ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы № 132 ««Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу» мамлекеттик мекемесинин мүлкүн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» токтому

Редакция17.03.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2016-жылдын 17-марты № 132

«Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу» мамлекеттик мекемесинин мүлкүн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө

«Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу» мамлекеттик мекемесинин андан ары иштөөсүнүн максатка ылайыксыздыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги белгиленген тартипте:

- «Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу» мамлекеттик мекемесин жойсун;

- жоюу комиссиясын түзсүн жана «Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу» мамлекеттик мекемесинин жоюлушу менен байланышкан чараларды көрсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд «Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу» мамлекеттик мекемесин жоюунун жыйынтыгы боюнча анын мүлкүн белгиленген тартипте ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн тизмекке ылайык Чүй облусунун Аламүдүн  районундагы Арашан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.

3. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

- ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирге өткөрүлүп берилүүчү мүлктүн өткөрүп берүү актысын бекитүү.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А.Сариев

 

Тиркеме

«Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу» мамлекеттик мекемесинин балансынан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине  өткөрүлүп  берилүүчү мамлекеттик мүлктүн тизмеги

 

№

Инв.

№

Аталышы

Ишке кирген жылы

Ѳлчѳѳ бирд.

Баланстык

наркы (сом

менен)

Калдык баасы (сом менен)

Эскертγγ

1

 

Уйкана

1974

1

1017817

816750

 

2

035

Кырман

1970

1

194892

2761

 

3

002

Кык сактоочу жай

1974

1

322137

-

 

4

011

Борбордук музоокана

1970

1

468056

-

 

5

016

Жаш малдар γчγн бастырма

1982

1

410320

156987

 

6

016    | Силос аны

1982

1

735199

287983

 

7

027

Электрофикация системасы

1982

1

56375

7312

Электр трансформатору

8

030    I Эгин кампасы

1972

1

308115

48570

 

9

031    ! Эгин кампасы

1967

1

70315

2440

 

10

036

Тоюттар γчγн кампа

1984

1

237964

83900

 

11

038

Лабораториялык корпус

1982

1

1017743

384784

 

12

048

Сенаж траншеясы

1975

1

119127

 

13

049

Сенаж траншеясы | 1975

1

42271

 

012

Жыйынтыгы

13

5000281   | 1791987

 

1

110

Т-150 трактору. coкocv менен

1990

1

36318

30073

 

2

111

МТЗ - 80 трактору

1990

1

184500

132625

 

013

Жыйынтыгы

 

 

220818

162698

 

1    ; 532

Эгин тазалоочу машина

1983

1

19945

19945

Иштебеген абалда

2

531

Дары чачкыч

1989

1

23100

23100

Иштебеген абалда

016

Жыйынтыгы

i 2

43045

43045

 

 

БААРЫ

 

5264144

1997730