Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-марты № 156
"Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоонун мамлекеттик тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра сурап алуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен "Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоонун мамлекеттик тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кайра сурап алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоонун мамлекеттик тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |