Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 330 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки СТРАТЕГИЯСЫ
1. Кириш сөз
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки ушул стратегиясы (мындан ары - Стратегия) Дүйнөлүк банктын колдоосу менен, Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 "2013-2017-жыддардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программаны аткаруу үчүн иштелип чыккан.
Стратегия ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүү боюнча негизги багыттарды жана иш-чараларды, ошондой эле талдоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон чараларды аныктайт.
Бул Стратегия суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга, башкы проблемаларды чечүүгө, келечектүү багыттарды аныктоого, тийиштүү министрликтердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана функцияларын аныктоого багытталган.
Азыркы мезгилде республикалык бюджетте бул секторго капиталдык салым жумшоо үчүн жетиштүү каражат жок, андыктан келечекте эл аралык донорлордун колдоосу зарыл болот.
Суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун абалынын деңгээлин көтөрүү үчүн керектүү инвестициялардын болжолдуу көлөмү алдын ала болуп эсептелет. Көз карандысыз тышкы эксперттердин жана улуттук эксперттердин баалоосу боюнча айылдык калкты суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн керектүү инвестициялардын көлөмү 26 млрд. 420 млн. сомдон ашык (1-таблица).
Бул Стратегияга ылайык 2026-жылга чейин республиканын 425 айылында суммасы 8 млрд. 882 млн. сомду түзгөн суу түтүктөрүн (2-таблица), ошондой эле 27 райондук борбордо суммасы 4 млрд. 048 млн. сом болгон саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын куруу жана реабилитациялоо боюнча иштерди аткаруу каралууда.
Бул болсо финансылык каражаттарды, каржылоого даяр долбоорлорду даярдап жана сунуш кылуу үчүн кубаттуулукту көбөйтүүнү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин (мындан ары - Департамент) потенциалын жана кызматкерлеринин статусун жогорулатууну талап кылат.
Бул Стратегияда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
суу менен камсыздоо - керектөөчүлөрдү жана башка пайдалануучуларды сапаттуу ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз, зарыл болгон өлчөмдө, коопсуздуктун санитардык талаптарына ылайык камсыздоо боюнча иш-чаралардын жыйындысы;
саркынды сууларды чыгаруу - үй чарбаларынын жана өнөр жай ишканаларынын аймагынан саркынды сууларды калктуу пункттар үчүн коопсуз жана анын айлана-чөйрөгө кайтып келишинде суунун сапатынын стандарттарына жооп берүүчү ыкма менен чыгарууну камсыздоочу иш-чаралардын жана техникалык объекттердин жыйындысы.
1-таблица
Айылдык суу тутумдарын курууга/реабилитациялоого керектүү инвестициянын жалпы болжолдуу көлөмү
Иш-чаралар | Айылдардын саны (бирдик) | Айылдардын жалпы санынан % | Бир айылга эсептелген наркы (млн. сом) | Керектүү инвестициянын жалпы суммасы (млрд. сом) |
Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу реабилитациялык жумуштар жүргүзүлгөн айылдар (долбоорлордун алкагында курулган/реабилитацияланган объекттер) | 553 | 30,19 |
|
|
Жаңы тутумдарды куруу талап кылынган айылдар | 657 | 36,40 | 25,1 | 16,49 |
Тутумдарды реабилитациялоо талап кылынган айылдар | 595 | 33,41 | 16,7 | 9,93 |
Бардыгы | 1805 | 100 | 41,8 | 26,42 |
2-таблица
2026-жылга чейин айылдарды суу менен камсыздоо тутумдарын курууга/реабилитациялоого керектелүүчү инвестициянын жалпы көлөмү, бир айылга орто эсеп менен 20,9 млн. сомдон (облустар боюнча)
Облустардын аталышы | Айылдардын саны | Бир айылга наркы (млн. сом) | Жалпы суммасы (млн. сом) | |
Бардыгы | 2026-жылга чейин куруу жана реабилитациялоо керек | |||
Баткен | 191 | 61 | 20,9 | 1274,9 |
Жалал-Абад | 409 | 104 | 20,9 | 2173,6 |
Ысык-Көл | 176 | 55 | 20,9 | 1149,5 |
Нарын | 134 | 36 | 20,9 | 752,4 |
Ош | 474 | 93 | 20,9 | 1943,7 |
Талас | 90 | 25 | 20,9 | 522,5 |
Чүй | 331 | 51 | 20,9 | 1065,9 |
Бардыгы | 1805 | 425 | 20,9 | 8882,5 |
Шаарларды суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканаларынын баштапкы эсептөөлөрүнө ылайык республиканын шаарларынын (Бишкек жана Ош шаарларынан башкалары) суу менен камсыздоо тутумдары үчүн керектүү инвестициялардын көлөмү 9,79 млрд. сомдон ашат.
Айылдарда суу менен камсыздоо тутумдарынын жакшыртылышы саркынды сууларды чыгаруу проблемасын курчутту жана саркынды суулардын көбөйүшүнө алып келди, ал эми суу булактарынын андан ары булганышын болтурбоо үчүн тазалоо жана зыянсыздандыруу маселелери техникалык чечимди талап кылат. Тармактык адистердин эсеби боюнча айыл жеринде суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу инфратүзүмү үчүн керектүү инвестициянын көлөмү 64,7 млрд. сомдун тегерегин түзөт.
Жогоруда айтылгандардын негизинде жана учурдагы абалды эске алуу менен 27 райондук борбордо саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын курууну жана реабилитациялоону караштыруу зарыл. Тармактык адистердин баштапкы эсептөөлөрү боюнча, ушул калктуу конуштарда саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын куруу жана реабилитациялоо үчүн керектүү сумма 4 млрд. 048 млн. сомду түзөт.
2. Учурдагы абал жана болуп жаткан көйгөйлөр
2016-жылдын 1-февралына карата Кыргыз Республикасынын аймагында 1891 калктуу пункт бар, анын ичинен 1805и айылдар. 267 айылдын суу тутумдары 1960-жылга чейин, 595 айылда 1990-жылга чейин курулган, 390 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо тутуму жок. Колхоздор жана совхоздор жоюлгандан кийин айылдык суу түтүктөр тармагы 10 жылдан ашык кароосуз калып, бул алардын техникалык абалынын тез начарлашына, республиканын көпчүлүк айылдарда суу түтүктөрүнүн такыр иштебей калышына алып келди.
Айылдык калк суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызматтардын жетишсиздигинен жана сапатынын начардыгынан жабыр тартууда.
Айыл жергесинде калктын дээрлик 40 пайызы ичүүчү таза суу менен тийиштүү деңгээлде камсыздалган эмес. Саркынды сууларды борбордоштурулган чыгаруучу объекттер өзгөчө көйгөйлүү абалда.
Статистикага ылайык, өлкөнүн калкынын 21 пайызы гана борбордоштурулган канализация тутуму менен камсыздалган. Бишкек шаары үчүн бул көрсөткүч 78%ды түзсө, региондордо 10%дан ашпайт. Айрым шаарларда саркынды сууларды чыгаруу тутуму бар, бирок алар пайдалануу мөөнөтүнөн ашык иштетилип жаткандыктан жана инвестициялык салымдардын жетишсиздигинен ал тутумдардын абалы реабилитациялоону же жаңыдан курууну талап кылат.
Алыскы шаарларда жана райондук борборлордо тиешелүү инфратүзүм начарлагандыктан саркынды сууларды чыгаруу тутумдарына жеткиликтүүлүк жыл сайын 1,5-2%га азаюуда. Айыл жергесинде турак жайлардын жана коомдук имараттардын 3%ы гана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарына кошулган - алар мектептер жана медициналык борборлор.
Ичүүчү суу аркылуу жугуучу ооруларга каршы күрөш өлкөнү жыл сайын 4,8 млрд. сомдон ашык чыгымга дуушарлантууда, мында жыл сайын 30000ге жакын катуу кармаган ичеги-карын оорулары катталат, ал эми мите оорулардын үлүшү 24% болууда.
Сууга байланыштуу оорулардын ичинен республикада бир топ жылдардан бери Майлуу-Суу шаарында жана Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда ич келтенин дүрт чыгуусу болууда. Мында ич келте катталган баардык учурлардын 70тен 86%га чейинкиси ушул калктуу конуштарга туура келет, бул негизинен ичүүчү таза суунун тартыштыгынан болууда.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, айрым айылдык калктуу конуштарда балдардын энтеробиоз, аскаридоз, лямблиоз жана гименолепидоз оорусу менен оорушкан учурларынын 61%дан 79%га чейинкиси гельминттердин төрт түрүнүн жугушунан болот.
Ошондой эле Министрлик Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында гигиеналык билим берүү боюнча иш жүргүзүлгөн жана "Айылды суу менен камсыздоо жана санитария" долбоорун аткаруунун алкагында ички долбоорлор ишке ашырылган айылдарда лямблиоз дартына чалдыккан учурлар 76%га азайганын билдирип жатат.
Калктын 47,5%ы сууну үй чарбасына 100 метрден жакын жердеги суу чыгуучу колонкалардан алышат, ал эми 52,5%ы ичүүчү сууну үйүнөн 100 метрден алыс жайгашкан булактардан ташып келишет (3-таблица).
3-таблица
Суу менен камсыздоо булактары, аралыгы, үй-бүлөнүн курамы (2014-ж.)
| Бардыгы | Кожолуктагы балдардын саны | |||||
0 | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 жана андан көп бала | ||
Суу менен камсыздоонун борбордук тутуму | 32% | 46% | 29% | 27% | 20% | 8% | 10% |
Жеке суу насосу | 23% | 18% | 26% | 27% | 29% | 19% | 10% |
Коомдук суу насосу | 32% | 27% | 31% | 33% | 37% | 47% | 42% |
Суунун ачык булагы | 7% | 4% | 8% | 7% | 10% | 21% | 26% |
Башка булактар (ташылып келүүчү суу, өзү агып турган суу) | 6% | 6% | 6% | 7% | 5% | 5% | 12% |
Бардыгы | 100% | 100% | 100% | 100% | 100% | 100% | 100% |
Суу булагына чейинки аралык: |
|
|
|
|
|
|
|
100 метрге чейин | 47,5% | 46% | 56% | 48% | 46% | 60% | 29% |
100 метрден ашык | 52,5% | 54% | 44% | 52% | 54% | 40% | 71% |
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (мындан ары - АРИС) изилдөөлөрүнүн натыйжаларына ылайык айылдык калктын 60,0%ы сууну суу түтүктөр тармагынан алат, 38,4%ы көчөдөгү суу алуучу чорголордон жана 21,6%ы үйдүн ичиндеги чорголордон алышат.
Калктын калган бөлүгү, б.а. 40%ы ичүү үчүн арыктардагы, сайлардагы, каналдардагы, булактардагы сууну пайдаланышат, ошондой эле ташылып келүүчү сууну пайдаланышат.
Ушул изилдөөдө текшерилген айылдык калктуу конуштарда элеттик калктын 27%ы сууну сутка бою алаары, 37%ына суу суткасына 12 саат же андан ашык убакыт бою берилээри, ал эми 36%ына суткасына 12 сааттан аз, көп учурда күн сайын берилбестиги да көрүндү.
Сууну тазалоочу курулмалардын көпчүлүгү иштебейт, сууну зыянсыздандыруу үчүн жөнөкөй хлордогучтар колдонулат. Жер үстүндөгү булактардан суу алган суу түтүктөрдүн көпчүлүгү (изилденген сынамыктардын 20%дан ашыгы) керектөөчүлөргө микробиологиялык көрсөткүчтөрү боюнча талапка ылайык келбеген сапаттагы сууну берип жатышат.
Мында ичүүчү суу менен камсыздоочулардын көпчүлүгүндө финансылык кыйынчылыктары да бар. Алардын айрымдарынын финансылык туруктуулугу коркунучта турат, анткени тарифтер чыгымдарды актоочу деңгээлден төмөн белгиленет. Суунун тарифтери негизги операциялык чыгымдарды (жумушчулардын эмгек акысы, электр энергиясы, химиялык реагенттер үчүн акыны), жабдууларды модернизациялоого жана алмаштырууга, ошондой эле инфратүзүмдү кеңейтүүгө кетүүчү чыгымдарды жаппайт.
Инфратүзүмдү реабилитациялоого, жаңылоого жана кеңейтүүгө кетүүчү инвестициялык чыгымдарды ички ресурстардын эсебинен, тарифтерди кымбаттатуу жолу менен жабуу максатында эл арасында жана башка керектөөчүлөрдө уюштуруу-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү талап кылынат.
Үстү жабык чуңкурлуу же резервуар септиктерге туташтырылган жакшыртылган даараткананы пайдалануу абдан эле аз - шаарларда 75%га чейин жана айылдарда 51%. Бул көрсөткүчтөр акыркы жылдардын ичинде дээрлик өзгөргөн эмес.
Айыл жеринде борборлоштурулган канализация системасы дээрлик жок. Мектептерде жана айрым ооруканаларда казылган чуңкурлуу коомдук дааратканалар бар. Көпчүлүк мектептердин үстү жабылган чуңкурлуу коомдук дааратканалары Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык өнүктүрүү бөлүмүнүн (DFID) долбоорлорунун алкагында оңдолду же жаңыдан курулду. Жаңы санитардык курулмалар да эки тараптуу донордук демилгелер программасынын колдоосу менен курулду.
Урбан Институт менен АРИСтин 19 шаарда жүргүзгөн изилдөөсүнүн, ошондой эле ПРООНдун Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча шаардык калктын 23% пайдаланылган сууну чыгаруучу канализация тармагынан сыртта экендиги, ал эми 5 шаарда канализация тармагы жок экендиги аныкталган (4-таблица).
