Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 156 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-январы № 5
«Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоонун мамлекеттик тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоонун мамлекеттик тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоонун
мамлекеттик тутуму жөнүндө
1-бап
Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети жана колдонулуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стратегиялык пландоосунун катышуучуларынын ортосунда келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат жана бардык деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтерди демилгелөөгө, иштеп чыгууга, кароого, бекитүүгө, жүзөгө ашырууга, мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө, ошондой эле оңдоп-түзөөгө байланыштуу мамилелерге жайылтылат.
3. Ушул Мыйзам мамлекеттик стратегиялык пландоону уюштурууну жана негизги принциптерин, мамлекеттик стратегиялык пландоонун документтеринин тутумун белгилейт, ошондой эле мамлекеттик стратегиялык пландоо процессинин катышуучуларынын жоопкерчилигин аныктайт.
4. Коргоо жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча стратегиялык пландоону уюштуруу тартиби аталган чөйрөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
мамлекеттик стратегиялык пландоо – мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук, илимий жана башка уюмдардын мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу, мониторинг, баалоо жүргүзүү, контролдоо жана оңдоп-түзөө боюнча иши;
мамлекеттик стратегиялык документ – белгиленген формада жазуу жүзүндөгү расмий документ түрүндө иштелип чыккан, жүзөгө ашыруу мөөнөттөрү боюнча чектелген жана тийиштүү ченемдик укуктук акт менен бекитилген деңгээлге жана тартипке ээ мамлекеттик саясатты мамлекеттик стратегиялык пландоонун каражаты;
мамлекеттик стратегиялык пландоо документтеринин тутуму – мамлекеттик стратегиялык документтин деңгээлинен жана мамлекеттик стратегиялык документтин тартибинен турган мамлекеттик стратегиялык документтердин өз ара байланышкан жыйындысы;
мамлекеттик стратегиялык документтин деңгээли – мамлекеттик стратегиялык пландоо документтеринин тутумундагы мамлекеттик стратегиялык документтин орду. Улуттук, тармактык, сектордук, тармактар аралык, секторлор аралык, аймактык, ведомстволук мамлекеттик стратегиялык документтер болуп айырмаланат;
улуттук мамлекеттик стратегиялык документтер – иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга бардык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук, илимий жана башка уюмдар тартылып, экономиканын бардык тармактарын, коомдун жашоо чөйрөсүн камтыган жалпы мамлекеттик мүнөзгө ээ документтер;
тармактык мамлекеттик стратегиялык документтер – экономиканын белгилүү бир тармагын өнүктүрүүгө багытталган улуттук мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашырууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан тармактык маанидеги документтер;
сектордук мамлекеттик стратегиялык документтер – белгилүү бир секторду өнүктүрүүгө багытталган улуттук мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашырууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан сектордук маанидеги документтер;
тармактар аралык мамлекеттик стратегиялык документтер – улуттук мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашырууну камсыз кылуу максатында иштин эки же андан көп тармагына тийиштүү жана эки жана андан көп жооптуу мамлекеттик органдарды ишке ашырууга тартууну/катышууну талап кылган документтер;
секторлор аралык мамлекеттик стратегиялык документтер – улуттук мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашырууну камсыз кылуу максатында иштелип чыгып, экономиканын реалдуу, өндүрүштүк эмес жана финансы секторлоруна, ошондой эле социалдык секторго тийиштүү документтер;
