Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 141
"Белград шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Белград шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Белград шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене.
Белград шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө серб тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-мартындагы № 141 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 176-б буйругу менен жактырылган.
Аталган Макулдашууга 2015-жылдын 2-декабрында Белград шаарында кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу анык дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн 90 (токсон) күнгө чейин экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирүү (чыгуу, транзит жана болуу) үчүн виза алуу талаптарынан бошотууну карайт.
Аталган Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасынын жана Сербия Республикасынын жарандарынын - дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлеринин өз ара барып-келүүлөрүн жеңилдетет, эки өлкөнүн ортосунда саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтет.
Макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджеттен каржылоону талап кылбайт, финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
2015-жылдын 2-декабрында Белград шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо тууралуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн бул Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Б.Абдылдаев, ал эми Сербия Республикасынын Өкмөтү үчүн Биринчи вице-премьер-министри, Тышкы иштер министри Ивица Дачич кол койгон.
Бул Макулдашуу анык дипломатиялык же кызматтык паспорт ээлери үчүн башка Тараптын мамлекетинин аймагына кирүү, чыгуу, өтүү жана болуу үчүн токсон (90) күнгө чейинки мезгилге виза алуу талаптарынан бошотууну караштырат.
Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамынын 5-1-беренесинин үчүнчү абзацына ылайык мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан киргизилген визасыз режим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган ушул эл аралык келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
Муну менен катар акыркы убакта аки тараптуу кыргыз-серб мамилелеринин деңгээли өскөнүн белгилей кетүү керек. Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жанданганы байкалууда.
Ушуга байланыштуу Сербия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын паспортторунун белгилүү категориялары үчүн визасыз режим киргизүү зарылчылыгы келип чыкты.
Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасынын жана Сербия Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспортторго ээ болгон жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетет жана эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу келишим-укуктук базаны кеңейтет, ал саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди андан ары өнүктүрүүнү шарттайт.
Ошондой эле белгиленген долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбей турганын билдиребиз. Мындан тышкары, колдонуудагы улуттук жана эл аралык мыйзамдарга жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары боюнча сунушталган мыйзам долбоорунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгы аныкталды.
Кошумча катары бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай турганын белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри |
| Э.Абдылдаев |