |
2014 | 18905 | 9620 |
Ошол эле учурда 2-таблицадан көрүнүп тургандай муну менен жүргүнчүлөрдүн да саны өсүүдө:
2-таблица
Эл аралык жана ички каттамдар боюнча жүргүнчүлөрдүн саны
Жылдар | Багыттар | |
Эл аралык | Ички | |
2006 | 421892 | 293333 |
2007 | 551044 | 340026 |
2008 | 633440 | 315852 |
2009 | 599734 | 326254 |
2010 | 754329 | 417177 |
2011 | 1118506 | 442389 |
2012 | 1409269 | 479355 |
2013 | 1769685 | 647104 |
2014 | 1957590 | 1014348 |
Кыргыз Республикасынан чектеринен тышкары авиациялык ташуулардын негизги көпчүлүгүн чет элдик авиакомпаниялар жүргүзүүдө.
Кыргыз Республикасынын эл аралык аба каттамдарынын жергиликтүү авиаташуучулар тарабынан эксплуатацияланышын чет элдик авиа ташуучуларга салыштырганда сандык жана көлөмдүк жактан төмөнкү деңгээли акыркы бир нече жылдан бери сакталып келе жатат.
2014-жылдын жаз-жай мезгилинде "Манас" аэропортунан эл аралык аба каттамдарын кыргыз авиа ташуучулар тарабынан эксплуатацияланышынын үлүшү 41% жакынды, ал эми 27.10.2013-30.03.2014 мезгилде болгону 33% түзгөн. 2014-жылдагы эл аралык аба каттамдарын эксплуатациялоонун орточо көлөмү 44% түзгөн.
Жүк ташуу рыногу начар өнүккөн, колдонуудагы жүк ташуу терминалынын кубаттуулугунун болгону 18-20% гана пайдаланылууда.
3-таблица
Кыргыз Республикасынын аэропорттору аркылуу 2004-2014-жылдарда жүк ташуунун көлөмү
Жылдар | Жүк ташуулар (тонналар) |
2004 | 18316,7 |
2005 | 15208,3 |
2006 | 21221,5 |
2007 | 22958,7 |
2008 | 24140,7 |
2009 | 20170,7 |
2010 | 22267,8 |
2011 | 19780,2 |
2012 | 20598,4 |
2013 | 22914,2 |
2014 | 18815,9 |
Кыргыз Республикасынын аэропорттору аркылуу жүк ташуунун жылдык көлөмү 5% түзөт.
Азыркы учурда "Ош" эл аралык аэропортунда (мындан ары - "Ош" аэропорту) жүк терминалын куруу зарылчылыгы бышып жетилди, анткени ал Фергана өрөөнүнүн калкына (3 млн. адам) атайын терминалдан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө шарт түзөт. Бул регион ишкердик активдүүлүк жана жогорку экспорттук-импорттук планында алганда келечектүү регион болуп саналат. "Ош" аэропорту "Манас" эл аралык аэропорту сыяктуу эле Европа экономикалык бирлигинин мүчө өлкөлөрүнө "кирүү чекити" болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын вертолётторунун учууларынын кескин төмөндөшү 2012-жылы байкалган. Көпчүлүк учурда бул авиациялык техникалардын түрдүү оңдоо жумуштарынын акысынын жогорулугу менен, ошондой эле жарандык авиациянын вертолётторун туристтик тармакты тейлөө боюнча учууларды аткарууга жана авариялык-куткаруу операциялары үчүн такай пайдалануу менен шартталган. Бүгүнкү күндө учууга жарактуу 1 гана вертолёт бар. Буга байланыштуу вертолёттук авиацияны өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы үчүн мамлекет тарабынан вертолётторду сатып алуу зарылчылыгы туулат.
Бирок, кандай болгон учурда да авиа жүргүнчү ташуу рыногун көбөйтүү тенденциясы байкалууда. Болжолдорго ылайык, 2021-жылы жүргүнчүлөрдү ташуу жылына 3,5 млн. жүргүнчүнү түзөт.
Кыргыз Республикасы аба каттамы жөнүндө дүйнөнүн 27 мамлекети менен макулдашууларга ээ болуп, анын ичинен төмөнкү өлкөлөрдүн шаарларына дайыма учуулар аткарылат: Россия, Казахстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Түркия, Монголия, Индия, БАЭ. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 31 дайыма каттоочу эл аралык аба каттамдары жана 4 ички аба каттамдары иштейт, анын ичинде 1 сезондук каттам. "Манас" жана "Ош" аэропортторунда суткасына 20-25ке жакын рейс аткарылат.
Учуулардын географиясын кеңейтүү максатында эл аралык жана ички багыттар боюнча жаңы аба каттамдарын ачуу зарыл.
Түз авиа каттамдарды ачуу биринчи кезекте жүргүнчүлөрдүн жолдогу убактысын жана кошумча жол чыгымдарын кыскартуу жаатында жана жүргүнчүлөрдү белгиленген ордуна тез жеткирүүдө ыңгайлуу шарттарды түзөт. Мындан сырткары, жарандык авиация туризмдин өнүгүшүндө өзгөчө роль ойнойт. Анализ көрсөткөндөй, акыркы жылдарда аба транспорту менен ташылган жүргүнчүлөрдүн көлөмү өскөн.
Ички туризмди өнүктүрүү максатында жакынкы келечекте Кыргызстандын курорттук аймактарына сезондук ички авиа каттамдарды уюштуруу зарыл.
Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн туризм жана тышкы байланыштар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар виза алуунун жолдорун жөнөкөйлөштүрүү менен чет элдик туристтерди тартуу боюнча жумуштарды жүргүзүүсү зарыл. Бул кошумча туристтик жүргүнчү агымын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, бул Кыргыз Республикасынын каттам тармагынын тездик санын көбөйтөт жана кеңейтет.
Мамлекеттик жана жеке менчик авиакомпаниялардын иштеринин майнаптуулугунун салыштырма анализи көрсөткөндөй, менчиктин жекече киреше берүү жана инвестициялык жагымдуулук көз карашы жагынан алганда оптималдуу болуп саналат. "Кыргызстан аба жолдору" авиакомпаниясынын анализи мамлекеттик ишканалар бул тармак үчүн чыгашалуу келип, инвесторлор үчүн да жагымсыз экендиги тууралуу тыянак чыгарууга түрткү берет.
Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы 2006-жылдан тартып Европа союзунун "кара тизмесинде" болуп келген. Мунун себеби 2006-жылы текшерүү учурунда Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы Эл аралык жарандык авиация уюмунун (мындан ары - ИКАО) талаптарына толук өлчөмдө жооп берген эмес.
2009-жылы өткөрүлгөн аудиттен тартып Еврокомиссиянын эксперттеринин негизги эскертүүлөрү жоюлду, ИКАОнун эксперттери Кыргыз Республикасында учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу абалына да оң баа берген. Бирок Кыргыз Республикасы мүчө болгон ИКАОнун олуттуу эскертүүлөрүнүн жоктугуна карабастан, Еврокомиссия кыргыз авиакомпанияларынын Европага учууларына чектөөнү алып салуу процессин татаалдаштырып салган.
