Редакцияот 11.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 11-апрели № 198

Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө

Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү коопсуз ташууну камсыз кылуу максатында, "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев