Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-марты № 157
Республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн суу чарба объектилерин тандоо критерийлерин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагындагы суу чарба объектилерин системалуу түрдө куруу жана натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн суу чарба объектилерин тандоо критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн суу чарба объектилерин тандоо критерийлери
№ | Критерийлердин баяндалышы | Баллы |
I | Актоо мөөнөтү |
|
| 5 жылга чейин | 25 |
| 5-8 жыл | 15 |
| 9-10 жыл | 10 |
| 11-12 жыл | 3 |
II | 1 га карата салыштырмалуу чыгымдар: |
|
| 150-200 миң сом | 25 |
| 201-350 миң сом | 15 |
| 351-500 миң сом | 10 |
| 501-650 миң сом | 5 |
III | Чек арага жакындыгы (чек арага жакын аймактарды бекемдөө) | 20 |
IV | 1 кишиге болгон сугат жер үлүштөрү: |
|
| 10 сотукка чейин | 25 |
| 11-25 сотук | 15 |
| 26-50 сотук | 5 |
V | Жаңы сугат тармактарын күтүүгө чыгымдар (сом/га): |
|
| 500 сомго чейин | 20 |
| 501-800 сом | 10 |
| 801 сомдон жогору | 5 |
VI | Жаңы сугат жерлеринин саны: |
|
| 1000 га жогору | 10 |
| 100дөн 1000 га чейин | 5 |
VII | Сугат тармактарынын техникалык мүнөздөмөсүн жакшыртуу, жердин суу менен камсыз болуусун жогорулатуу: |
|
| 3-4 миң га | 15 |
| 2-3 миң га | 10 |
| 1 миң га чейин | 5 |
VIII | Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен мурда бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу (10%-90% даярдыкта). Өтмө, бүткөрүлбөгөн курулуш объектилери |
|
| Даярдык пайызы: |
|
| 90%дан жогору | 20 |
| 71%дан 90%га чейин | 17 |
| 51%дан 70%га чейин | 14 |
| 31%дан 50%га чейин | 11 |
| 21%дан 30%га чейин | 8 |
| Өздөштүрүүсү 20%дан төмөн болгон объектилер: | 5 |
IX | Суу чарба объектисин тизмеге киргизүү үчүн долбоор алдындагы баалоо боюнча болжолдонгон кубаттуулуктарды өздөштүрүү үчүн зарыл болгон пайдаланылбаган суу жана жер ресурстары болууга тийиш |
|
| Тизмеге кирүүнүн критерийин аныктоо боюнча эсептөө формуласы: ∑ = I+II+III+IV+V+VI+VII+VIII | |
| ∑ ≥ N балл алган объектилер кезектүүлүк тартиби менен курулуш тизмесине киришет | |
| Орточо чектик сумманы аныктоонун формуласы (N) N=S/K, мында S - киргизилген объектилердин алган баллынын жалпы суммасы; К - катталган объектилердин жалпы саны | |
Эскертүү: Курулуштун наркы менен байланышкан көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги иштеп чыгуучу баалардын өзгөрүү индексин эске алуу менен оңдолуп турат.