Жүргүнчүлөрдү авиа ташуулардын көлөмүнүн көбөйүшүнүн жогорулаганына карабастан, акыркы он жылдын ичинде аэропорттордун инфраструктурасы олуттуу өнүгө алган жок. Инфраструктураны өнүктүрүү боюнча негизги иштер "Манас", "Ош", "Ысык-Көл" сыяктуу эл аралык аэропорттордо гана ишке ашырылып жатат. Мындан улам, "Манас", "Ош", "Баткен", "Исфана" сыяктуу жүргүнчүлөрдү дайыма ташыган аэропортторго жана сезондук - кыш мезгилинде "Каракол" жана жай мезгилинде "Ысык-Көл" аэропортторуна гана талаптагыдай көңүл бурулат деген ой пайда болот. Башка аймактык аэропорттордо учуулар аткарылбайт.
Тоолуу шарттарды жана жетүүдө кыйынчылык жаратуучу өлкөнүн айрым аймактарында эске алуу менен минималдуу аэродромдук тармак сакталган, аларды иштеген калыбында күтүү зарыл. Бул көптөгөн факторлорго, биринчи кезекте, геосаясий жана социалдык факторлорго байланышкан. Негизинен, алыскы чек арага жакынкы аймактарда жайгашкан аэропорттор сакталган, ал шашылыш жана өзгөчө кырдаалдар абалында жергиликтүү тургундардын пайдалануу мүмкүнчүлүгү үчүн жана расмий адамдардын аймактарга учуусу үчүн керектелет.
Ошол эле учурда ички аба каттамдарынын аэропорттору дайыма чыгымдуу болуп келген, анткени бул аэропортторго учуулар аткарылбайт же аткарылган учуулардын саны жетишсиз.
Бул абалдын негизги себеби аймактардагы жарандардын ички каттамдар боюнча билеттерди сатып алууга чамасы жетпегендиги, алардын арзан, жеткиликтүү жер транспортторун тандоолору. Мунун экинчи бир себеби Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларынын аба паркы ички аба каттамдары боюнча учууларды аткаруу үчүн 50-70 орундуу аба кемелерине ээ эместиги,
Кыргыз Республикасынын ички каттамдарды аткаруучу региондогу аэропортторун жана авиакомпанияларын мамлекеттик колдоону күчөтүү керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кандайдыр колдоо жана финансылык жардамдарды көрсөтүшпөйт. Айрым аэропорттор ("Баткен", "Жалал-Абад", "Каракол" сыяктуу) шаарлардын башкы пландарына киргизилген эмес.
Аэропорттордун инфраструктурасынын абалына карабастан, Кыргыз Республикасы географиялык жактан ыңгайлуу жайгашкан. Андан тышкары транзиттик авиа ташууларды өнүктүрүүнүн мыкты келечегине ээ болушу мүмкүн. Адистердин баалары боюнча Европа менен Түштүк-Чыгыш Азиянын ортосундагы учууларды аткарууда, Кыргыз Республикасынын аэропортторунан бир жолу май куюу менен авиакомпания бул аба каттамдарын кыскарта алат жана авиа ташуулардын наркын 20% чейин азайта алат. "Манас", "Ош" сыяктуу эл аралык аэропорттордун эл аралык транспорттук-логистикалык борбор катары өнүгүшү да Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет. Мындай борборлорду ачуу долбоордун өзүндө да, ага байланыштуу инфраструктурасында да жаңы жумушчу орундардын ачылышына шарт түзөт. Мунун айланасында пайда болгон мультипликациялык таасир республиканын бюджетинин кирешесин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Бул өлкөнүн экономикасына салымы начар, негизгиси инвестицияларды тартат жана Кыргызстандын рыногун Европанын жана Түштүк-Чыгыш Азиянын дүйнөлүк рынокторун байланыштырат.
Мындан тышкары, европа өлкөлөрүн Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү менен байланыштырган үзгүлтүксүз авиа каттоолорду аткарууда бешинчи деңгээлдеги аба эркиндигин берүү менен эл аралык учуулардын географиясын кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүү зарыл.
Жыйынтыктап айтканда, ички аба линияларынын көйгөйлөрүн чечүү жана өнүктүрүү үчүн мамлекет авиа ташуучуларга аба кемелерин сатып алууга колдоо көрсөтүүсү, региондук аэропортторду өнүктүрүү үчүн жеңилдиктерди жана башка колдоолорду берүүсү керек.
II. Көйгөйлөр
1. Ата мекендик авиа ташуучулардын учуу коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу зарылдыгы
2004-жылдан тартып жаңжалдын максималдуу өсүшү 2008-жылы байкалып, 2014-жылга карата төмөндөгөн.
3-таблица
Авиациялык кырсыктардын саны
Жылдар | 2004 | 2005 | 2006 | 2007 | 2008 | 2009 | 2010 | 2011 | 2012 | 2013 | 1014 |
Авиакырсыктар | 9 | 15 | 17 | 15 | 9 | 15 | 0 | 5 | 8 | 6 | 0 |
Адам курман болгон авиакырсыктар | 1 | 1 | 0 | 0 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | 1 | 0 |
Жаңжалдар | 9 | 13 | 17 | 15 | 9 | 15 | 3 | 4 | 8 | 5 | 5 |
АКнын жерде бузулуусу | 0 | 2 | 1 | 3 | 0 | 0 | 0 | 1 | 0 | 0 | 0 |
3-таблицадагы маалыматтар авиациялык кырсыктардын саны 2004-жылдан тартып 2014-жылга чейин төмөндөө тенденциясын көрсөтөт.
Аба кемелеринин жердеги бузулуулары тууралуу айтсак, алардын жалпы тенденциясы дайыма кармалууда.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин жетишсиз каржыланышы
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жарандык авиация тармагын мамлекеттик жөнгө салууну, учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга көзөмөл жүргүзүүнү жана башка милдеттерди жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин жетишсиз каржыланышы төмөнкү көйгөйлөргө себеп болуп саналат:
- инспектордук курамдын айлык акысынын төмөндүгү, бул кесипкөй адистерди тартууга мүмкүнчүлүк бербейт;
- инспектордук курамдын квалификациясын жогорулатуу курстардан өтүүсүнүн дайыма жүргүзүлбөгөндүгү;
- инспектордук курамды Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясында эксплуатациялануучу аба кемелеринин башка типтерине кайра окутуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;
- учуу боюнча инспектордук курамдын билимдерин жана тажрыйбаларын колдоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;
- Кыргыз Республикасынын адистери тарабынан авиациялык кырсыктарды жана жаңжалдарды иликтөөнүн толук жүргүзүлбөгөндүгү;
- Агенттиктин материалдык-техникалык базасынын начардыгы;
- ИКАОнун керектүү басма жана электрондук продукцияларын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;
- Эл аралык уюмдардын иштерине жана алар уюштурган программаларга катышуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;
- ИКАОго мүчөлүк акы төлөөдө карыз болуу;
- Мамлекеттер аралык авиациялык комитетке мүчө болуп киргенден тартып мүчөлүк акынын төлөнбөй келиши.