4-таблица
Шаардык канализациялык тутум
Шаарлар | Канализация тутуму | Тутумдун сапаты | Шаарлар | Канализация тутуму | Тутумдун сапаты |
Балыкчы | Бар | Канааттанарлык эмес | Кербен | Жок | - |
Кант | Бар | Канааттанарлык эмес | Көк-Жаңгак | Бар | Канааттанарлык эмес |
Кара-Суу | Бар | Канааттанарлык эмес | Ноокат | Жок | - |
Жалал-Абад | Бар | Канааттанарлык эмес | Шопоков | Бар | Канааттанарлык эмес |
Майлуу-Суу | Бар | Канааттанарлык эмес | Сүлүктү | Жок | - |
Баткен | Жок | - | Кочкор-Ата | Бар | Канааттанарлык эмес |
Исфана | Жок | - | Чолпон-Ата | Бар | Канааттанарлык эмес |
Кара-Балта | Бар | Канааттанарлык эмес | Ош | Бар | 50% канааттанарлык |
Каракол | Бар | Канааттанарлык эмес | Бишкек | Бар | 75% канааттанарлык |
Кара-Көл | Бар | Канааттанарлык эмес |
|
|
|
ОЭСРдин маалыматтарына ылайык сууну керектөөнүн реалдуу көлөмү бир адамга суткасына 71,1 литрди түзөт, ал эми ичүүчү суу берүүчүлөрдүн баалоосу боюнча айыл жана шаар жеринде сууну керектөөнүн орточо көлөмү суткасына бир адамга 60-125 литрди түзөт. Бирок долбоорлоодо колдонулган суу керектөө ченемдери жагынан алганда салыштырылган маалыматтар сууну иш жүзүндөгү керектөөгө туура келбейт.
Көп учурда абоненттер эсептегичтерди орнотуунун пайдасы жана тарифтерди көтөрүүдө каражат үнөмдөө мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө түшүнүктөрү да жок. 2013-жылы үй чарбалардын 4-5%ынын гана эсептегичтери болгон.
Үй чарбалардын көбүндө эсептегичтер коюлбагандыктан суунун канча керектелгенин так өлчөөгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан, суу тарифтеринин өлчөмүн аны иш жүзүндө чыгымдалышына салыштырып көрүү мүмкүн эмес. Эсептегичтердин жоктугу "социалдык тарифтерди", сууну аз чыгымдаганда арзан тариф колдонуу мүмкүнчүлүгүн, киреше деңгээли төмөн үй чарбалардын суу берүүчүлөр кызматынан пайдалануусу үчүн мүмкүнчүлүктү да жокко чыгарууда.
Суу менен камсыздоонун заманбап тармактарына суу эсептегичсиз кошулган үй чарбалардын санынын өсүшү, ичүүчү сууну ысырапчылык менен пайдалануу, саркынды сууну чыгаруу тутумдарынын жоктугу жана натыйжасыз пайдалануу суу булактарына күч келүүнү көбөйтүүдө.
Республикада сапаттуу ичүүчү суунун запасынын көптүгүнө карабастан, шаарлардын жана калктуу конуштардын инфраструктурасынын, өнөр жай ишканаларын жана калдык сактоочу жайларды, катуу таштандыларды төгүүчү жайлардын, автотранспорт жуучу жайларды жайгаштыруунун терс таасиринин, саркынды сууну чыгаруу тутумдарынын жоктугунун ж.б. натыйжасында көпчүлүк өздөштүрүлгөн суу чыккан жерлер нитраттар, хром, мунай заттар ж.б. менен булганган.
Суу менен камсыздоо тутумдарынын көпчүлүгү калыбына келтирилгенден жана жаңыдан курулгандан кийин ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин (мындан ары - ИСКАКБ) менчигине өткөрүп берилген. Бул иш мыйзамда коллизияны пайда кылып, натыйжада суу менен камсыздоочу, саркынды сууну чыгаруучу объекттерге менчик укугу жана алар үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилген.
Азыркы учурда тышкы донорлордун каражатына курулуп, эксплуатацияга берилген ичүүчү суу менен камсыздоо тармагын сактап калуу эң курч проблемалардын бири болуп жатат. ИСКАКБлардын туруксуздугунан жана жарамсыздыгынан улам алардын саны жылдан жылга азаюуда. Жүргүзүлгөн анализде 633 ИСКАКБнын ичинен болгону 25% өзүн керектүү акча каражат менен камсыздап иштеп жатышканы, ал эми калгандары өтө оор финансылык абалда калышкандыгы көрүндү.
Сапаттуу кызматтарды туруктуу көрсөтүү тармактын адистеринин талапка ылайык кесиптик көндүмдөрүнүн болушунан, ошондой эле зарыл жабдуулардын, техникалык каражаттардын жана капиталдык оңдоо жүргүзүү жана тейлөө үчүн туруктуу каржылоонун болушунан турат. Көпчүлүк калктуу конуштарда квалификациялуу инженердик-техникалык жана башкаруучу кадрлар, ошондой эле слесарлар, сантехниктер, ширетүүчүлөр жетишсиз. Мындай фактор суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу тутумун жана курулуштарын техникалык тейлөөнүн жана пайдалануунун ишеничтүүлүгү азайышына алып келди.
Суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу сектору эксплуатациялоо, тейлөө, үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо үчүн финансылык каражаттардын жетишпестигине дуушар болууда. Бул жергиликтүү жамааттардын суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу кызматы үчүн акыны төлөө жана чыгымдарды жабуучу тарифтерди белгилөө зарылдыгы жөнүндө талаптагыдай маалымдалбагандыгынан болууда.
Көпчүлүк ИСКАКБларда жана башка суу менен камсыздоо кызматын көрсөтүүчүлөрдө суу менен камсыздоо кызматы үчүн иштелип чыккан жана бекитилген тарифтери жок. Керектелген суу үчүн жыйналган акча каражат республика боюнча орточо алганда белгиленгендин 64%нан ашпайт.
Суу менен жабдуу жана саркынды сууну чыгаруу боюнча ишканалардын амортизациялык чегерүүлөрдүн натыйжасында алган кирешелери, эреже катары, тутумду капиталдык модернизациялоо жана реабилитациялоо үчүн жетишсиз. Өлкөнүн бюджетинен жергиликтүү бюджетти инвестициялоо адатта Бишкек жана Ош шаарларынын айланасындагы жаңы конуштарга берилет.
Өлкөнүн жергиликтүү инфраструктуралык объекттеринин көпчүлүгү эл аралык донорлордун каражаттары менен тышкы булактардан каржыланат. Шаарды жана айылды суу менен камсыздоо, саркынды сууну чыгаруу жана санитария секторундагы тышкы булактардан каржылана турган инвестициялык программалардын негизги бөлүгү төмөнкү долбоорлордон турат:
- Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Айылды суу менен камсыздоонун Биринчи жана Экинчи долбоорлору";
- Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган "Калктуу конуштардын деңгээлинде инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүүнүн Биринчи жана Экинчи долбоорлору";
- Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Чакан шаарлардын инфраструктурасы жана потенциалын арттыруу долбоору";
- Азия өнүктүрүү банкынын "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоору (азыр ишке ашыруу стадиясында);
- Азия өнүктүрүү банкынын "Калыбына келтирүү жана реконструкция үчүн атайын жардам" долбоору (аяктоо стадиясында);
- Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР), Швейцария Конфедерациясынын Экономикалык мамилелер боюнча мамлекеттик секретариатынын (SЕСО), ошондой эле Европанын инвестициялык банкынын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Талас, Кант, Кара-Балта, Токмок, Өзгөн, Кара-Суу, Кызыл-Кия, Исфана, Баткен, Чолпон-Ата, Балыкчы, Кербен, Токтогул, Майлуу-Суу жана Нарын шаарларын суу менен камсыздоо боюнча долбоорлору.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы 2011-жылы жүргүзгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча, республика боюнча суу менен камсыздоонун жана санитариянын чыгымдары кыйла муктаж жана бардар үй чарбалардын арасында тиешелүү түрдө алардын жалпы чыгымдарынын 0,3%ын жана 0,4%ын түзгөн. Эл аралык практикада үй чарбалардын суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу кызматтарына кеткен чыгымдарынын болжолдуу деңгээли 2,5%га чейин жетет. Үй чарбалар боюнча жүргүзүлгөн акыркы изилдөөнүн маалыматтары эң муктаж үй чарбалар өздөрүнүн жалпы чыгымдарынын 0,35%ын гана сууга жумшаарын көрсөттү.
Азия өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык өнүктүрүү бөлүмүнүн (DFID) долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында долбоордун шарттары боюнча ИСКАКБлар кредиттин 5%ын кайра төлөөгө тийиш эле. Азыркы мезгилде көпчүлүк ИСКАКБлар Дүйнөлүк банктын жана Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорунун чегинде белгиленген кредиттин 5%ын төлөө боюнча олуттуу проблемага дуушарланып жатышат, бул аларга туруктуу финансылык абалга жетишүүгө мүмкүнчүлүк бербей, ИСКАКБлардын ишин кыйындатып жатат. ИСКАКБлардын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жалпы карызы 89,4 млн. сом.
Суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу кызматтары көбүнчө негизги каражаттарды пайдаланууга жараша болуучу чыгашалуу иш. Негизги каражаттар иштетилүү мөөнөтүнүн ичинде эскирерин, ал эми суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу тутумдары пайдалануу мөөнөтү ар башкача болгон бөлүктөрдөн кураларын эске алганда, сууну үзгүлтүксүз берүү жана санитардык кызматтарды көрсөтүү үчүн курамдык бөлүктөрдүн жана жалпы тутумдун эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн каржылоону камсыздоочу мамиле керек.
Негизги каражаттарды техникалык тейлөө жүргүзүлбөсө тутумдагы көптөгөн объектилердин каралбай калып бузулушуна алып келип, жумшалган каражаттар текке кетип, ал эми керектөөчүлөр тиешелүү пайда албай калышы мүмкүн.
Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бухгалтердик эсепти жүргүзүү деңгээли суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу ишканаларынын ишинин чыныгы натыйжасын көрсөтүүчү туура финансылык отчетту түзүүгө мүмкүндүк бербейт.
Суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу ишканаларында бухгалтердик эсеп тутумун жөнгө салуу финансылык туура отчетту түзүүгө, анын ичинде, суу менен камсыздоо боюнча спецификалуу отчеттук маалыматтарды түзүүгө жана өз абоненттерине чыгымдардын көрүнөөлүгүн жана түшүнүктүүлүгүн демонстрациялоо аркылуу кирешени көбөйтүү жолундагы тоскоолдуктарды жоюуга мүмкүнчүлүк берет. Бул ошондой эле киреше жана чыгым жөнүндө так маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет, ал болсо тарифтердин тууралыгы маселесин изилдөөгө жана ишканага бөлүүчү дотациянын өлчөмүн аныктоого жардам берет.
Азыркы учурда суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу боюнча бир топ муниципалдык ишканаларда мурдагы мамлекеттик ишканалардан калган карыздары бар.
Ошол себептен көптөгөн муниципалдык ишканалар техникалык талаптарга ылайык иш жүргүзө албай жатышат.
Өткөн жылдарда долбоорлорду ишке ашыруу процессинде суу менен камсыздоо тутумунун объекттери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, керектөөчүлөрдүн жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөрдүн пикирлерин эске албастан долбоорлонгон жана курулган. Айылдарды тандап алууда жамааттардын суу менен жабдуу тутумун реабилитациялоого, суу менен камсыздоо кызматтарына акы төлөөгө даярдыгы жана каалоосу эске алынган эмес.
Долбоордук чечимдер тиешелүү техникалык изилдөөсүз жана негиздемелерсиз кабыл алынган учурлар да болгон, бул дагы терс натыйжаларга алып келген.
Сатып алууларды жүргүзүүдө айкындыктын жана ачыктыктын деңгээлин жогорулатуу башкы приоритет. Бул багыттагы талапка ылайык аракеттер элге тармакты өнүктүрүү, суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу объекттерин, тутумдарын куруу жана реконструкциялоо жөнүндө маалымдоого жардам берет.
Суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу кызматтарынын сапатын жогорулатуу максатында бюджеттик каражаттардын жана донорлор берүүчү каражаттардын максаттуу пайдаланылышын катуу контролдоп, катуу эсепти жана жооптуу адамдардын каражаттардын чыгымдалышы үчүн катуу отчеттуулугун камсыздоо зарыл.
Суунун сапатынын стандарттарын жарандардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү талапка ылайык сактоону камсыз кыла турган өзгөчө маанилүү жагдай катары кароо зарыл.
Коопсуздук параметрлерин мониторингдөө жана аларды ченөөнүн жыштыгы лабораториялык жабдуулардын болушун жана адистерди даярдоону талап кылат, ал аталган проблеманы токтоосуз чечүүнү талап кылат.
Мындан тышкары, көпчүлүк муниципалдык жана бардык айылдык суу менен камсыздоо тармактарында иш жүзүндө өндүрүштүк контроль жок, бул да өндүрүштүк лабораторияларды түзүүнү кечиктирбестен чечүүнү талап кылат.
Буга байланыштуу суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумун курууда, пайдаланууда жана техникалык тейлөөдө инновациялык ыкмаларды киргизүү зарыл.
Өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу үчүн долбоорлоочулар, подрядчылар жана керектөөчүлөр убакытты жана акчаны үнөмдөөдөн, ошондой эле эксплуатациялык сапаттан жана натыйжалуулуктан көзгө көрүнөрлүк пайда табууга тийиш. Жаңы технологияларды жана инновациялык методдорду колдонуу күндөлүк проблемалардын айрымдарын чечиши мүмкүн, бирок суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу боюнча иштеген квалификациялуу кызматкерлерди алмаштыруу мүмкүн эмес.
Департамент суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу секторунда капиталдык жана күнүмдүк чыгымдарды азайтуу үчүн курулуштун жаңы технологияларын жана инновациялык ыкмаларын колдонуу боюнча жумушчу топторун түзүшү зарыл, ал тартыш каражаттарды үнөмдүү пайдаланууга, ошондой эле суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу секторунда адептүүлүккө, жана ачык-айкындыкка байланыштуу маселелерди чечүүгө таасир этет.
3. Максаттар жана милдеттер
Ушул Стратегия ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу тутумдарын куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо жолу менен элдин нормативдик сапаттагы ичүүчү суу менен камсыздыгын арттырууга, ден соолукту жана жашоо сапатын жакшыртууга, айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирди азайтууга багытталган.
