ТоктомКүчүндө

КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 221 «Ашхабад шаарында 2014-жылдын 21-ноябрында кол коюлган 1992-жылдын 13-мартындагы тышкы карыздар жана активдер тууралуу Протоколдун колдонулушун токтотуу жѳнγндѳгγ Протоколду бекитγγ тууралуу» токтому

Редакция29.04.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2016-жылдын 29-апрели № 221

Ашхабад шаарында 2014-жылдын 21-ноябрында кол коюлган 1992-жылдын 13-мартындагы тышкы карыздар жана активдер тууралуу Протоколдун колдонулушун токтотуу жѳнγндѳгγ Протоколду бекитγγ тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, ''Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ашхабад шаарында 2014-жылдын 21-ноябрында кол коюлган 1992-жылдын 13-мартындагы тышкы карыздар жана активдер жѳнγндѳ Протоколдун колдонулушун токтотуу тууралуу Протокол бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун кγчγнѳ кириши γчγн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жѳнγндѳ Кѳз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган кγндѳн он беш кγн етконден кийин кγчγнѳ кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков