Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 токтому менен бекитилген |
| |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-мартындагы № 123, 2016-жылдын 28-мартындагы № 153, 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 199,2017-жылдын 2-ноябрындагы № 727, 2020-жылдын 28-августундагы № 453, 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 503 токтомдорунун редакциясына ылайык) I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) "Маалыматташтыруу жөнүндө" жана "Электрондук сандык кол тамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-мартындагы № 54 Жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар" улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында түзүлгөн. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (мындан ары - Кызмат) ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле бул Уставды жетекчиликке алат. 2. Ишкананын уюмдаштыруучу документи болуп Устав саналат. 3. Ишкананын уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат. 4. Ишкананын толук аталышы: мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы"; расмий тилде: "Государственное предприятие "Инфоком" при Государственной регистрационной службе при Правительстве Кыргызской Республики". 5. Ишкана өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында жана чет өлкөлүк банктарда алыш-бериш эсептерди жана башка эсептерди, анын ичинен валюталык эсептерди ачууга укуктуу. 6. Ишкана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөргө, бурч мөөргө, бланкага жана башка атрибуттарга ээ. 7. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча чарба субъекти болуп саналат. Ишкана оперативдүү башкаруу укугунда өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана бул Уставга ылайык жүргүзөт. 8. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн өзү каржылоо принцибинде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана жеке укуктарга ээ болууга жана жооптуу болууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу. 9. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, 2. 9-1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 153 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
II. Ишкананын милдеттери жана функциялары 10. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - мамлекеттик маалыматтык системалардын өз ара иштешин түзүү жана уюштуруу, Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык инфраструктурасын өнүктүрүүгө катышуу, мамлекеттик маалыматтык ресурстарды интеграциялоо, жалпы пайдалануудагы маалыматтык базаны түзүү; - бекитилген технологияга ылайык мамлекеттик маанидеги документтерди өз убагында жана сапаттуу тариздөө жана уюштуруу. 11. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат: - (2-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 199 токтомуна ылайык күчүн жоготту) - полиграфиялык кызматтарды көрсөтүү; - үлгүлөрдү долбоорлоону уюштуруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жекелештирилген, бирдейлештирилген жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди түзүү, жекелештирүү жана даярдоону уюштуруу; - мамлекеттик технологиялар жаатындагы консалтинг; - ири көлөмдөгү маалыматтарды сактоо жана иштеп чыгуу үчүн долбоорлоо жана ишке ашыруу; - электрондук сандык кол тамганы пайдалануу менен программалык-аппараттык чечимдерди ишке киргизүү; - маалыматтык системалар интеграциялоо маселелерин чечүү; - чекиттик сканерлөө жана документтерди киргизүү, электрондук архивдерди түзүү; - маалыматтык жана компьютердик системаларды, тармактарды жана технологияларды техникалык колдоо; - транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоо номердик белгилерин даярдоо; - маалыматтык технологиялар тармагына окутууну уюштуруу; - маалыматтык системаларды жана технологияларды, ошондой эле аларга программалык жана аппараттык каражаттарды изилдөөнү, сыноону, экспертизадан өткөрүүнү, талдоону жана баалоону уюштуруу жана өткөрүү; - адистештирилген так отчеттуулук бланкаларын сактоо жана жеткирүү; - пластикалык дисконттук, жеке карточкаларды жана маалыматтык карталарды (SМАRТ) даярдоо; - автоунаа каражаттары үчүн цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо номерлерин, ошондой эле ысымдуу номердик белгилерди сатуу; - мөөрлөрдү даярдоо; - алдыңкы маалыматтык технологияларды ишке киргизүү боюнча инновациялык иштерге катышуу; - мамлекеттик маалымат системаларын дүйнөлүк маалыматтык системаларга жана маалыматтык ресурстарга киргизүү максатында алардын өз ара иштешин камсыздоо боюнча иштерди аткаруу; - программалык-аппараттык каражаттарды системалык-техникалык тейлөөнү камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык инфраструктурасына кирген мамлекеттик маалыматтык системаларды коштоо; - мамлекеттик маалыматтык ресурстар менен маалыматтык системаларды түзүү, өнүктүрүү жана коштоону уюштуруу-техникалык колдоону ишке ашыруу; - мамлекеттик маалыматтык системалар менен маалыматтык ресурстардын өз ара аракет системасын түзүүнү уюштуруу жана техникалык колдоо; - түрдүү мамлекеттик маалыматтык ресурстарды жана маалыматтык системаларды жүргүзүүнү техникалык камсыздоо боюнча иштерди аткаруу; - Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык инфраструктурасына кирген маалыматтык долбоорлорду техникалык анализдөөнү жүргүзүү; - белгиленген тартипте калкка жана мамлекеттик бийлик органдарына өзүнүн компетенциясынын чегиндеги кызматтарды көрсөтүү; - мамлекеттик органдардын маалыматташтыруу чөйрөсүндө иштерди жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мамлекеттик маалыматтык системалардын жана маалыматтык ресурстардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү; - соода-сатып алуу жана өндүрүштүк иштерди жүргүзүү; - Ишкананын иш чөйрөсүндө конгресстерди, конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү; - күбөлөндүрүүчү борборлордун ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан берилген кол тамга ачкычынын сертификаттарындагы алардын электрондук сандык кол тамгасынын аныктыгын тастыктоо; - (28-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 153 токтомуна ылайык күчүн жоготту) - мамлекеттик маалыматтык ресурстарды жана системаларды каттоо; - күбөлөндүрүү борборунун базасында жеке жана юридикалык жактардын кол тамга ачкычтарынын берилген сертификаттарынын реестрин жүргүзүү; - күбөлөндүрүү борборунун базасында электрондук санариптик кол тамга ачык ачкычына сертификаттарды жеке жана юридикалык жактарга берүү; - белгиленген иш чөйрөсүндөгү илимий-техникалык жана инвестициялык программалардын жана долбоорлордун мамлекеттик заказчысынын функцияларын ишке ашыруу; - чарба келишимдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди жүргүзүү. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 153, 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 199, 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 727, 2020-жылдын 28-августундагы № 453 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 12. 10 жана 11-пункттарда көрсөтүлгөн милдеттер менен функцияларды ишке ашыруу Ишкананын ишин түзөт, алар мамлекеттик менчикте турган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда Ишканага таандык болгон мүлктү пайдалануу менен ишке ашат. III. Ишкананын укуктары жана милдеттери
13. Ишкана бул Устав менен аныкталган өзүнүн милдеттерин ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардын материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинен негизги каражаттарды акчалай жана акчалай эмес эсепте сатып алууга; - өзүнө оперативдүү башкаруу укугунда таандык болгон мүлктү менчик ээсинин макулдугу менен күрөөгө берүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте башка юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү, анын ичинен акчалай эмес, жүргүзүүгө; - жеке өзүнө тиешелүү мүлккө ээ болууга; - өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды, милдеттерди алууга жана жооптуу болууга, соттордо доочу жана жооп берүүчү болууга; - уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жактар менен, ошондой эле жеке адамдар менен өз алдынча келишимдерди түзүүгө; - Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн келишимдик негизде адистерди белгиленген тартипте тартууга; - Ишкананын кызматкерлерин кызматтык иш сапарларга, анын ичинен чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тышкы экономикалык иш жүргүзүүгө; - эмгек келишимдердин, мөөнөттүү эмгек келишимдердин, подряддык келишимдердин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишкананын иштерин аткаруу үчүн белгиленген тартипте жарандарды тартууга; - коомдук жетүү борборлорун, технопарктарды, бизнес-инкубаторлорду, контакт-борборлорду жана колл-борборлорду түзүүгө; - Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары уставдык милдеттерге ылайык өндүрүштүк иш жүргүзүү үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү, ошондой эле чарбалык түзүмдөрдү белгиленген тартипте түзүүгө; - оперативдүү башкаруу укугунда өзүнө берилген мүлктүн сакталышы боюнча зарыл чараларды көрүүгө; - жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайым келишимдерин түзүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен алдын ала макулдашуу боюнча зайым каражаттарын тартууга; - жарнамачы болууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык менчик ээсинин макулдугу менен оперативдүү башкаруу укугунда өзүнө таандык болгон жабдууларды, транспорттук каражаттарды, инвентарларды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга берүүгө, ижарага берүүгө, акысыз убактылуу пайдаланууга берүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 503 токтомунун редакциясына ылайык) 14. Ишкана бул Уставда каралбаган башка укуктарга жана милдеттерге ээ боло алат, эгер алар Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Ишкананын Уставына каршы келбесе. 15. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө тартиби жана эс алуусу, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат. 16. Ишкана кызматкерлердин жыл сайын акы төлөнүүчү эмгек өргүүлөрүнүн узактыгын өз алдынча аныктайт. Муну менен катар эле алардын узактыгы мамлекеттик ишканалардын жумушчуларынын жана кызматкерлеринин тийиштүү категориялары үчүн белгиленген ченемден аз болбойт. Ишкана өзүнүн кызматкерлери үчүн кошумча өргүү, кыскартылган жумуш күнүн жана башка социалдык жеңилдиктерди белгилей алат. 17. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ижарага берүүчү жана ижарага алуучу боло алат. 18. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү: - бардык иштегендер үчүн коопсуздук эмгек шартын камсыздоого жана алардын ден-соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыянга белгиленген тартипте жооп берүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өзүнүн милдеттерин аткарууга; - Ишкананын финансылык абалына карабастан түзүлгөн келишимдерге жана контракттарга ылайык Ишкананын бардык кызматкерлери менен толук эсептешүүгө; - Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого; - Ишкананын отчетторун салык органдарына өз убагында берүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды төлөөгө. 19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголгон сырларды, анын ичинен Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген мезгилдин ичинде Ишканада иштебей калгандан кийин да сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, кадыр-баркына тийиштүү маалыматтарды жашырууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, алардан мындай маалыматтарды талап кылбоого милдеттүү.
IV. Ишкананы башкаруу
20. Ишкананы анын директору башкарат. 21. Директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Директор Кызмат менен макулдашуу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 503 токтомунун редакциясына ылайык) 22. Ишкананын директору ишеним катсыз Ишкананын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним кат берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, каражаттарды тескөөгө укуктуу, белгиленген тартипте буйруктарды чыгарат жана Ишкананын бардык кызматкерлерине милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет, белгиленген тартипте Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот, эмгекке дем берүү маселелерин чечет. 23. Ишкананын директору жүктөлгөн функционалдык милдеттердин талаптагыдай аткарылышына жеке жооп берет. 24. Ишканада директордун үч орун басарынын, атап айтканда жалпы маселелер боюнча, административдик маселелер боюнча жана техникалык маселелер боюнча кызмат орундары каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-мартындагы № 123, 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 727, 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 503 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 25. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тартат жана укуктарга ээ болот. 26. Ишкана менен макулдашылгандан кийин Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы жыл сайын Кызматтын төрагасы тарабынан бекитилет. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 503 токтомунун редакциясына ылайык) 27. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен болгон чарбалык ишкердиктин бардык чөйрөсүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт. 28. Ишкана өндүрүштүн жаратылыш чөйрөсүнө тийгизген терс таасирин азайтууга багытталган жаратылышты коргоо иш-чараларын өз убагында жүргүзүүгө милдеттүү.
V. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
29. Ишкана өз ишин Кызмат менен макулдашылган жылдык иш пландын жана кирешелердин жана чыгашалардын бюджетинин негизинде, ошондой эле Кызматтын стратегиясынын алкагында Кызмат тарабынан бекитилген 3 же андан ашык жылга узак мөөнөттүү иш пландын негизинде жүзөгө ашырат. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 503 токтомунун редакциясына ылайык) 30. Ишкананын иш пландарынын негизин жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен Ишкананын мамилелерин жөнгө салган узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт. 31. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин башка каалагандай шарттарын аныктоодо эркиндикке ээ. 32. Ишкана өзүнүн ишинин жыйынтыктарын бухгалтердик эсептөөнү ишке ашырат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт. 33. Ишкана тескөөчү мамлекеттик органдарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине бюджеттин аткарылышы жана финансы-чарбалык иштердин натыйжалары жөнүндө квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин отчет берет. 331. Ишкананын директору жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кызмат менен макулдашылган мамлекеттик ишкананын алдыдагы жылга карата бюджетинин долбоорун, ошондой эле финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүүгө киргизет. Ишкананын бюджетинин болжолдуу долбоору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен 31-декабрга чейин макулдашылат. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 503 токтомунун редакциясына ылайык) 34. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык алуу жана экономикалык маалыматтарды жалпы мамлекеттик жыйноо жана иштетүү системасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет. 35. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматтарды берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалыматтарды бергендиги же аларды бурмалагандыгы, ошондой эле отчеттуулукту бузгандыгы үчүн Ишкананын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат. 36. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын тийиштүү контролдоочу мамлекеттик органдары тарабынан жүргүзүлөт.
VI. Ишкананын мүлкү жана финансы
37. Ишкана мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкаруу укугуна негизделген жана ага бекитилип берилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес. 38. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп мамлекеттик менчик болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү оперативдүү башкаруу укугу саналат. 39. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында жазылган башка материалдык баалуулуктар түзөт. 391. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоону жүргүзөт жана инвентаризациялоонун жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте жана мөөнөттөрдө берет. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 503 токтомунун редакциясына ылайык) 40. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат: - чарбалык иштердин жыйынтыгында алынган кирешелер; - гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун насыялары; - юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте менчик мүлктү пайдалануудан алынган киреше. 41. Ишкана тарабынан алынган кирешелер, ошондой эле жеке каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлк анын менчик укугунда таандык болот, анын ичинен: - жабдуулар, куралдар, уюштуруу техникасынын бардык түрлөрү, приборлор, аппараттар, ошондой эле негизги фонддор жана жүгүртмө каражаттар; - интеллектуалдык, илимий-техникалык жана башка продукция; - чет өлкөлүк валютадагы акчалар, баалуу кагаздардын бардык түрлөрү; - жеке каражаттардын эсебинен сатып алынган башка мүлк. 42. Ишкана жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине ал тарабынан бекитилген таза кирешенин бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин которот, андан кийин отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберет. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 503 токтомунун редакциясына ылайык)
VII. Ишкананы кайра түзүү жана жоюу
43. Ишкананы кайра түзүү (кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. 44. Ишкананын ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча ишке ашырылышы мүмкүн. 45. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат. |
| ||