аймактык мамлекеттик стратегиялык документтер – аймактык өзгөчөлүктү жана администрациялык-аймактык бирдик үчүн чараларды, бюджетти жана жыйынтыктарды конкреттештирүүнү эске алуу менен улуттук мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашырууну камсыз кылуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан иштелип чыгуучу документтер;
ведомстволук стратегиялык документтер – улуттук деңгээлдеги максаттарды эске алуу менен өзүн өнүктүрүү максатында мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгуучу документтер;
мамлекеттик стратегиялык документтин тартиби – мамлекеттик стратегиялык документтердин түрлөрүнүн ырааттуулугун белгилөө;
мамлекеттик стратегиялык документтердин түрлөрү – мамлекеттик стратегиялык документтер тутумундагы мамлекеттик стратегиялык документтин түрү. Мамлекеттик стратегиялык документтер мамлекеттик концепцияга, мамлекеттик стратегияга, мамлекеттик программага, мамлекеттик планга бөлүнөт;
мамлекеттик концепция – улуттук, тармактык, сектордук, тармактар аралык, секторлор аралык жана аймактык деңгээлдер үчүн коомду, экономиканы жана жаратылыш чөйрөсүн өнүктүрүүдөгү мамлекеттик саясаттын мазмунуна алкактык моделди жана мамилени аныктаган мамлекеттик стратегиялык документ;
мамлекеттик стратегия – улуттук, тармактык, сектордук, тармактар аралык, секторлор аралык жана аймактык деңгээлдер үчүн коомду, экономиканы, жаратылыш чөйрөсүн өнүктүрүүнүн максаттык багыттарынын комплекстүү тутумун, ошондой эле негизги ресурстар жана алардын булактары менен өз ара байланышкан майнаптуу жолдордун тутумун, аларга жетүүнүн ирилештирилген пландарын жана ыкмаларын аныктаган мамлекеттик стратегиялык документ. Мамлекеттик стратегия тандалып алынган мамлекеттик саясаттын концептуалдык багыттарын конкреттештирет;
мамлекеттик программа – ресурстук камсыздоо булактарын жана көлөмдөрүн, ошондой эле натыйжалуулуктун конкреттүү ченелген индикаторлорунда туюнтулган аларды ишке ашыруудан күтүлгөн жыйынтыктарды көрсөтүү менен, бирдиктүү максатка жетүүгө, бир же бир нече милдеттерди чечүүгө багытталган мамлекеттик өз ара байланышкан чаралардын жыйындысынан турган улуттук, тармактык, сектордук, тармактар аралык, секторлор аралык жана аймактык деңгээлдер үчүн мамлекеттик стратегиялык документ. Мамлекеттик программа максаттуу стратегиялык багыттарга жетүү максатында иштелип чыгат.
мамлекеттик план – жооптуу аткаруучуларды, мөөнөттөрдү, күтүлгөн жыйынтыктарды жана ресурстук камсыздоо булактарын көрсөтүү менен, кыска мөөнөттүү милдеттерди чечүү боюнча чаралардын комплексинен турган мамлекеттик стратегиялык документ. Мамлекеттик план мамлекеттик стратегиялардын же мамлекеттик программалардын алкагында иштелип чыгат;
мамлекеттик стратегиялык документтердин мамлекеттик реестри ченемдик укуктук актылардын реквизиттерин, деңгээл жана тартип боюнча бөлүштүрүүнү, ошондой эле бул актылар жөнүндө маалыматтык-маалымдама мүнөзүндөгү маалыматтарды камтыган мамлекеттик стратегиялык документтерди мамлекеттик эсепке алуунун бирдиктүү тутуму түрүндө болот;
мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо – мамлекеттик стратегиялык документтердин актуалдуулукка, туруктуу өнүктүрүү принциптерине жана белгиленген методологияга шайкештигин текшерүү;
мамлекеттик стратегиялык документтерди оңдоп-түзөө – жогору турган мамлекеттик стратегиялык документтердин өзгөрүшүн, социалдык-экономикалык кырдаалды жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү мамлекеттик болжолдоо маалыматтарын эске алуу менен документтин маалыматтарын жарым-жартылай өзгөртүү;
мамлекеттик стратегиялык документтердин натыйжалуулугу – мамлекеттик стратегиялык документтердин коюлган милдеттерин аткаруу жана максаттуу багыттарына жетүү;
туруктуу өнүктүрүү – коомду өнүктүрүү, ал адамдын жана келечек муундун кызыкчылыгы үчүн өнүгүүнүн экономикалык, социалдык жана экологиялык түзүүчүлөрүнө бирдей көңүл бурууну караштырат.