Бул максаттарга жетүү үчүн Стратегиянын төмөнкүдөй артыкчылыктуу маселелерин комплекстүү, тутумдуу жана максаттуу чечүү зарыл:
1) Коопсуз жана сапаттуу суу менен камсыздоо, саркынды сууну чыгаруу жана санитария чөйрөсүндө:
- техникалык регламенттердин, стандарттардын жана колдонуудагы ченемдик актылардын бирдей талаптарына негизделген ичүүчү суу менен камсыздоонун борборлоштурулган тутумдарын өнүктүрүү аркылуу калктын суу менен камсыздоо, саркынды сууну чыгаруу жана санитария кызматтарын пайдалануусун арттыруу;
- сапаттуу коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо;
- суу менен камсыздоо жана суу саркындыларын чыгаруу тутумдарын тийиштүү тейлөөнү жакшыртуу.
2) Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун башкаруу жана мамлекеттик жөнгө салуу тутумун өнүктүрүү чөйрөсүндө:
- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө кадрдык дараметти чыңдоо.
3) Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн финансылык-экономикалык туруктуулугу чөйрөсүндө:
- инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү;
- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн финансылык туруктуулугун камсыздоо.
4) Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда ачыктыкты, ишенимди жана отчеттуулукту күчөтүү чөйрөсүндө:
- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда улуттук маалыматтар базасын түзүү;
- Стратегиянын аткарылышын мониторингдөө.
4. Ишке ашыруунун негизги принциптери
Стратегияны ишке ашыруунун негизги принциптери төмөнкүлөр:
- техникалык стандарттардын жана колдонуудагы ченемдик актылардын бирдиктүү талаптарына негизделген ичүүчү суу менен камсыз кылуунун борборлоштурулган тутумдарын артыкчылыктуу өнүктүрүү, долбоорлоо, куруу жана пайдалануу жолу менен ичүүчү сууга болгон керектөөнү канааттандыруу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатындагы функцияларын так бөлүштүрүү жагында өркүндөтүү:
- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканаларынын финансылык-экономикалык жана институттук туруктуулугун камсыздоо;
- мамлекеттик көзөмөл жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан, алардын компетенцияларынын чегинде, ичүүчү суу менен камсыздоо тутумунун иштешин, бул тутумдарды эксплуатациялоочу ишканалардын ишин, ичүүчү суунун коопсуздугун контролдоо.
5. Күтүлгөн натыйжа
Стратегиянын максаттарына жетүү үчүн 2025-жылга карата төмөнкү көрсөткүчтөр аныкталган:
- республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарлардын кеминде 90 пайызын ченемдик сапаттын талаптарына жооп берген борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо;
- айыл жергесинде жашаган 700,0 миңден кем эмес адамды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо;
- айыл статусундагы райондук борборлордо жашаган калктын кеминде 70 пайызын саркынды сууларды чыгаруу тутуму менен камсыздоо;
- суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун туруктуу жана ишенимдүү механизмин түзүү;
- республиканын калкынын ыңгайлуу жашоо-турмушун жана инфраструктуранын ишин камсыздоо үчүн өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосунда так мыйзамдык мамилелерди белгилөө;
- айлана-чөйрөгө тийген терс таасирлердин жол берилген чектерин аныктоо жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун башкаруу механизмин түзүү;
- мектептик жана мектепке чейинки мекемелердин санитариялык жана гигиеналык талаптарын камсыздоо;
- ичүүчү суу менен камсыздоо булактарын санитардык коргоо чөлкөмдөрүндө техникалык регламенттердин жана башка ченемдик актылардын талаптарынын аткарылышын камсыздоо.
6. Ыңгайлуу шарттар жана тобокелдиктер
Республиканын калкын коопсуз ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматы менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул жүз жылдыктын башында Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк менен 69,5 млн. доллар өлчөмүндө, ал эми 2009-жылы ушул эле донорлор менен - 41,5 млн. доллар суммада финансылык каражат бөлүп берүү жөнүндө макулдашууларды түзгөн. Бөлүнгөн каражаттарга 2000-2014-жылдары өлкөнүн 545 айылында суу менен камсыздоо тутумдары курулган жана реабилитацияланган, анын натыйжасында 1,2 млн. ашык адам борборлоштурулган коопсуз ичүүчү суу менен жетиштүү камсыз болгон.
Мындан тышкары, кийинки жылдарда республикада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык жана облустук маанидеги шаарлар үчүн ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторуна кредиттик инвестицияларды тартуу боюнча ишти активдештиришти.
Ошондой эле, өлкөнүн калкын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо маселесинин өзгөчө олуттуулугун таануу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 27-сентябрындагы № 194 Жарлыгы менен ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына өзүнчө бөлүм болуп киргизилген.
Стратегияны ишке ашыруу боюнча негизги жооптуу мамлекеттик органдар болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, эл аралык уюмдардын жана финансылык донорлордун (Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Швейцария Конфедерациясы (SЕСО), Европалык инвестициялык банк, ПРООН, ЮНИСЕФ) колдоосу менен АРИС эсептелет (макулдашуу боюнча).
Стратегияны аткарууда тобокелдиктерди башкаруу аны аткарууга катышкан баардык субъекттердин: мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, муниципалдык ишканалардын, өкмөттүк эмес уюмдардын иштерин координациялоо жолу менен ишке ашырылат.
Стратегияны ишке ашырууда мүмкүн болуучу тобокелдиктер № 5 таблицада көрсөтүлгөн.
5-таблица
Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун тобокелдиктери
№ | Терс фактордун (тобокелдин) аталышы | Тобокелди азайтуу ыкмалары |
1 | Социалдык-саясий | Эл арасында уюштуруу-түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүү |
2 | Форс-мажордук | Бул тобокелдиктин тобун азайтуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин форс-мажордук кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча маселелерди чечүүдө натыйжалуу жана максаттуу иштөөгө жөндөмдүү кызматкерлерин даярдоо пландалууда |
3 | Экономикалык | Бул тобокелди азайтуу Стратегияны мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүүнү, анын ичинде инвестициялык ыңгайлуулукту арттырууну жана экономикалык стимулду талап кылат. Стратегиянын иш-чараларын каржылоонун булактары жана көлөмдөрү жыл сайын такталып турат |
4 | Уюштуруу-укуктук | Тобокелдин бул тобунун таасирин азайтуу үчүн төмөнкүлөр пландалат: - ченемдик укуктук документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу этабында аларды талкуулоого аларды макулдашууга катышуучу негизги тиешелүү тараптарды тартуу; - суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун башкарууну реформалоо |
5 | Маалыматтык | Веб-сайт түзүү, ошондой эле ЖМК чыгып сүйлөө |
6 | Жеке (кадрдык) | Тобокелди азайтуу үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жана бар адистерди кайра даярдоо (квалификациясын жогорулатуу) боюнча республикалык окуу борборун ачуу сунушталат |
7. Каржылоо
Иш-чаралар планына ылайык Стратегия республикалык бюджеттин каражатынын, Азия өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Швейцария конфедерациясынын Экономикалык мамиле боюнча мамлекеттик секретариатынын (SЕСО), Европа инвестициялык банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, ПРООНдун, ЮНИСЕФтин жана башка булактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Стратегиянын иш-чараларын иш жүзүндө каржылоо республикалык бюджетте ар бир жыл үчүн бекитилген каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
Мында республикалык бюджеттин кезектеги финансылык жылдагы кошо каржылоочу каражаты каржылоонун жалпы көлөмүнүн 20-25%ын түзөт.
Стратегияны ишке ашырууга керектүү финансылык каражат республиканын калкынын санына жана инвестициялардын бир адамга үлүштүк суммасына жараша эсептелген.
Стратегияны каржылоонун жалпы көлөмү 24 млрд. 745 млн. 244 миң сомдон ашуун.
Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү уюмдардын жана ишканалардын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо жана ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын болушунча толук эске алуу үчүн Стратегияны ишке ашыруу процессинде учурдагы абалды эске алуу менен каржылоонун бардык булактарынын мүмкүнчүлүктөрүн максимум пайдалануу пландаштырылууда.
Өкмөттүк эмес уюмдар коомдук консультацияларды уюштуруу, калктын маалымдуулугун жогорулатуу, калкты социалдык жактан мобилизациялоо жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу маселелери боюнча суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторундагы мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат көрсөтүүчүлөр жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара байланышта иштешет, ошондой эле ден соолук детерминанттарына коомдук мониторинг, коомдук экологиялык экспертиза жана коомдук контролдоо жүргүзүшөт.
8. Мониторинг жана баа берүү
Мониторинг, мамлекеттик саясаттын милдеттүү компоненти катары, маалыматты тутумдуу жыйноонун, талдоонун жана программалык-пландык иш-чаралардын аткарылышын баалоонун, ошондой эле оңдоолорду киргизүүнүн каражаты болот.
Стратегияга индикаторлордун топтому иштелип чыккан, алар боюнча Стратегияны ишке ашыруунун жүрүшүндө мониторинг жүргүзүлөт.
Стратегиянын иш-чараларынын натыйжалуулугунун индикаторлору төмөнкүлөр болот:
- шаар жериндеги калктын 90%ын борборлоштурулган коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо;
- айыл жеринде 700,0 миңден кем эмес адамды борборлоштурулган коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо;
- айылдын статусуна ээ райондук борборлордо жашаган калктын кеминде 70%ын саркынды сууларды чыгаруу кызматы менен камсыздоо;
- мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде санитардык жана гигиеналык талаптардын аткарылышын камсыздоо;
- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.
Стратегиянын этаптарынын аякташы менен калкты коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүн жакшыртуу жана бул багыттагы андан аркы иштер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында жетишилген натыйжаларга баа берилет.