3. Аба кемелеринин паркын жаңылоо зарылдыгы
Эксплуатациялануучу жүргүнчү аба кемесинин орточо мөөнөтү 22 жыл болуп эсептелет, бул анын техникалык абалына сөзсүз түрдө таасирин тийгизет. Кыргыз Республикасында батышта жасалган аба кемелерин тейлөө боюнча заманбап техникалык борбор жок.
Жаңы аба кемелерин өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга ата мекендик авиакомпаниялардын учурда мүмкүнчүлүгү жок.
Кыргыз Республикасынын Жарандык аба кемелеринин реестрине советтик, россиялык жана батышта жасалган аба кемелери кирет. 2015-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестринде 47 аба кемеси катталган, анын ичинде 18 учууга жарактуу, ал эми 29 учууга жараксыз деп белгиленген.
Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларынын аба кеме паркы жөнүндө маалымат 4-5-таблицаларда берилди.
4-таблица
Кыргыз Республикасында катталган аба кемелеринин түрлөрү жана саны
Аталышы | Аба кемелеринин жалпы саны | Сертификациясы жарактуу аба кемелеринин саны |
Ми-8 | 16 | 1 |
Ан-2 | 13 | 2 |
В737 | 9 | 8 |
DA-42 | 1 | 1 |
А-320 | 1 | 1 |
Ту-154м | 1 | 1 |
Вае146-200 | 2 | 2 |
Як-40 | 1 | 1 |
Saab-340a | 1 | 0 |
АН26 | 1 | 1 |
В-300 | 1 | 0 |
5-таблица
Кыргыз Республикасында катталган аба кемелеринин орточо мөөнөтү
Аба кемесинин аталышы | Аба кемесинин орточо мөөнөтү |
В-300 | 6 |
А-320 | 21 |
Ту-154м | 22 |
В 737-300, 400, 500 | 21 |
В737-800 | 7 |
Вае146-200 | 24 |
DA-42 | 9 |
SAAB340A | 26 |
Ми-8 | 23 |
АН26 | 34 |
Ан-2 | 35 |
Як-40 | 40 |
Жалпы парктын орточо мөөнөтү: | 22,5 |
Эскертүү: Авиа парктын орточо мөөнөтү аба кемелеринин мөөнөтүн эске алуу менен көрсөтүлөт, алар жүргүнчү ташыбайт.
Батыш өндүрүүчүлөрүнүн самолётторун жеңил оңдоолор жана техникалык тейлөө техникалык кызматтардын өз күчтөрү менен жүргүзүлөт, ал эми тейлөөнүн татаал түрлөрү чет өлкөлөрдө жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасында советтик өндүрүштүн авиациялык техникаларды техникалык тейлөө боюнча толук өндүрүштүк циклдеги жалгыз уюм - "Манас" авиасервиси" жоопкерчилиги чектелген коому бар. Бирок бул борбор батыш өндүрүүчүлөрүнүн аба кемелерин техникалык тейлөө сертификациясынан өткөн эмес.
Кыргыз Республикасынын учурдагы жана потенциалдуу эл аралык аба ташууларынын географиясы ата мекендик авиа жүк ташуучулардын 50-250 жүргүнчү орундуу жана учуу узактыгы 2000ден 6000 км же андан ашуун заманбап, региондук, орто магистралдык жана алыскы магистралдык аба кемелеринин болушун талап кылууда. Мындай аба кемелеринин баасы жогору болуп, 20 миллиондон ашуун АКШ долларын түзөт. Мындан улам кыргыз авиалиниялары 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-XII Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин талаптарына ылайык ташуу максатында эксплуатациялоонун көп мөөнөттүү аба кемелерин сатып алууга мажбур болушат. Буга байланыштуу учурдагы ата мекендик авиакомпаниялардын каржы мүмкүнчүлүгү аба кемелерин эксплуатациялык ижарага алууга гана мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасы аба кемелерин, анын запастык бөлүктөрүн жана башка авиациялык жабдууларды өндүрбөйт. Кыргыз Республикасында аба кемесинде персоналдарды даярдоо үчүн зарыл болгон үйрөтүү жабдуулары да өндүрүлбөйт. Мындай техникалар мурдагы Советтер Союзунун аба кемелеринин ордуна эксплуатациялана баштаган, мындай жабдуулар, өзгөчө тренажёрлор пайдаланылган.
Мындан тышкары, тиешелүү жайларды (ангарларды, лабораторияларды, сыноо такталары жана башка каражаттардын, жабдуулардын түрлөрүн) талап кылуучу аба кемелерин техникалык тейлөөнүн жана оңдоонун белгилүү бир түрлөрүн менчикке сатып алуу же куруу ата мекендик авиа жүк ташуучулар үчүн учурда мүмкүн эмес же алардын наркы жогору болгондуктан орундуу деп эсептелбейт. Буга байланыштуу техникалык тейлөөнүн мындай түрлөрү Кыргыз Республикасынан тышкары тиешелүү сертификациялары бар уюмдарда жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасында эл аралык жана ички каттамдар боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү ташууну 5 авиакомпания жүргүзөт, калган авиакомпаниялар жүктөрдү ташышат жана авиациялык атайын жумуштар менен алектенишет.
4. Кадрларды даярдоонун жана кайра даярдоонун деңгээлинин төмөндүгү
Жарандык авиация экономиканын бийик технологиялык жана тез өнүгүүчү тармактарынын бири болуп эсептелет, бул биринчи кезекте авиациялык менеджменттин, учкуч-техникалык персоналдын кесипкөйлүгүнө жана квалификациясына байланыштуу.
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжи (мындан ары - Авиаколледж) жана "Манас Тренинг борбору" жоопкерчилиги чектелген коому учурда тийиштүү даярдыктагы адистер менен жарандык авиациянын талаптарын толук деңгээлде канааттандыра албайт.
Учкучтар экипажынын мүчөлөрүн даярдоо жана кайра даярдоо үчүн ылайыктуу окуу базасын түзүү ата мекендик авиакомпаниялар үчүн өтө кымбат болуп саналат. Ата мекендик окуу жайлар Кыргыз Республикасында учурда эксплуатациялануучу аба кемелеринин жаңы түрлөрүнө персоналдарды даярдоо үчүн каржы жана башка мүмкүнчүлүктөрү жок, анткени учкучтар персоналдарын даярдоо үчүн ылайыктуу тренажёрлор жок.
Авиациялык дипломдуу адистерди баштапкы даярдоону Авиациялык колледжи ишке ашырат, андан ары авиациялык техниканын түрлөрү боюнча кайра даярдоо, учурдагы авиациялык учкучтар-техникалык адистердин квалификациясын жогорулатуу "Манас Тренинг борбору" жоопкерчилиги чектелген коомдун базасында ишке ашырылат. Учкучтарды жана техникалык курамды батышта жасалган авиациялык техникаларга окутуу чет өлкөдө жүргүзүлөт.
Авиациялык адистерди даярдоо эл аралык стандарттарды, эрежелерди жана ченемдерди окуу процессине киргизүүнү камсыз кылган кесиптик билим берүү программаларына аз багытталган.
5. Аба кыймылын тейлөө органынын техникалык жабдылышы
Тейленген аба мейкиндигинин жалпы аянты 198000 км2 жакын, ал эми эл аралык аба трассаларынын узундугу 3540 км жакынды түзөт. Өлкөнүн жогорку аба мейкиндиги авиациялык радио байланыш талаасы менен - 60%, радиолокациялык талаа менен - 65% жабылган. Кыргызстан 13 аба коридоруна ээ: Казакстан Республикасы менен - 6, Өзбекстан Республикасы менен - 4, Тажикстан Республикасы менен - 2, Кытай Эл Республикасы менен - 1. Кытай Эл Республикасы менен өнүккөн аба кыймылынын каттамдар системасы жок экендигин белгилөө зарыл. 2013-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын кызыкдар ведомстволору тарабынан Кытай Эл Республикасы менен Ош жана Кашгар (Кытай Эл Республикасы) шаарларынын ортосунда эл аралык аба трассасы эл аралык жаңы коридорду ачуу боюнча жумуштарды жүргүзүп жатышат. Мындай каттамдын ачылышы Түштүк-Чыгыш Азия менен Европаны бириктирип, анын аркасында аба кемелеринин транзиттик агымын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу кайра багыттоодо мүмкүнчүлүк берет эле.
Эксплуатациялоодо белгиленген техникалык ресурсту иштеп бүткөн жана эл аралык талаптарга жооп бербеген жер үстүндөгү аэронавигациялык, радиотехникалык жана метеорологиялык жабдуулар бар. Финансылык каражаттардын жетишсиздиги Кыргыз Республикасынын аба кыймылын тейлеген органына жаңы жабдууларды сатып алууга мүмкүндүк бербей жатат, ошондуктан техникалык жабдуу артта калууда.
Заманбап эл аралык практикага ылайык жана аба кыймылын тейлеген уюмдарды оптималдаштыруу максатында аба кыймылынын бирдиктүү уюштуруу борбору "Манас" эл аралык аэропортунда жана резервдик борбор болгон "Ош" эл аралык аэропортунда интеграцияланган аба кыймылын уюштуруу системасын түзүү зарыл.
6. Аэропорттордун инфраструктуралык проблемаларын чечүү жана аларды күтүү үчүн талаптагыдай каржылоонун жоктугу
Суроо-талаптын жоктугунан улам акыркы 15 жылдын ичинде аэропорттор жоюлган. 1996-жылы аэродром тармагы 23 аэропорттон турса, бүгүнкү күндө алардын саны 11ге чейин кыскарган. Калган аэропорттордон учурда 9 аэропорт иштейт, анын ичинде 5 эл аралык: "Манас", "Ош", "Ысык-Көл", "Каракол", "Баткен", жана 4 аэропорт: "Исфана", "Жалал-Абад", "Нарын", "Казарман" ички аба линиялар.
Каржылоонун жетишсиздигинен "Талас", "Караван" аэропортторунун техникалык абалы канааттандырарлык эмес, натыйжада бул аэропорттордун аэродромдору ылайыктуулук сертификациясын жоготушкан. Ушундай эле себептен улам "Нарын" аэропортундагы аэродромдун ылайыктуулук сертификациясын жоготуу коркунучу турат.
Жүргүнчүлөрдү тейлеген бардык аэропорттордун инфраструктурасы өнүгүүгө муктаж экендигин өзгөчө белгилеп кетүүгө болот. Көпчүлүк аэропорттор жүргүнчүлөргө ыңгайлуу кызматтарды көрсөтө алышпайт, ал эми улгайгандар, балалуу энелер жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар сыяктуу өзгөчө муктаждыгы барлар үчүн түзүлгөн шарттар жөнүндө айтуунун кажети жок.
Кыргыз Республикасында иштеп жаткан аэропорттор реконструкциялоого муктаж, албетте, ал үчүн чоң финансы каражаттары талап кылынат.
"Манас" эл аралык аэропорту Кыргыз Республикасынын башкы аба дарбазасы болуп саналат. "Манас" аэропортунун аэродрому 40 жылдан ашуун эксплуатацияланууда. Аэродромдун жасалма жетүүлөрү (учуу-конуу тилкеси, перрондун башкаруу жолдору) учурда канааттандырарлык абалда, бирок аларды толук жетүүлөрдү аткаруу зарыл. Аэродромдо перрондук механизация каражаттарын (лента конвейери, жер электр жабдууларын модернизациялоо, авиа кыймылдаткычтарды ишке келтирүүнү орнотуу), аба кемелеринин батыш тибине ыңгайлаштырылган атайын автотранспорт паркын (буксировщиктерди, автотраптарды, ассенизатордук машиналарды, кыймылдаткычтардын жана аба кемелеринин салонун перрондук жылыткычтар, жүктү жүктөөчү жана түшүрүүчү машиналар, аба кемелерин жана авариялык-куткаруучу жабдууларды тоңууга каршы суюктук менен майлоо машиналарын) жаңыртуу жана модернизациялоо, ошондой эле, жүргүнчүлөр багажын жана жүктөрүн кароо системасын модернизациялоо талап кылынат. Ошондой эле, жүргүнчүлөр терминалын кошумча телескоптук траптарды орнотуу менен өткөрүү мүмкүнчүлүгүн көбөйтүү маселеси да курч бойдон калууда.
"Ош" стратегиялык аэропорту учурда канааттандырарлык абалда. Аэродромдо калыбына келтирүү жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып келет, бирок жогорку көлөмдөгү ташууларды камсыз кылуу үчүн бул жетишсиз. Учуу-конуу тилке жолу, башкаруу жолу жана токтоо оруну таяныч жөндөмдүүлүгү жана учуу-конуу тилке жолунун узундугу боюнча чектөөлөр болуп жатат. Токтоо орундарын көбөйтүү үчүн жана колдо бар перронду тийиштүү аба кемелерине ылайыкташтыруу үчүн перрон да кеңейтүүгө муктаж. Аэропорттун жүргүнчү терминалы чектелүү жана бир убакта экиден ашпаган рейсти гана тейлөөгө ылайыкташкан, күтүүчү жүргүнчүлөр үчүн шарттар түзүлгөн эмес. Аэробекеттин өткөрүү шарты саатына 150 гана жүргүнчүгө эсептелген. Транзиттик рейстерди камсыз кылуу үчүн шарттар жок.
"Манас" эл аралык аэропорту ачык акционердик коомунун (мындан ары - "МЭА" ААКы) аэропорттун эски электр жабдууларын алмаштыруу боюнча аракеттерине карабастан, мындагы көпчүлүк электр камсыздоочу системасынын техникалык абалы 60-жылдардагы жабдуулар болгондуктан жаңыртууну талап кылат. Учурда аэродромдун атайын техникаларын жана перрондук механизмин, ошондой эле аэродромдун авариялык-куткаруучу жабдууларын жаңыртуу зарыл. "Ош" аэропортунун жүк терминалы жок, аэропортту андан ары өнүктүрүү үчүн жүк терминалын куруу жана жүктөрдү даярдоочу жабдууну сатып алуу зарыл.
"Ош" аэропорту кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкандыгын жана аба кемелеринин конууга кирүүсү Өзбекстан Республикасынын аба мейкиндигинде аткарылгандыгын белгилей кетүү керек. Өзбекстан Республикасы тарабынан аба мейкиндигин пайдаланууга бир тараптуу тыюу салынса, бул абал улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселесин козгоосу мүмкүн. Ушуга байланыштуу Ош шаарында жаңы аэропорт куруу үчүн жер бөлүү керек.
Региондук аэропорттор тууралуу белгилеп кетүүчү нерсе, алардын техникалык абалы канааттандырарлык эмес. Бардык региондук аэропорттор 70-80-жылдарда курулган жана советтик (АН-24, ЯК-40, АН-2 ж.б.) аба кемелерине ылайыкташкан. Региондук аэропорттор узак убакыттардан бери эксплуатацияланып жаткандыгын эске алуу менен аларды реконструкциялоо зарыл. Региондук аэропорттордун рентабелдүү эместигине жана чыгашалуулугуна карабастан "МЭА" ААКы алардын социалдык жана саясий факторлорун эске алып, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар үчүн иштөө абалында кармап келет. Финансы каражатынын чектелгендигине байланыштуу "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому тарабынан аймактык аэропорттордо эксплуатациялоо убактысынан бери учуу-конуу тилке жолунда, башкаруу жолунда жана перрондун жабууларына капиталдык оңдоо жумуштары жасалган эмес, болгону чуңкурлары оңдолуп тегизделген. Ушуга байланыштуу аларды мындан ары эксплуатациялоо мүмкүн эмес.
Айрым региондук аэропорттордо Кыргыз Республикасынын Аба кодексин бузуу менен, аэропорттордун тегерегинде, аба кемелеринин кирүү зоналарында курулуштар токтоосуз жүргүзүлүүдө, бул учуу коопсуздугуна терс таасирин тийгизет. Алсак, "Жалал-Абад" аэропортунун аймагына турак үйлөр курулган, анда аэропорттун санитардык-коргоо зонасы эске алынган эмес, ошондуктан бул аэропортту андан ары кеңейтүү мүмкүн эмес. Аэропорттордун көпчүлүк бөлүгү аймактарды өнүктүрүүнүн пландарына киргизилбейт, кээ бир аэропорттордун ордуна башка объектилерди куруу пландаштырылып калат.
Аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн төмөнкүдөй тез арада чечилүүчү маселелерге комплекстүү мамиле кылуу керек:
а) "Манас", "Ош", "Ысык-Көл" аэропортторунун инфраструктурасын өнүктүрүү;
б) "Манас" аэропортунун логистикалык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү, "Манас" жана "Ош" аэропортторунун базасында бириктирүүчү борборду түзүү;
в) "Баткен", "Жалал-Абад", "Каракол", "Исфана", "Нарын", "Казарман" региондук аэропортторунун инфраструктурасын реконструкциялоо;
г) "Талас" жана "Караван" аэропортторун реабилитациялоо;
д) региондук аэропортторду өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоо механизмин ишке ашыруу.
"Ош" аэропортун которуу жана жаңы жүк терминалдуу, эл аралык стандарттарга ылайык аэропорт куруу, авиакомпаниялардын паркын алардын техникалык мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен региондук аэропортторго каттамдарды жүргүзө алган региондук аба кемелери менен толуктоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу зарыл.
7. Өтө жеңил жана жеңил аба кемелерин эксплуатациялоону регламенттөөчү ченемдик укуктук актылардын өркүндөтүлбөгөндүгү
Жеңил жана өтө жеңил авиацияны эксплуатациялоочу "Ультролайт" республикалык ассоциациясы бүгүнкү күндө өз ишин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин (мындан ары - министрлик) 2015-жылдын 21-январындагы № 12 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жеңил жана өтө жеңил аба кемелери жөнүндө жобосуна (мындан ары - Жобо) ылайык жүргүзүп жатат.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин кабыл алынгандыгына жана күчүнө киргендигине байланыштуу көрсөтүлгөн Жободо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде көрсөтүлгөн ченемдерди кайра карап чыгуу талап кылынууда. Анткени жеңил жана өтө жеңил аба кемелерин эксплуатациялоо, каттоо, сертификациялоо ошондой эле персоналдар бөлүгүндө ченемдердин айырмачылыктары кездешип жатат.
III. Максаты, артыкчылыктуу багыттары, милдеттери жана чаралары
2016-2020-жылдарда Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын (мындан ары - Программа) максаты - 2020-жылдын аягында учуу коопсуздугунун жогорку деңгээлине жетүү, ошондой эле авиа ташуулардын ички да, эл аралык да көлөмүнүн эки эсе жогорулашына жетишүү.
Программанын милдеттери:
- Кыргыз Республикасында учуу коопсуздугун алгылыктуу деңгээлин кармоо жана анын андан ары жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын авиациялык коопсуздугун камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин (мындан ары - Авиациялык эрежелер) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 18-декабрындагы № 1117-XII токтому менен ратификацияланган 1944-жылдын 7-декабрындагы Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын тиркемелерин айкалыштыруу;
- ички жана эл аралык линиялар боюнча авиациялык ташуулар рыногун өнүктүрүү жана кеңейтүү;
- жер инфраструктурасынын объектилерин (учуу-конуу тилке жолдорун, аэродромдорду жана аймактык аэробекеттик комплекстерди реконструкциялоо, аларды заманбап атайын техникалар жана авиациялык коопсуздукту камсыздоо үчүн жабдуулар менен камсыз кылуу) план ченемдүү комплекстүү модернизациялоону жана өнүктүрүүнү ишке ашыруу;
- аба кыймылын уюштуруу системасына жаңы концепцияны киргизүүгө даярдоо боюнча комплекстүү иш-чараларды жана аба кыймылын башкаруунун өндүрүштүк кубаттуулугун модернизациялоону ишке ашыруу;
- аба кемелеринин учурдагы паркын жаңыртуу;
- кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо системасын окуу-методикалык комплекстерине эл аралык авиациялык стандарттарды жана эрежелерди киргизүү жолу менен жакшыртуу.
1-артыкчылык - Ата мекендик авиа ташуучулардын учуу коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу
1-милдет. Жарандык авиация тармагындагы ченемдик укуктук актыларды 2015-жылдын 6-августундагы № 219 Кыргыз Республикасынын Аба кодексине ылайык келтирүү.
Чаралар:
Колдонуудагы Авиациялык эрежелерге жана жарандык авиация тармагындагы башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү.
2-милдет: Европа бирлигинин "Кара тизмесинен" чыгуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
Чаралар:
1. ИКАОнун учуу коопсуздугунун стандарттарына байланыштуу тийиштүү жол-жоболорду, учуу коопсуздугун камсыз кылуунун негизделген практикасынын жана нускама материалдын бардыгын аткаруу.
2. Учуу коопсуздугун камсыздоону Кыргыз Республикасынын аба транспортун эксплуатациялоочулардын учуу коопсуздугуна байланыштуу бардык талаптарды аткаруусуна баа берүү жолу менен үзгүлтүксүз контроль жүргүзүү.
3. ИКАОнун эксперттеринин акыркы отчетундагы кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу.
4. Учуу коопсуздугунун эл аралык аудитинен өтүү боюнча жарандык авиация уюмдарына консультациялык жана билим берүү колдоолорун уюштуруу.
5. ИКАОнун документтеринде белгиленген сын-пикирлер элементтерин жана Агенттиктин учуу коопсуздугун камсыздоосун контролдоо системасын ишке ашыруу.
6. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын системасын ИКАОнун стандарттарына жана сунуштаган практикасына ылайыктуулугу боюнча текшерүү жүргүзүү үчүн Европа комиссиясынын эксперттерин чакыруу.
2-артыкчылык - Жарандык авиация органын мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү
1-милдет. Жарандык авиация уюмунун штаттык санынын түзүмүн өзгөртүү
Чаралар:
1. Эл аралык стандартка жана ИКАО сунуштаган практикага ылайык учуулардын коопсуздугун камсыздоо тармагындагы көзөмөлдүк функцияларды аткаруунун зарыл болгон деңгээлин кармоо максатында кошумча адам жана финансылык ресурстарды берүү жолу менен жарандык авиация органынын ишине колдоо көрсөтүүнү күчөтүү.
2. Учуулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн техникалык жана нускамалык материалдар менен жарандык авиациянын инспектордук курамын жана анын органынын персоналын материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу.
3. Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 12-беренесинин жоболорун ишке ашырууда ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу.
4. ИКАО сунуштаган практикага ылайык жарандык авиациянын штаттык санын көбөйтүү, башкаруунун жаңы уюштуруучулук структурасын иштеп чыгуу жана персоналдын эмгек акысын жогорулатуу.
2-милдет. Кыргыз Республикасынын авиациялык тармагынан инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу
Чаралар:
1. Авиациялык ташуулар рыногун жаңы багыттар боюнча паритеттик негизде либералдаштыруу. Ошол эле учурда "Ош" аэропортун пилоттук долбоор катары пайдалануу пландаштырылууда.
Кыргыз Республикасынын Кыймылдуу жабдуулар боюнча эл аралык кепилдиктер жөнүндө Кейптаун конвенциясына кирүүсү тууралуу мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу.
3-артыкчылык - Аба кемелерин техникалык тейлөөнүн заманбап борборун түзүү
1-милдет. "Манас" аэропортунда аба кемелерин тейлөөнүн заманбап техникалык борборун түзүү
Чаралар:
1. Техникалык борборду өнүктүрүүгө инвесторлорду тартуу.
2. Техникалык борборду эл аралык сертификациялоого көмөк көрсөтүү.
3. "Манас" жана "Ош" аэропортторунда чет өлкөлүк аба кемелеринин типтерин тейлөө үчүн техникалык тейлөөнүн линиялык станциясын түзүү.
4. Чет өлкөлүк аба кемелеринин типтерин тейлөө үчүн авиациялык-техникалык базаны түзүүнүн шарттарын инвесторлорго берүү (ангардын курулушу, заманбап жабдуулар менен жабдуу, персоналды даярдоо).
2-милдет: "Манас" эл аралык аэропортунда аба кемелерин техникалык тейлөө боюнча заманбап борбор түзүү.
4-артыкчылык - Жарандык авиацияны кадрдык камсыздоо системасын өркүндөтүү
1-милдет. Авиация колледжин өнүктүрүү
Чаралар:
1. Авиация колледжинин базасында заманбап авиациялык жогорку окуу жайын (институт) түзүү жана жогорку (бакалавр) билимдүү авиациялык адистерди, ошондой эле өзүнчө техникалык адистиктер боюнча кесиптик орто билимдүү (техник) адистерди да даярдоого өтүү.
2. Тармакты өнүктүрүү үчүн зарыл болгон авиациялык жана башка багыттагы адистиктерди өздөштүрүүгө өтүүдө учкучтар экипаждарын тепкичтик даярдоону ишке ашыруу үчүн окутуу-инструктордук курамды түзүү.
3. Авиациялык адистерди даярдоодо эл аралык окуу жайлары менен кызматташтык чөйрөсүн кеңейтүү.
4. Окуу борборлорун эл аралык сертификациялоо жол-жоболорунан өткөрүү.
5. Колледждин материалдык-техникалык базасын жаңылоо.
6. Эл аралык стандарттарга ылайык атайын сабактарды англис тилинде окутууга акырындап өтүү.
7. Авиациялык колледждин бүтүрүүчүлөрүн өтө жеңил жана жеңил аба кемелеринде учууга даярдоо үчүн өтө жеңил жана жеңил авиацияны эксплуатациялоочу "Ультролайт" республикалык ассоциациясы менен бирге учуу даярдыгын уюштурууга боло турган окутуу программасын интеграциялоо.
2-милдет. Кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү
Чаралар:
1. Жарандык авиация адистеринин мамлекеттик тилди өздөштүрүүсү үчүн шарттарды түзүү.
5-артыкчылык - Аба кыймылын тейлөө системасын өркүндөтүү
1-милдет. Аба кыймылын тейлөө системасын модернизациялоо.
Чаралар:
1. Аба кыймылын башкаруунун заманбап автоматташтырылган системасын, аэронавигациялык жабдууларды модернизациялоо жана киргизүү, эл аралык стандарттарга ылайык учууну жабдуулар жана метеорологиялык система менен камсыз кылуу.
2. Ар тараптуу аба трассасы боюнча өзүнчө жылдыргыч радиостанцияларды бир убакта кыскартуу менен азимуттук - алыстыктан өлчөгөн радиомаяктарды, аэронавигациялык жабдуулардын комплекстүү радионавигациялык системасын өнүктүрүү.
3. Жердеги кыймылды башкаруу каражаттарын жана учуу-конуу тилке жолун санкцияланбаган кирүүдөн коргоону киргизүү.
4. Байкоо системасын автоматтык байкоо-кабарлоо режимине чейин модернизациялоо жана аба кыймылын автоматташтырылган башкаруу системасын интеграциялоо.
5. Зоналык навигацияны пайдаланып аба кыймылын уюштурууга өтүү.
6. Аба кемелеринин кыймылын уюштурууну жана тейлөөнү жогорку аба мейкиндигиндеги бирдиктүү тейлөө борборунан жүргүзүүнү камсыз кылуу.
7. Келечектүү жер үстүндөгү жана спутник каражаттарына, байланыш, навигация жана байкоо системасына өтүү.
8. Эл аралык статус алган аэропортторду бул категорияга кошулган тиешелүү стандартта жабдуу.
9. Чектеш мамлекеттер менен аба кыймылын тейлөө каттамдарын оптималдаштыруу.
2-милдет. Эл аралык аэронавигациялык системаны интеграциялоо.
Чаралар:
1. Аэронавигациялык системаларды чектеш мамлекеттердин ушундай системалары менен үндөштүрүү жана айкалыштыруу боюнча ишти демилгелөө.
2. Кыргыз Республикасынын аэронавигациялык маалыматтарын эл аралык аэронавигациялык системага интеграциялоо жана менеджменттин жана сапаттын эл аралык системалары боюнча аэронавигациялык маалымат кызматын сертификациялоо.
6-артыкчылык - Кыргыз Республикасынын аэропортторунун инфраструктурасын өнүктүрүү
6.1.1. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациялык өнүктүрүүнүн орточо мөөнөттөгү милдеттери
1-милдет. "МЭА" ААКнын аэропортторунун инфраструктурасын өнүктүрүү.
Чаралар:
Аба кемелерин тейлөө үчүн перрондук механизация каражаттарын, аэродромдук, өрт техникасын жана авариялык-куткаруучу иштер үчүн жабдууларды сатып алуу жана модернизациялоо; мүмкүнчүлүгү чектелген авиажүргүнчүлөр үчүн амбулатордук автолифттерди сатып алуу, 'Манас" аэропортунда кошумча эки телескоптук траптарды сатып алуу жана орнотуу.
1. "Ош" аэропортунун жасалма учуу-конуу тилкесин (ЖУКТ) 400 м узартуу, 400 м узартылган ЖУКТга жарык-сигналдык жабдууларды коюу жана монтаждоо.
2. "МЭА" ААКнын аэропортторунда багажды, жүргүнчүлөрдү каттоо түркүгүн, паспорттук контролдоо кабиналарын, эскалаторлорду, лифттерди даярдоо системасынын жабдууларын сатып алуу жана модернизациялоо.
3. "МЭА" ААКнын аэропортторунда учуу-конуу тилке жолун узартуу, башкаруу жолун жана перронду реконструкциялоо.
4. Аба кемелерин, жүргүнчүлөрдү тейлөө жана "МЭА" ААК аэропортторунда авариялык-куткаруучу иштерди жүргүзүү үчүн перрондук механизация каражаттарын, аэродромдук жана өрт техникасын сатып алуу жана модернизациялоо, амбулатордук автолифттерди сатып алуу.
5. "Ош" аэропортун электр менен жабдууну реконструкциялоо жана перронду жарыктандыруу.
6. "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун (мындан ары - "Ысык-Көл" аэропорту) тышкы электр жабдуусун реконструкциялоо.
7. "Ысык-Көл" аэропортунда жарык жана үн берүүчү жабдууларды жана аба кемелеринин инструменталдык конуу системаларын орнотуу.
8. "Ысык-Көл" аэропортунун колдонуудагы аэробекеттик комплексин кеңейтүү.
9. "МЭА" ААКнын аэропортторунда жүк терминалдарын, май куюу комплекстерин куруу.
10. "МЭА" ААКнын аэропортторунда учуп кетүү, учуп келүү жана күтүү залдарын реконструкциялоо жана кеңейтүү иштерин жүргүзүү
11. Багажды, жүргүнчүлөрдү каттоо түркүгүн, паспорттук контролдоо кабиналарын, эскалаторлорду, лифттерди даярдоо системасынын жабдууларын сатып алуу жана модернизациялоо.
2-милдет. Логистикалык потенциалды өнүктүрүү жана "Манас", "Ош" аэропортторунун базасында транспорттук-логистикалык борборду түзүү
Чаралар:
1. Авиа күйүүчү-майлоочу материалдардын баасын төмөндөтүү максатында авиа күйүүчү майларды жаңы ташып жеткирүүчүлөрдү тартуу.
2. "МЭА" ААКнын аэропортторунун авиациялык эмес иштен түшкөн пайдасын өнүктүрүү жана көбөйтүү.
3. "МЭА" ААКнын долбоорлорун ишке ашырууда мамлекеттик-жеке кызматташуунун алкагында инвесторлорду тартуу.
4. Транзиттик каттамдарды ишке ашыруу үчүн жүргүнчү жана жүк ташуучу ири авиакомпанияларды тартуу, аларды "Манас" жана "Ош" аэропортторуна базалаштыруу.
5. Эл аралык аэропорттордо жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу.
Кыргыз Республикасында жарандык авиациясын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү милдеттери (2020-2030-жж.)
1-милдет. "Ош" жаңы аэропортун куруу.
Чаралар:
1. "Ош" жаңы аэропортун куруу долбоорун ишке ашырууга инвесторлорду тартуу.
2. Жаңы аэропортту курууга 500 га жер бөлүп берүү жөнүндө маселени чечүү.
3. "Ош" жаңы аэропортун куруунун долбоорлоо-иликтөө жумуштарын аткаруу жана долбоорун иштеп чыгуу.
2-милдет. "Манас" аэропортунун экинчи учуу-конуу тилкесин куруу
Чаралар:
1. Экинчи учуу-конуу тилкесин куруу үчүн каржылоо булактарын издөө жана аныктоо.
2. Колдонуудагы жасалма учуу-конуу тилкесинин түндүк тарабындагы экинчи учуу-конуу тилкесин жана башкаруу жолдорун курууга жер бөлүп берүү маселесин чечүү.
3. Экинчи учуу-конуу тилкесин жана башкаруу жолдорун куруу долбоорун иштеп чыгуу.
4. Экинчи учуу-конуу тилкесин жана башкаруу жолдорун куруу долбоорун ишке ашыруу.
7-артыкчылык - Кыргыз Республикасында өтө жеңил жана жеңил авиацияны өнүктүрүү
1-милдет. Кыргыз Республикасында өтө жеңил жана жеңил авиацияны өнүктүрүү
Чаралар:
1. Кыргыз Республикасынын Авиация эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
2. Өтө жеңил жана жеңил авиацияны эксплуатациялоочулардын "Ультролайт" республикалык ассоциациясынын базасында өтө жеңил жана жеңил аба кемелерин техникалык тейлөө жана сертификациялоо боюнча борборду түзүү.
8-артыкчылык - Учуулар географиясын кеңейтүү
1-милдет. Кыргыз Республикасынын аэропортторунда жүргүнчү агымынын санын көбөйтүү жана туризмди өнүктүрүү.
Чаралар:
1. Жаңы эл аралык жана ички каттамдарды, анын ичинде, "Ысык-Кел" аэропортунда да ачуу.
2. Жаңы аба каттамдарын ачып жаткан эксплуатациялоочулар үчүн аэропорттук жана аэронавигациялык кызматтар үчүн аны төлөөдө тиешелүү жеңилдиктерди берүү менен шарттарды түзүү.
3. Мамлекет тарабынан жеңилдетилген кредиттерди жана узак мөөнөттүү пайызсыз акча каражаттарды (ссуда, жеңилдетилген зайымдык финансылык каражаттар) Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларына аба кемелерин (анын ичинде вертолетторду) сатып алуу үчүн берүү.
4. Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларын өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу жана зарыл шарттарды түзүү.
5. Аба транспорту кызматтарын пайдаланган туристтерди Кыргыз Республикасына тартуу.
6. Туристтер үчүн Кыргыз Республикасына келүүдө уруксат берүүчү документтерди алууда тиешелүү жол-жоболорду жеңилдетүү жолу менен аларга зарыл шарттарды түзүү.
IV. Кооптуулуктарды жана тобокелдиктерди баалоо
Программаны ишке ашыруудагы пландаштырылган натыйжаларга жетүүдө төмөнкүдөй кооптуулуктар жана тобокелдиктер коштолушу мүмкүн. Мындай тобокелдиктерге төмөнкүлөрдү киргизсе болот:
- экономиканын өсүү темпинин жана инвестициялык активдүүлүк деңгээлинин төмөндөшү, банк системасынын кризиси, бюджеттик дефициттин жана инфляциянын пайда болушу сыяктууларга байланыштуу макроэкономикалык тобокелдиктерди;
- жарандык авиация авиациялык күйүүчү майга, аба кемелерине, анын запастык бөлүктөрүнө, комплектөө буюмдарына, ошондой эле аба кыймылын техникалык тейлөө боюнча кызматтардын наркына болгон дүйнөлүк баалардын деңгээлине көз карандылыкты.
Баалардын жагымсыз өзгөрүшү транспорттук чыгашалардын жогорулашына алып келиши мүмкүн, бул аба жүк ташуулардын өнүгүшүн төмөндөтүүгө түрткү берет.
Геосаясий тобокелдиктер
Кыргыз Республикасынын эл аралык авиациялык транспорттук системасына ийгиликтүү интеграцияланышы көпчүлүк учурда өлкөдөгү жана коңшу региондордогу саясий абалдын туруктуулугуна байланыштуу. Эл аралык абалдын туруксуздугу аба транспорту менен ташуулардын географиясын кеңейтүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга терс таасирин тийгизет.
Техногендик жана экологиялык тобокелдиктер
Аба транспортундагы ар кандай ири кырсык (техникалык каражаттардын физикалык жана моралдык эскиришинин жогорку деңгээлинин, адамдык фактордун кесепетинен, ж.б.у.с.), табигый (сел, жер титирөө, көчкү ж.б.у.с.) же социалдык мүнөздөгү (транспорт кызматына укуксуз кийлигишүү, террорчулук, инфраструктурага тиешелүү мүлккө зыян келтирүү же уурдоо ж.б.у.с.) кырсыктар кошумча капитал сарптоону талап кылып, ал Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
V. Ресурстарды баалоо
Программаны ишке ашырууну каржылоо авиа ташуулар рыногун андан ары өнүктүрүүнү, аба кемелеринин паркын жаңыртуу жана модернизациялоону, аба кемелерин, Кыргыз Республикасынын аэропортторун техникалык тейлөөнү өркүндөтүүнү, андан ары өнүктүрүүнү, ошондой эле аба транспорту менен ташууларды өнүктүрүүнү, жагымдуу экономикалык шарттарды түзүүнү, анын ичинде ийкемдүү ченемдик, техникалык жана фискалдык саясатты жүргүзүүнү жана жарандык авиациянын субъекттерин өнүктүрүү боюнча жеке демилгени ишке ашырууда мамлекеттин жардамын эске алуу менен жүргүзүлөт.
Сунушталган чаралардын негизги пакети авиациялык жүк ташуулар рыногунун катышуучуларынын каражатынын эсебинен ишке ашырылат. Программаны ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча чыгымдарды алып келбейт.
VI. Программаны ишке ашырууну башкаруу
Ишке ашыруунун механизмдери тармактын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу жана мамлекеттик органдын жобосунун алкагында милдеттерди туруктуу аткаруу менен пландалган натыйжаларга жетүү боюнча мамлекет ишке ашыруучу чаралардын комплексин аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Программанын координатору катары төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
Программаны ишке ашыруунун иш-чараларын пландаштырууну, анын ичинде айрым иш-чаралардын Программанын талаптарына жана мазмунуна ылайыктуулугун, алардын макулдашылган аткарылышынын ылайыктуулугун камсыздоону, сунушталган программалык иш-чаралардын тизмесин анализдөөнү, Программаны ишке ашыруунун планын аткаруу боюнча белгиленген тартипте отчёт түзүүнү жана берүүнү;
- жарандык авиация тармагы боюнча башка программалар менен байланышта аткарылган Программанын иш-чараларын, анын ичинде ири түйүндүү аэропорттор катары "Манас" жана "Ош" аэропортторун өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жалпы координациялоону;
- Программанын иш-чараларын ишке ашыруунун жана берилген маалыматты анализдөөнүн негизинде бөлүнгөн каражаттын сарпталышынын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү, Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө доклад даярдоо жана аларды белгиленген тартипте мамлекеттик тиешелүү органдарга, анын ичинде, социалдык өнөктөштөрдү жана көз карандысыз баалоочуларды тартуу менен сунуштоону;
Программанын иш-чараларын же айрым бөлүмчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги параметрлерине жана артыкчылыктарына ылайык түзөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүүнү;
- Министрликтин жана Агенттиктин расмий сайттарына программаны ишке ашыруунун жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу;
- Программанын иш-чараларын ишке ашыруу боюнча аткарылган жумуштардын натыйжаларынын анализин жана жалпылоону, Өкмөткө маалымат даярдоону жана берүүнү;
Программаны ишке ашырууну башкаруунун учурдагы органы болуп Агенттик эсептелет, ал эми Министрлик Программанын жалпы программалык иш-чаралары боюнча координаторунун кызматын аткарат.
Программаны ишке ашыруунун натыйжалары, көлөмдүү көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, Программаны аткарууга сарпталган финансы ресурстарынын көлөмдөрү, ошондой эле Программаны ишке ашыруу иш-чараларынын мониторингинин натыйжалары жөнүндө негизги маалыматтар жылына 1 жолудан кем эмес массалык маалымат каражаттарына жарыяланат.
Программаны ишке ашыруу эл аралык уюмдар, бизнес секторлор жана кесиптик ассоциациялар өнөктөштөр менен бирге жүргүзүлөт.
VII. Ресурстук камсыздоо
Программаны ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен финансылык каражаттарды максаттуу бөлүп берүүнү караштырбайт. Жарандык авиациянын субъекттери өз каражаттарын, донордук жана өнөктөштөрдүн ресурстарын тартышат. Ошондой эле эл аралык уюмдардан консультациялык, техникалык жана башка жардам түрүндө колдоо көрсөтүлөрү күтүлөт.
VIII. Программаны ишке ашыруунун мониторинги жана баасы
Программаны жана Иш-чаралар планын аткаруунун такай мониторинги жана баалоо аларды ишке ашырууда прогресске баалоо жүргүзүүнүн майнаптуу куралына айланып, өз убагында чечимдерди кабыл алууга оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Индикаторлордун макулдашылган системасын ушул Программанын чегиндеги 2016-2020-жылдарда белгиленген артыкчылыктарды ишке ашыруудагы прогресстин мониторингинин, орто аралык жана акыркы баалоонун ажыратылгыс курамы болуп калат. Мониторингдин жана баалоонун индикаторлору сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөргө ээ болот.
Ишке ашыруунун мониторинги жана баалоо Министрлик тарабынан уюштурулат жана түрдүү ыкмалар менен, анын ичинде мамлекеттик социалдык заказ аркылуу да жүргүзүлөт. Программаны ишке ашыруунун мониторингинин маалыматтык базасы болуп статистикалык байкоо маалыматтары, мамлекеттик органдардын жана алардын бөлүмдөрүнүн, ушул Программанын иш-чараларын ишке ашыруунун катышуучуларынын маалыматтары, ошондой эле көз карандысыз сурамжылоолордун натыйжалары эсептелет.