Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-марты № 154
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Т.Туманов жана Г.А.Скрипкина тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 154 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Т.Туманов жана Г.А.Скрипкина тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келет.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 8-бөлүгү менен "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 20-1-берене менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык сот бийлигинин органдарына өздөрүнүн расмий сайттарына белгиленген маалыматты жайгаштыруу милдетин жүктөө каралууда.
Ушуну менен бирге 20-1-берененин 2-бөлүгүндө соттун расмий сайтына, ал эми сайт жок болсо - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун расмий сайтына сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча судьялардын ишине ар кандай кийлигишүүлөр боюнча маалыматты жайгаштыруу сунушталууда.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында "сот бийлигинин органдары" деген терминге так түшүндүрмө берилбегендигин, натыйжада аталган терминди "сот" деген термин менен окшоштурууга алып келиши мүмкүн экендигин эске алууну сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунун 7-бөлүгү менен "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө түзөтүүлөрдү киргизүү шартталган, ага ылайык сот бийлигинин органдарын мамлекеттик органдын иши жөнүндө белгиленген типтүү маалыматты жыл сайын жарыялоого милдеттүү болгон мамлекеттик органдардын арасынан чыгарып салуу каралган.
Ушуну менен бирге Мыйзам долбоорунун 8-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын аталган Мыйзамын сот бийлигинин органдары тарабынан өздөрүнүн расмий сайттарына маалымат жайгаштыруунун кандайдыр бир өзгөчөлүгүн белгилөөчү жаңы берене (20-1) менен толуктоо каралган.
Ушуга байланыштуу 20-1-беренеде белгиленген жарыялоого жаткан маалыматтардын тизмеси биздин пикир боюнча сот бийлигинин органдарынын карамагындагы маалыматты алууга карата жарандардын муктаждыгын толук чагылдырбай тургандыгын эске алууну сунуштайбыз.
Мисалы колдонуудагы Мыйзамдын 20-беренесинин 7, 8, 10 жана башка пункттарында каралган маалымат эмне үчүн жайгаштырылбай тургандыгы толук түшүнүктүү эмес.
Ошондой эле жогоруда белгиленгендей Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында "сот бийлигинин органдарына" аныктама берилбегендигин көңүлгө алуу менен сот бийлигинин ар бир сот органынын компетенциясын эсепке алып маалыматты ранжирлөөнү сунуштайбыз. Мисалы, аскер сотторун кошпогондо, жергиликтүү соттордун ишин материалдык-техникалык жана башка жагынан камсыздоону Сот департаменти жүзөгө ашырат. Тиешелүү түрдө бюджет жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү маалыматтарды Сот департаменти гана бере алат. Ушуну менен бирге тийиштүү иштерди уктурууга дайындоо жөнүндө маалыматты соттор гана бере алышат.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүүнү караштырган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каржылоо булагын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктагандан кийин кабыл алынышы мүмкүн экендигине көңүл буруу зарыл.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого тийиш.
Негиздеме-маалымкатка ылайык сунушталган Мыйзам долбоорун ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдардын көлөмдөрү жана алардын каржылоо булактары алдын ала эсептөөлөр боюнча 3003,6 млн. сом бөлүүнү талап кылат.
Бирок мындай финансы каражаты Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын республикалык бюджетинде жана 2017-2018-жылдарга болжолунда каралган эмес.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунда каралган ченемдерди практикалык ишке ашыруу бир катар уюштуруу, техникалык жана финансылык чараларды көрүүнү, өлкөнүн иш жүзүндөгү финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен өзүнчө механизмдерди этабы менен ишке киргизүүнү көңүлгө алууну талап кылаарын белгилөө зарыл деп эсептейбиз.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык бул Мыйзам долбоорун демилге кылуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө", "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карата өзгөртүүлөрдүн иштелип чыгуусу жана келечекте күчүнө кирүүсү менен шартталгандыгы белгиленгендигин эскертебиз.
Баяндалгандардын негизинде, ошондой эле жогоруда аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алына электигин жана белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кире электигин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган мыйзамдарды кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча жана ушул корутундуда чагылдырылган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен бул Мыйзам долбоорун түзөтүүнү максатка ылайык деп эсептейт.