3-берене. Мамлекеттик стратегиялык пландоо боюнча мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стратегиялык пландоо боюнча мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынан, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан, “Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан, ушул Мыйзамдын негизинде кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.
4-берене. Мамлекеттик стратегиялык пландоонун принциптери
Мамлекеттик стратегиялык пландоо төмөнкү принциптерге негизделет:
- өлкөнүн стратегиялык курсунун биримдиги жана бүтүндүгү;
- өнүктүрүүдөгү экономикалык, социалдык жана экологиялык процесстердин тең салмактуулугу;
- мамлекеттик стратегиялык документтердин натыйжалуулугу жана майнаптуулугу;
- мамлекеттик стратегиялык пландоо процессинин катышуучуларынын жоопкерчилиги;
- мамлекеттик стратегиялык пландоо процессинин ачык-айкындыгы (ачыктыгы);
- мамлекеттик стратегиялык пландоонун ишенимдүүлүгү жана реалдуулугу;
- мамлекеттик стратегиялык документтин ресурстук жактан камсыз болушу.
5-берене. Мамлекеттик стратегиялык пландоонун катышуучулары
1. Мамлекеттик стратегиялык пландоонун катышуучулары болуп мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук, илимий жана башка уюмдар саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик стратегиялык пландоо боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын иштерин координациялоону жүзөгө ашырат.
6-берене. Мамлекеттик стратегиялык пландоонун максаты
Мамлекеттик стратегиялык пландоонун максаты милдеттерди комплекстүү чечүү жана кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге коюлган максаттарга жетүү болуп саналат.
2-бап
Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык пландоо документтеринин тутуму
7-берене. Мамлекеттик стратегиялык пландоо документтеринин тутуму
1. Мамлекеттик стратегиялык пландоо документтеринин тутуму төмөнкүлөрдөн турат:
- мамлекеттик стратегиялык документтердин деңгээлинен;
- мамлекеттик стратегиялык документтердин тартибинен.
2. Мамлекеттик стратегиялык документтер өз ара макулдашылууга, максаттарында карама-каршылыктар болбоого, кайталанбоого жана бири-бирин толуктап турууга тийиш.
8-берене. Мамлекеттик стратегиялык документтердин деңгээлдери
1. Мамлекеттик стратегиялык документтердин деңгээлдери төмөнкүдөй баш ийүүчүлүктө болот:
улуттук мамлекеттик стратегиялык документтер – биринчи деңгээлдеги документтер;
тармактык, сектордук, тармактар аралык, секторлор аралык мамлекеттик стратегиялык документтер – экинчи деңгээлдеги документтер;
аймактык, ведомстволук мамлекеттик стратегиялык документтер – үчүнчү деңгээлдеги документтер.
2. Кыйла төмөнкү деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документ кыйла жогорку деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документте берилген өнүктүрүү критерийлерин жана параметрлерин эске албастан иштелип чыгышы жана оңдолушу мүмкүн эмес жана ага карама-каршы келбеши керек. Бир деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтер бири-бирине каршы болбоого тийиш.
3. Кыйла жогорку деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтер өзгөртүлгөндө, төмөнкү деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтер бул өзгөртүүлөргө шайкеш келтирилет.
9-берене. Мамлекеттик стратегиялык документтердин тартиби
1. Мамлекеттик стратегиялык документтердин түрлөрү төмөнкүдөй тартиптик ырааттуулукта болот:
биринчи тартип – мамлекеттик концепция;
экинчи тартип – мамлекеттик стратегия;
үчүнчү тартип – мамлекеттик программа;
төртүнчү тартип – мамлекеттик план.
2. Мамлекеттик концепция узак мөөнөттүү мезгилди – 10 жана андан көп жылды камтыйт. Мамлекеттик концепциянын жоболору социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү мамлекеттик болжолдоо маалыматтарына таянат.
Мамлекеттик стратегия 3 жылдан 10 жылга чейинки убактылуу мезгилди камтыйт. Мамлекеттик стратегия социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү мамлекеттик болжолдоо маалыматтарына таянууга тийиш.
