Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-марты № 130
Жѳнгѳ салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн) ар бир тγрγ жана жалпысынан башка иштер боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди ѳзγнчѳ эсепке алуунун тартибин бекитγγ жѳнγндѳ
Табигый монополиянын субъекттеринин товарларына (жумуштарга, кызмат кѳрсѳтγγлѳргѳ) экономикалык жактан негизделген тарифтерди белгилѳѳ максатында, "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жѳнгѳ салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн) ар бир тγрγ жана жалпысынан башка иштер боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди ѳзγнчѳ эсепке алуунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 12-февралында кγчγнѳ кирет.
Премьер-министри | Т.А. Сариев
|
Тиркеме
1. Жѳнгѳ салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн) ар бир тγрγ жана жалпысынан башка иштер боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди ѳзγнчѳ эсепке алуунун тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык иштелип чыкты жана жѳнгѳ салынуучу кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн тγрлѳрγ боюнча жана жалпысынан Кыргыз Республикасынын аймагында ѳз ишин жγзѳгѳ ашыруучу табигый монополиялардын субъекттери менен болгон иштер боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди ѳзγнчѳ эсепке алуунун тартибин аныктайт.
2. Жѳнгѳ салынуучу кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн тγрлѳрγ жана жалпысынан башка иштер боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди ѳзγнчѳ эсепке алуу кѳрсѳтγлγγчγ кызматтардын ар бир тγрγ боюнча кирешелер, чыгымдар жана тартылган активдер жѳнγндѳ маалыматтарды топтоонун жана жалпылоонун системасын билдирет.
3. Жѳнгѳ салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн) ар бир тγрγ жана жалпысынан башка иштер боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди ѳзγнчѳ эсепке алуунун негизги принциптери тѳмѳнкγлѳр:
1) баштапкы документтердеги маалыматтардын негизинде кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн тиешелγγ тγрлѳрγнѳ карата кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди тγздѳн-тγз киргизγγнγн (тγздѳн-тγз киргизγγ мγмкγнчγлγгγ болсо) артыкчылыктары;
2) кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн тиешелγγ тγрлѳрγ боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди себептик-натыйжалык байланыштын негизинде кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди алар менен байланышы болгон кызмат кѳрсѳтγγлѳргѳ бѳлγштγрγγ;
3) жѳнгѳ салынуучу кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн тиешелγγ тγрлѳрγнѳ кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди киргизγγдѳгγ жана бѳлγштγрγγдѳгγ ачык-айкындык.
4. Ѳзγнчѳ эсеп жγргγзγγ максатында ушул Тартипте колдонулуучу негизги тγшγнγктѳр:
1) бѳлγштγрγγ базасы - кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн тγрлѳрγ боюнча чыгымдарды жана активдердин тартылгандыгынын даражасын бѳлγштγрγγ γчγн пайдаланылуучу сандык кѳрсѳткγч (кѳрсѳткγчтѳр);
2) башка иштер - табигый монополиялардын субъекттеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кѳрсѳтγγлγчγ кызматтары, жѳнгѳ салынуучу кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγ кошпогондо;
3) тартылган активдер - негизги каражатгарды жана материалдык эмес активдерди ѳз ичине камтуучу, кызматтарды (жумуштарды) кѳрсѳтγγ же товар ѳндγрγγ γчγн пайдаланылуучу субъекттин активдери;
4) кызмат кѳрсѳтγγнун тγрлѳрγ боюнча кыйыр тартылган активдер - бир эле убакта бир нече кызмат кѳрсѳтγγлер (кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн тобу) менен себептик-натыйжалык байланышы бар тартылган активдер, ошондуктан алардын белгилγγ бир кызмат кѳрсѳтγγгѳ тикелей жана бир жактуу тиешеси жок болушу мγмкγн, бирок айрым кызматтарды кѳрсѳтγγдѳгγ алардын таасиринин даражасы ушул себептик- натыйжалык байланышты чагылдыруучу бѳлγштγрγγ базасынын негизинде аныкталышы мγмкγн;
5) кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн тγрлѳрγ боюнча кыйыр чыгымдар – бир эле учурда бир нече кызмат кѳрсѳтγγлер (кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн тобу) менен себептик-натыйжалык байланышы бар чыгымдар, алардын белгилγγ бир кызмат кѳрсѳтγγгѳ тикелей жана бир жактуу тиешеси жок болушу мγмкγн, бирок чыгымдардын пайда болуу себебин чагылдыруучу бѳлγштγрγγ базасынын негизинде кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн тγрлѳрγ боюнча бѳлγштγрγлγшγ мγмкγн;
6) бѳлγштγрγγ коэффициента - кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн ортосундагы чыгымдарды жана активдерди бѳлγштγрγγ γчγн бѳлγштγрγγ базасын колдонуунун натыйжасында алынган кыйыр, биргелешкен же жалпы чыгымдардын же активдердин γлγшγ;
7) жалпы активдер - кызматтын бардык тγрлѳрγн кѳрсѳтγγ менен байланышкан, бирок бул кызмат кѳрсѳтγγлер менен кандайдыр бир белгилγγ себептик-натыйжалык байланышка ээ болбогон активдер, ошондуктан кызмат кѳрсѳтγγдѳгγ алардын таасиринин денгээли ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган бѳлγштγрγγ базаларынын негизинде аныкталышы мγмкγн;
8) жалпы чыгымдар - кызматтын бардык тγрγн кѳрсѳтγγ менен байланышкан, бирок бул кызмат кѳрсѳтγγлер менен кандайдыр бир белгилγγ себептик-натыйжалык байланышка ээ болбогон чыгымдар, ошондуктан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган бѳлγштγрγγ базаларынын негизинде бѳлγштγрγлѳт;
9) кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн тγрлѳрγ боюнча тикелей тартылган активдер - белгилγγ бир кызмат кѳрсѳтγγ менен тузден-туз себептик-натыйжалык байланышы бар тартылган активдер, алар белгилγγ бир кызмат кѳрсѳтγγнун тγрγнѳ тикелей жана бир беткей таандык болушу мγмкγн;
10) кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн тγрлѳрγ боюнча тикелей чыгымдар -белгилγγ бир кызмат кѳрсѳтγγ менен тикелей себептик-натыйжалык байланышы бар чыгымдар, алар белгилγγ бир кызмат кѳрсѳтγγгѳ тγздѳн-тγз жана бир беткей таандык болушу мγмкγн;
11) себептик-натыйжалык байланыштын негизинде бѳлγштγрγγ -кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди жѳнгѳ салынуучу кызмат кѳрсѳтγγнун тγрγ боюнча кирешелердин чыгымдардын жана тартылган активдердин кызмат кѳрсѳтγγнун тγрγнѳ карай байланышынын пайда болуу себептерин алдын ала изилдѳѳнγн негизинде бѳлγштγрγγ;
12) жѳнгѳ салынуучу кызмат кѳрсѳтγγлѳр – Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына ылайык баалары жѳнгѳ салынуучу табигый монополиялардын субъекттеринин кызмат кѳрсѳтγγлѳрγ;
13) биргелешип тартылган активдер - бир нече кызмат кѳрсѳтγγ (кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн тобу) γчγн пайдаланыла турган тартылган активдер, бирок бул кызмат кѳрсѳтγγлер менен белгилγγ бир себептик-натыйжалык байланышы болбогону менен кызмат кѳрсѳтγγдѳгγ алардын тартылгандыгынын денгзэли ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган бѳлγштγрγγ базасынын негизинде аныкталат;
14) биргелешкен чыгымдар - бир нече кызмат кѳрсѳтγγ (кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн тобу) γчγн пайдаланыла турган тартылган активдер, бирок бул кызмат кѳрсѳтγγлер менен белгилγγ бир себептик-натыйжалык байланышы жок, ошондуктан ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган бѳлγштγрγγ базасынын негизинде аныкталат.
5. Кызмат кѳрсѳтγγдѳн тγшѳ турган кирешелер баштапкы документтердин жана бухгалтердик эсептеги маалыматтардын негизинде жѳнгѳ салынуучу жана жѳнгѳ салынбаган кызмат кѳрсѳтγγнун тγрлѳрγ боюнча ѳзγнчѳ эсептелет:
1) иштин жѳнгѳ салынуучу тγрлѳрγ боюнча - кѳрсѳтγлгѳн кызматтардын иш жγзγндѳгγ келемуне ылайык;
2) иштин жѳнгѳ салынбаган тγрлѳрγ боюнча - кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγн кѳлѳмγнѳ негизденип.
6. Кѳрсѳтγγ кызматгардын тγрлѳрγ боюнча тартылган активдердин ѳзγнчѳ эсебин алуу максатында негизги каражаттардын бардык тизмегинен тѳмѳнкγлѳр бѳлγп каралат:
1) тикелей тартылган активдер;
2) кыйыр тартылган активдер;
3) биргелешип тартылган активдер;
4) жалпы активдер.
7. Тикелей тартылган активдер тγздѳн-тγз белгилγγ бир кызмат кѳрсѳтγγгѳ тиешелγγ.
Кыйыр тартылган, биргелешип тартылган жана жалпы активдер бѳлγштγрγγ базасын колдонуу менен жана алардын негизинде бѳлγштγрγγ коэффициентине эсептелген кызмат кѳрсѳтγγлѳргѳ тиешелγγ.
8. Табигый монополиялардын субъекттеринин негизги каражаттары чыгымдардын ѳзγнчѳ эсебин алуу максатында технологиялык белгилери боюнча топко бѳлγштγрγлѳт.
9. Кызмат кѳрсѳтγγнγн женге салынуучу тγрγн кѳрсѳтγγ менен байланышкан чыгымдар табигый монополиялардын субъекттерин эсепке алуу саясатына ылайык аныкталат. Мында бааларды (тарифтерди) тγзγγдѳ чыгымдар Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ тарабынан бекитилген, мамлекет жѳнгѳ салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат кѳрсѳтγγлѳрγнѳ) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жѳнγндѳ жобонун талаптарын эске алуу менен эсептелет.
10. Ѳзγнчѳ эсепке алууну жγргγзγγдѳ табигый монополиялардын субъекттери чыгымдарды экономикалык злементтер боюнча топко бѳлγштγрѳт:
-эмгек акыга кеткен чыгымдар;
-социалдык камсыздандырууга чегерγγлѳр;
-материалдык чыгымдар;
-амортизация;
-кыйыр чыгымдар.
11. Кирешелерди жана чыгымдарды ѳзγнчѳ эсепке алуунун жыйынтыгы боюнча отчеттор табигый монополиялардын субъекттеринин бухгалтердик жана статистикалык маалыматтарына шайкеш келγγсγ керек.