Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-марты № 160
2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын башкы планы жөнүндө
Ош шаарынын аймагында келечекте шаар курууну өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын башкы планы (мындан ары - Башкы план) 1-тиркемеге ылайык;
- Башкы пландын негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү 2-тиркемеге ылайык.
2. Ош шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- кызыкдар тараптар менен бирге Башкы планга ылайык Ош шаарынын шаардык чегинин жана шаар четиндеги зонасынын чегинин долбоорун иштеп чыгуу процессин тездетүү;
- Ош шаарынын мамлекеттик шаар куруу кадастрын иштеп чыгуу жана бекитүү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
(Кагаз тyрyрyндѳгyсy юстиция министрлигинде)
2-тиркеме
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Өлчөө бирдейлиги | 2015-жылдын 1-январына карата | Эсептик 2025-жылга карата |
1 | Ош шаарынын аймагы, баары | миң га | 16,654 | 20,360 |
| анын ичинде: |
|
|
|
| шаардык чегинен тышкары |
| 4,461 | 4,644 |
| шаардык чегинде |
| 12,194 | 15,717 |
2 | Шаар тибиндеги аймактар, баары | миң га | 5,705 | 9,357 |
| анын ичинде селитебдүү зона |
| 3,191 | 5,731 |
3 | Ош шарынын шаар четиндеги зонасы, баары |
| - | 56,045 |
| анын ичинде: |
|
|
|
| калктуу конуштардын жерлери |
| - | 17,278 |
| иштеп жаткан "Ош" эл аралык аэропортун кеңейтүү |
| - | 0,183 |
| Табигый жана айылдык ландшаф жерлери |
| - | 38,584 |
4 | Калктын саны | миң адам | 270,292 | 605,3 |
5 | Турак жай фонду, баары | миң м2 | 4751,3 | 13909,5 |
| анын ичинде: |
|
|
|
| сакталуучу |
|
| 3622,2 |
| реконструкциялоонун эсебинен жаңы курулуш |
|
| 7457,7 |
| бош аймактардагы жаңы курулуш |
|
| 2829,6 |
6 | Жаңы турак жай фонду, баары | миң м2 |
| 10287,3 |
| анын ичинде кабаттар боюнча: |
|
|
|
| бакча курулушу |
|
| 550,3 |
| бийик курулуш (9 кабаттан жогору) |
|
| 57,3 |
| көп кабаттуу курулуш (4-8 кабат) |
|
| 8726,2 |
| орто кабаттуу курулуш (3 кабатка чейин) |
|
| 953,5 |
7 | Бир тургундун турак жай аянты менен камсыз болуусу | м2/адам | 15,1 | 22,98 |
8 | Тейлөө мекемелеринин жалпы аянты | миң м2 | 1306,3 | 5933,6 |
9 | Суунун суммалык керектелүүсү | миң м3/сут | 321,108 | 485,59 |
10 | Жылуулуктун суммалык керектелүүсү | Гкал/жыл | 3299100 | 4943200 |
11 | Электр энергиясынын суммалык керектелүүсү | млн. кВт. саат/жыл | 398,63 | 1293,89 |