Мамлекеттик программа 3 жылдан 5 жылга чейинки убактылуу мезгилди камтыйт. Мамлекеттик программа мамлекеттик стратегиялардын жана концепциялардын алкагында иштелип чыгат, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү мамлекеттик болжолдоо маалыматтарына таянат жана мамлекеттик максаттарга жетүүгө багытталат.
Мамлекеттик план 1 жылдан 5 жылга чейинки убактылуу мезгилди камтыйт. План мамлекеттик стратегиялардын, программалардын алкагында иштелип чыгат жана мамлекеттик стратегияда, программада коюлган милдеттерге жетүүгө багытталат.
3. Жогору турган тартиптеги мамлекеттик стратегиялык документтер төмөн турган тартиптеги мамлекеттик стратегиялык документтердин алкагында иштелип чыгышы мүмкүн эмес.
3-бап
Мамлекеттик стратегиялык пландоонуу башкаруу
10-берене. Мамлекеттик стратегиялык документти иштеп чыгууну демилгелөө
Мамлекеттик стратегиялык документти иштеп чыгууну демилгелөө процессинин субъектилери болуп мамлекеттик стратегиялык пландоонун катышуучулары саналат. Мамлекеттик стратегиялык документти иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландоонун методологиясына ылайык жүзөгө ашырылат.
11-берене. Мамлекеттик стратегиялык документтин долбоорун иштеп чыгуу
1. Улуттук мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Улуттук мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу процесси кызыкдар тараптарды тартуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлөт.
3. Тармактык, сектордук жана тармактар аралык, секторлор аралык мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
4. Тармактык, сектордук жана тармактар аралык, секторлор аралык мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу процесси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5. Аймактык мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечими менен жүзөгө ашырылат. Иштеп чыгуу процесси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жүктөлөт.
12-берене. Мамлекеттик стратегиялык документтин долбоорун кабыл алуу
Мамлекеттик стратегиялык документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ченем жаратуучу орган тарабынан кабыл алынат (бекитилет).
13-берене. Мамлекеттик стратегиялык документти ишке ашырууга мониторинг жана баалоо
1. Деңгээлине жана түрүнө жараша мамлекеттик стратегиялык документти ишке ашырууга мониторинг жана баалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикаларга жана жол-жоболорго ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Мониторинг жана баалоо максаттары үчүн мамлекеттик стратегиялык документтер милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына жетүү деңгээлин ченөөчү индикаторлор тутумун;
2) индикаторлор тутумун ченөө булактарын жана мезгилдүүлүгүн;
3) мамлекеттик органдардын жана алардын бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринин арасында ар бир стратегиялык максаттарга/милдеттерге жетүү үчүн жеке жоопкерчиликти бөлүштүрүүнү.
3. Мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашыруу жыйынтыктарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн аларга мониторинг жана баалоо жүргүзүү процессине кызыкдар тараптардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү тартылат.
4. Биринчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документти ишке ашырууга мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчетунун курамдык бөлүгү болуп саналат.
14-берене. Мамлекеттик стратегиялык документтерге инвентаризация жүргүзүү
1. Мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо мамлекеттик стратегиялык документтерди бирдиктүү мамлекеттик саясатка шайкеш келтирүү, ошондой эле форматтардын бир түрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу өнүктүрүү моделин эсепке алуу максатында жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик стратегиялык документтерге инвентаризациялоо жүргүзүү методологиясы жана жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
15-берене. Мамлекеттик стратегиялык документтердин мамлекеттик реестри
1. Мамлекеттик стратегиялык документтер Мамлекеттик стратегиялык документтердин мамлекеттик реестрине киргизилет.
2. Улуттук, тармактык, сектордук, тармактар аралык, секторлор аралык деңгээлдеги Мамлекеттик стратегиялык документтердин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилери Мамлекеттик стратегиялык документтердин мамлекеттик реестрине киргизүүгө тийиштүү маалыматтын тууралыгы жана өз убагында берилиши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
16-берене. Ушул Мыйзамды ишке киргизүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунушун киргизсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти