Редакцияот 29.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2016-жылдын 29-апрели № 221

Ашхабад шаарында 2014-жылдын 21-ноябрында кол коюлган 1992-жылдын 13-мартындагы тышкы карыздар жана активдер тууралуу Протоколдун колдонулушун токтотуу жѳнγндѳгγ Протоколду бекитγγ тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, ''Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ашхабад шаарында 2014-жылдын 21-ноябрында кол коюлган 1992-жылдын 13-мартындагы тышкы карыздар жана активдер жѳнγндѳ Протоколдун колдонулушун токтотуу тууралуу Протокол бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун кγчγнѳ кириши γчγн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жѳнγндѳ Кѳз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган кγндѳн он беш кγн етконден кийин кγчγнѳ кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков