Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-марты № 153
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставында:
9-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
11-пунктунда:
- төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"- транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоо номердик белгилерин даярдоо;";
- он алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- алдыңкы маалыматтык технологияларды ишке киргизүү боюнча инновациялык иштерге катышуу;";
- жыйырма сегизинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы Кызматтын төрагасы тарабынан бекитилет.";
33-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине" деген сөздөр "мамлекеттик мүлкүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |