Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 токтому менен бекитилген |
Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 29, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер ташуучунун менчигинин түрүнө карабай Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы жолдор аркылуу, ошондой эле кампадан иш жүргөн жерлерге чейин автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды аныктайт.
2. Бул Эрежелердин аракети аскер багытындагы заттар менен буюмдарга таркатылбайт.
Бул Эрежелерде төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
Автомобилдик ташуучу (мындан ары - ташуучу) - менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде автомобиль транспортуна жана автотранспорт каражаттарын сактоо, оңдоо үчүн аймакка, өндүрүштүк-техникалык комплекске ээ болгон, жүктөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, ишкердик иштин субъекти катары катталган жана буга тиешелүү уруксаты (лицензиясы) бар юридикалык же жеке жак.
Жүк жөнөтүүчү - ташуу үчүн жүктү берген жана ташылуучу жүктүн документтеринде жөнөтүүчү деп аталган юридикалык же жеке жак.
Жүк алуучу - жүктү ала турган же аны башка дарекке жөнөтүүчү юридикалык же жеке жак.
Колонна болуп жүрүү - кооптуу жүктөрү менен үч же андан ашык транспорт каражаттарынын бир убакта жүрүүсү.
Автомобилдик жол (мындан ары - жол) - ченемдик укуктук актылар менен аныкталуучу, транспорт каражаттарынын белгиленген ылдамдыкта, жүктөлүштө жана габаритте коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүн камсыздоого арналган инженердик курулмалардын комплекси.
Даярдоочу - кооптуу заттарды өндүрүүчү жана ташууга даярдоочу (таңгактаган, марка койгон ж.б.) ишкана.
Кооптуу жүктөр - өздөрүнө тиешелүү касиеттерге жана өзгөчөлүктөргө байланыштуу ташууда, жүктөө-жүк түшүрүү жумуштарын жүргүзүүдө жана сактоодо жарылуунун, өрттүн же техникалык каражаттардын, түзүлүштөрдүн, имараттардын жана курулмалардын бузулуусуна, ошондой эле адамдардын, жаныбарлардын өлүмүнө, жаракат алышына же ооруп калышына себеп болушу, айлана-чөйрөгө жана экологиялык тең салмактуулукка зыян келтириши мүмкүн болгон жүктөр.
Жүк ташууга жооптуу адам - кооптуу жүктү жүк алуучуга жеткирип берүүгө, ошондой эле жүктү коопсуз ташуунун жоболорун айдоочу, кароолчу жана башка коштоп жүрүүчү адамдар аткарууга жооптуу болгон жүк алуучунун же жүк жөнөтүүчүнүн өкүлү.
Атайын транспорт каражаты - бир же бир нече бир өңчөй жүктөрдү ташуу үчүн ыңгайлаштырылган автомобиль.
Кооптуулук жөнүндө маалымат берүү системасы (мындан ары - КМС) - кооптуу жүктөр менен транспорт каражаты жолдо жүргөн учурда кооптуулук жөнүндө билдирип турган жана жол-транспорт кырсыгынын кесепеттерин жана башка инциденттерди жоюу боюнча иш-чараларды аныктоочу система.
Кооптуу жүктөрдү коопсуз ташуу шарттары - конкреттүү кооптуу жүктү ташууга, идишине, жүктөөгө, жүктү түшүрүүгө, транспорт каражатына, май куюу шарттарына, токтотмо жайды, маршрутту, жүрүү ылдамдыгын ж.б. уюштурууга карата талаптар.
3. Кооптуу жүктөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген жолдо жүрүүнүн эрежелерине (мындан ары - Жолдо жүрүүнүн эрежелери) жана ушул Эрежелерге, Коопсуз жүк ташуу шарттарына ылайык ташылат.
Коопсуз жүк ташуу шарттары ташуучу тарабынан 1, 6, 7, 8 жана 9-класстардагы кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн иштелип чыгат. Коопсуз жүк ташуу шарттарын иштеп чыгуу ушул Эрежелердин 10-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт. Иштелип чыккан Коопсуз жүк ташуу шарттары коошуу жүктөрдү ташыган ташуучу тарабынан аткаруу бийлигинин тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча бекитилүүгө тийиш.
Жарылгыч материалдарды коопсуз ташуу шарттары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тармагындагы көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы) жана өндүрүштүк коопсуздукту жөнгө салуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен иш мөөнөтү үч жылга макулдашылат.
Таасири күчтүү уулуу заттарды коопсуз ташуу шарттары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, өндүрүштүк коопсуздукту жөнгө салуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, саламаттыкты сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, Жарандык коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат.
Үлүштүк активдүүлүгү 7.4-103 Бюкг-1 же 0,002 мкКи Г-1 көп болгон радиоактивдүү заттарды коопсуз ташуу шарттары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, саламаттыкты сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, Жарандык коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат.
Жарылгыч материалдарды жана таасири күчтүү уулуу заттарды (мындан ары - ЖМ жана ТКУЗ) ташыган транспорт каражаттары экологиялык жана техникалык коопсуздук тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында милдеттүү түрдө каттоодон өтүүгө тийиш.
Чектелүү өлчөмдө кооптуу заттарды же кооптуу буюмдарды ташыганда идишине, таңгагына, марка коюлушуна ж.б. коюлган талаптар сакталышы зарыл. Мындан тышкары, чектелүү өлчөмдө кооптуу заттарды же кооптуу буюмдарды ташыган автомобилдик транспорт каражатында башка жүктөр ташылбашы керек.
4. Кооптуу жүктөрдөн бошогон идиштерди коопсуз жүк катары жалпы негизде ташууга идиштерди тазалаган уюм тарабынан товардык-транспорттук документинде "Идиш тазаланган, коопсуз" деген белги коюлганда уруксат берилет.
Мындай белги болбогон учурда бошогон идиштер ичинде кооптуу жүк болгондой шартта ташылат.
5. Автомобилдик транспорт менен ташылуучу кооптуу жүгү бар идиштер кооптуу заттар менен буюмдарды даярдоочулар жана жүк жөнөтүүчүлөр тарабынан маркаланат жана Бажы бирлигинин техникалык регламенттерине ылайык кооптуулук белгилери менен жабдылат.
Жүк жөнөтүүчү жүктү ташуунун транспортабелдүүлүгүн, анын сактыкта болушун жана коопсуздугун камсыз кыла тургандай даярдоого милдеттүү.
Таңгагы (идиши) оң абалда, жабык, пломба басылган жана тиешелүү марка коюлган болууга тийиш. Идиштин ичиндеги кооптуу жүк идиштин ичинде жылып кетпегендей абалда бекемделиши жана бекитилиши керек.
6. Кооптуу жүктөрдүн айрым түрлөрүн ташууда жүк алуучу (жүк жөнөтүүчү) тарабынан, эгерде ушул Эрежелердин 10-тиркемесине ылайык Коопсуз жүк ташуу шарттарында каралган болсо, ташып барууга жооптуу адам жана сакчылар бөлүнөт.
7. Жолдо жүрүүнүн эрежелерин, кооптуу жүктөрдү ташуу коопсуздугунун шарттарын жана ушул Эрежелерди сактабагандыктан келип чыккан жолдорду, жол курулмаларын бузгандыгы, экологиялык мүнөздөгү зыян келтиргендиги же башка кесепеттерге алып келгендиги, же кандайдыр башка материалдык зыян келтиргендиги үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
2. Кооптуу жүктөрдү ташуунун маршрутун тандоо жана уруксат алуу тартиби
8. Ташуу маршрутун тандоону жана кооптуу жүктөрдү ташууга жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан уруксат алууну кооптуу жүктү ташыган юридикалык жана жеке жактар жүргүзөт.
9. Ташуунун маршрутун тандоодо төмөнкүлөрдү жетекчиликке алуу зарыл:
1) ташуу маршруту, мүмкүн болушунча, калктуу конуштар аркылуу, өндүрүш объектилеринин, суу сактагыч зоналардын жана тилкелердин, эс алуу жерлеринин, жаратылыш коруктарынын жана архитектуралык эстеликтердин жанынан өтпөөгө тийиш;
2) кооптуу жүктөрдү чоң калктуу пункттардын ичи менен ташыган учурда ташуу маршруту оюн-зоок, маданий-агартуу, окуу, мектепке чейинки, дарылоо мекемелерине, базарларга ж.б. жакын өтпөөгө тийиш, ушул себептен транспорт каражаты өтө турган жолдорду жана көчөлөрдү аныктоо менен транспорт каражатынын жүрүү маршрутунун схемасы түзүлөт;
3) ташуу маршрутунун схемасында токтоп туруу жерлери, май куюу жайлары жана жолдордун кооптуу участоктору көрсөтүлөт (жолдун кооптуу участокторун ташуунун маршрутун макулдашкан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмү көрсөтөт);
10. Кооптуу жүктөрдү ташууга уруксатты ошол ташуулар жүргүзүлүп жаткан аймактагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү берет:
1) кооптуу жүктөрдү бир райондун же шаардын ичинде ташыган учурда - уруксатты ошол райондун же шаардын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү берет;
2) кооптуу жүктөрдү бир облустун ичинде ташыган учурда - уруксатты ошол облустун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын аймактык бөлүмү берет;
3) кооптуу жүктөрдү бир нече облустун аймагы аркылуу ташыган учурда - уруксатты жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген уруксат Кыргыз Республикасынын бардык аймагына жарайт.
11. Бул Эрежелердин 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн кооптуу заттарды жана буюмдарды ташууга уруксат алуу үчүн, ташуучу жүк ташуунун башталышына 10 суткага чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:
1) "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берилүүчү ички иштер органдарынын жүк ташууларга уруксатты, ошондой эле жарылгыч материалдар жана таасири күчтүү уулуу заттар менен иштөөгө укук берүүчү өндүрүштүк коопсуздукту жөнгө салуу тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын уруксат берүүчү документтерди;
2) ташуу маршрутун;
3) кооптуу жүктөрдү ташууга транспорт каражатына ушул Эрежелердин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча уруксат берүү тууралуу күбөлүктү;
4) "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобилдик транспорт менен кооптуу жүктөрдү ташууга байланыштуу зарыл документтердин (келишимдердин) көчүрмөлөрүн;
5) кооптуу жүктүн бул түрүн коопсуз ташуунун шарттарын же ушул Эрежелерге ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылган башка документти (Эрежелерди, техникалык шарттарды).
12. Кооптуу жүктү ташыган ташуучу ташуу маршрутунун тастыктоосун алуу үчүн жана уруксат алууга жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү бөлүмдөрүнө ушул Эрежелердин 5-тиркемесинде келтирилген Тизмекке ылайык маалыматтарды жөнөтөт.
13. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аталган маалыматтарды алган учурдан тартып он жумушчу күндүн ичинде ташуучуга ташуу маршрутунун тастыктоосун жөнөтөт.
14. Тастыктоодо камтылган маалыматтардын негизинде ташуучу ташуу маршрутунун бланкын толтурат жана аны башка документтер менен чогуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же анын аймактык бөлүмүнө тапшырат.
15. Уруксат бир же бир нече бирдей жүк ташууларга, ошондой эле белгилүү маршрут боюнча ташылуучу кооптуу жүктөрдүн партиясына 6 айдан ашпаган мөөнөткө берилет.
16. Кооптуу жүктөрдү ташууга уруксаттын бир нускасы уруксат берген жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, экинчи нускасы ташуучуда, ал эми үчүнчү нускасы жүк ташууга жооптуу адамда, ал жок болсо - жүк ташуу учурунда айдоочуда сакталат.
17. Ташуунун маршрутун өзгөртүүнү талап кылган жагдайлар келип чыккан учурда, ташуучу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмүндө ташуунун жаңы маршрутуна кайрадан уруксат алууга милдеттүү.
18. Уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- билдирилген кооптуу жүктүн коопсуздугун камсыздоо боюнча ушул Эрежелердин талаптарын бузуу аныкталганда;
- бул Эрежелердин 10 жана 22-пункттарынын талаптарын бузууга жол бербөө үчүн белгиленген маршруттар боюнча транспорт каражатынын кыймылына тиешелүү талаптар билдирилген кооптуу жүктүн коопсуздугуна жооп бербегенде.
3. Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарынын кыймылын уюштуруу
19. Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарынын кыймылын уюштуруу Жолдо жүрүүнүн эрежелерине, ушул Эрежелерге жана конкреттүү кооптуу жүктүн Коопсуз ташуу шарттарына ылайык жүргүзүлөт. Кыймылдын ылдамдыгы маршруттун схемасында аныкталат жана көрсөтүлөт, ал саатына 60 км ашпоого тийиш.
20. Кооптуу жүктөрдү колонна болуп ташууда колоннага кирген транспорт каражаттарынын ортосунда төмөнкүдөй аралыктар сакталат:
1) жолдун горизонталдык участогунда жүрүүдө - 50 м чейин;
2) тоолуу жерлерде жүрүүдө - 300 м чейин. Колонна болуп жүрүүдө ташууга жооптуу адам алдыңкы автомобилде орун алат. Мындай учурда куралдуу сакчынын бири, эгерде ал жүк ташуу шарттары менен каралган болсо, акыркы автомобилден орун алат.
21. Оңой тутануучу же жарылып кетүү коркунучу бар жүктөрдү ташуучу транспорт каражаттары жаппы пайдалануудагы май куюу станцияларында май куюусуз, мүмкүн болушунча, жолдо жүрүүнүн акырына чейин күйүүчү май менен камсыздалат. Жалпы пайдалануудагы май куюу станцияларында транспорт каражаттарына май куюу зарыл болгон учурда, май куюу станциясынын аймагынан 25 м кем эмес аралыкта орун алган аянтчада, май куюу станциясынан алынган темир канистрлерден май куюу жүргүзүлөт.
22. Сутканын караңгы мезгилинде кооптуу жүктөрдү ташууга тыюу салынат, буга транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо, ошондой эле алардын эксплуатациялоо мөөнөтүн көбөйтүү максатында сутканын жарык мезгилинде кыймылга тыюу салган же чектөөнү киргизген учурлар кирбейт. Мындай ташууну жүк ээси же автоташуучу милдеттүү түрдө атайын сигналдар менен жабдылган коргоочу автомобилдин коштоосунда аткарууга тийиш.
Туман, жаан-чачын, кар жааган шартта жолду көрүү 300 м чейин чектелген учурда 1, 6, 7, 8 жана 9-класстагы кооптуу жүктөрдү ташууга тыюу салынышы мүмкүн. Бул туурасында ошол жүктөрдү Коопсуз ташуу шарттарында көрсөтүлүүгө тийиш. Баткак, илээшкек жана тайгалак жолдо жүрүүдө тыгылып калбоо үчүн транспорт каражатынын дөңгөлөктөрүнө тайгаланууга каршы чынжырлар же башка ыңгайлашкан шаймандар кийгизилиши керек.
Күз-кыш мезгилинде бош транспорт каражатынын кыймылы 21:00гө чейин жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 29, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
23. Кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарын токтото туруу жана токтотуу тартиби (анын ичинде түнөп калуу учурлары) коопсуз ташуу шарттарында көрсөтүлөт.
Кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарын токтото турган же токтоткон учурда токтотуу тормозуна милдеттүү түрдө коюлат, ал эми жантайма жерде артка кетүүгө каршы тирөөч кошумча орнотулууга тийиш. Кооптуу жүктөрдү ташууда эс алуу үчүн калктуу конуштарга токтоого тыюу салынат. Мындай токтоого турак жайларга же адамдар топтолгон жерлерге 200 метрден жакын эмес аралыкта уруксат берилет.
Кооптуу жүктөрү менен автомашиналарды токтотуу үчүн атайын бөлүнгөн орундардан тышкары, кооптуу жүктөрү бар автомобилдерди гараждарга, автотоктотмолорго токтотууга тыюу салынат.
24. Кооптуу жүктөрдү ташууда атайын автомобилдер менен коштоонун зарылдыгы жана түрү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен ташуу маршрутун макулдашуу учурунда аныкталат.
Жарылгыч материалдарды кузову ачык транспорт каражаттарында тоодогу жолдору аркылуу жана жарылгыч материалдардын өлчөмүнө карабай, кандай болбосун кузовдо калктуу пункттарда ташыган учурда калкалоочу автомобиль менен милдеттүү түрдө коштолот.
Коштоо төмөнкүдөй жүргүзүлүшү мүмкүн:
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын патрулдук автомобили менен;
- калкалоочу автомобиль менен.
Жарылгыч, радиоактивдүү жана таасири күчтүү заттарды 3 жана андан ашык транспорт каражаттарынын колоннасы менен ташыган учурда жүктү ташуу үчүн жооптуу уюм бөлүп берген калкалоочу автомобиль (автомобилдер) менен милдеттүү түрдө коштолот.
Калкалоочу автомобиль коштогон транспорт каражаттарынын алдында жүрүүгө тийиш. Мында коштолуучу автомобилдерге карата калкалоочу автомобиль сол тараптан бир аз алдыга чыгып жүрөт, башкача айтканда, анын туурасы боюнча габарити коштолуучу транспорт каражаттарынын габаритинен чыгып турууга тийиш.
Калкалоочу автомобилдин күндүзгү убакытта жарыкты жакын берген фаралары күйгүзүлөт.
25. Калкалоочу автомобиль сары түстөгү жарык берүүчү маяк менен жабдылат, маякты күйгүзүү жолдогу башка жүрүүчүлөрдү эскертүү үчүн кошумча каражат болуп саналат жана жүрүүдө артыкчылык укуктарын бербейт.
26. Жарылгыч, радиоактивдүү жана таасири күчтүү заттарды курамына 5 жана андан ашык автомобилдер кирген колонна менен ташууда, калкалоочу автомобилден тышкары, жүктүн аталган түрүн ташуу үчүн ыңгайлаштырылган резервдеги транспорт каражатынын болушу милдеттүү. Резервдеги транспорт каражаты колоннанын аягында жүрөт.
4. Кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарына кошумча талаптар
27. Кооптуу жүктөр атайын транспорт каражаттары менен же ушул максатта ыңгайлаштырылган, техникалык кароодон өткөн жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттары менен ташылат.
Аталган транспорт каражаттарынын техникалык-эксплуатациялык мүнөздөмөсү жана техникалык абалы "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" ТР ТС 018/2011 Бажы бирлигинин техникалык регламентинин жана Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарына жооп берүүгө тийиш.
28. Кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттары айдоочулардын эмгектенүү жана эс алуу режимдерин каттаган контролдук түзүлүштөр (тахографтар) менен жабдылууга тийиш. Алар транспорт каражаттарында жок болгон учурда эмгектенүү жана эс алуу режимдери "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленген үлгүдөгү эсепке алуу кагаздарына айдоочулар тарабынан күн сайын толтурулушу зарыл.
29. Кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттары Жол кыймылынын эрежелерине ылайык "Кооптуу жүк" деген таануучу белгилери менен белгиленүүгө тийиш.
30. Аталган документтердин талаптары канааттандырылгандан кийин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Эрежелердин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча кооптуу жүктөрдү ташууга транспорт каражатына уруксат берүү тууралуу күбөлүктү берет.
5. Кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын айдоочуларына жана аларды коштоп жүрүүчү адамдарга карата кошумча талаптар
31. Кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарын башкарууга тиешелүү категориядагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берген айдоочунун күбөлүгү жана айдоочу катары үзгүлтүксүз 3 жылдан кем эмес эмгек тажрыйбасы бар, ошондой эле окутуудан же инструктаждан жана медициналык текшерүүдөн өткөн айдоочуларга уруксат берилет.
32. Транспорт каражатынын айдоочусу Жол кыймылынын эрежелерин жана коопсуздук техникасын, ушул Эрежелерди жана кооптуу жүктөрдүн айрым түрлөрүн коопсуз ташуу шарттарын сактоого тийиш.
33. Ташууларда айдоочу автомобилди 12 сааттан ашуун башкарууга аргасыз болгон учурларда рейске эки айдоочу жөнөтүлөт.
34. Кооптуу жүктү ташып жаткан айдоочу, Жол кыймылынын эрежелеринде аталган документтерден тышкары, өзүндө төмөнкү документтерди алып жүрүүгө милдеттүү:
1) ушул Эрежелердин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча ташуунун маршрутун (ташууга жооптуу адам болбогон учурда);
2) ушул Эрежелердин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча кооптуу жүктөрдү ташууга транспорт каражатына уруксат берүү тууралуу күбөлүк;
3) ушул Эрежелердин 6-тиркемесине ылайык форма боюнча кооптуу жүктөрдү ташууга айдоочуга уруксат берүү тууралуу күбөлүк;
4) ушул Эрежелердин 9-тиркемесине ылайык форма боюнча жүк ташууга жооптуу адам жок болгон учурда кооптуулук жөнүндө маалымат берүү системасынын авариялык карточкасы. Жол баракчасынын жогорку сол бурчунда кызыл түс менен "Кооптуу жүк" деген белги коюлууга тийиш;
5) Көчмө май куюу станцияларынан күйүүчү майды сатуу учурунда, күйүүчү майды ташуу документтеринен тышкары, башка транспорт каражаттарынын кыймылын жана калктын коопсуздугун, ошондой эле сатуучу жердин өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында сатуучу жердин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу зарыл;
6) айдоочу өзгөчө же авариялык кырдаал жаралган учурда аткарыла турган иш-аракеттердин тартиби жөнүндө нускаманы жанында алып жүрүүгө тийиш.
35. Кооптуу жүктөрдү ташуу учурунда айдоочуга ташуунун аныкталган маршрутунан четтөөгө тыюу салынат, ал маршрутта көрсөтүлгөн бардык жазма буйруктарды аткарууга милдеттүү.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери, эгерде кыймылдын түзүлгөн шарттарынан келип чыккан болсо, айрым участоктордо кыймылдын маршруттарын өзгөртүү жөнүндө белгилерди коюуга укуктуу.
36. Кооптуу жүгү бар транспорт каражаты токтогонго мажбур болгон учурда, айдоочу токтогон жерди Жол кыймылынын эрежелерине ылайык белгилөөгө милдеттүү, ошондой эле Кооптуу жүктү коопсуз ташуу шарттарында каралган болсо, транспорт каражатын жолдун чегинен сырткары эвакуация кылууга чараларды көрүүсү зарыл.
Идиши же таңгагы жабыркагандан улам, алардын касиети жол кыймылынын башка катышуучулары үчүн коркунуч келтирген кооптуу жүгү бар транспорт каражаты токтогонго мажбур болгон учурда, токтогон жер транспорт каражатынан 100 метр аралыкта алдынан жана артынан "Кирүүгө тыюу салынат" деген эки белги менен кошумча белгиленет. Зарыл болгон учурда айдоочу кыймылды жабуу үчүн "Кирүүгө тыюу салынат" деген белгилерден тышкары, колдо болгон каражаттарды колдонушу мүмкүн.
Мындай токтоого мажбур болгон жер жана токтоонун себептери тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга же ички иштердин аймактык органына маалымдоо зарыл.
37. Автомобиль бузулганда жана аны жолдун чекесине сүйрөп чыгуу же техникалык бузулууну өз күчү менен эки сааттын ичинде четтетүү мүмкүн болбогон учурда, айдоочу ташуучунун техникалык жардам көрсөтүү автомобилин күтүүсүз чакыруу үчүн чараларды көрүшү керек.
38. Жол-транспорт кырсыгы болгон учурда же башка авариялык кырдаалда айдоочу Жол кыймылынын эрежелерине ылайык аракет кылат. Мындан тышкары, айдоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) зарылдыгына жараша өрт өчүрүү жардамын чакыруу үчүн чараларды көрүүгө;
2) авариялык карточкасына ылайык авариянын кесепеттерин алгач ирет жоюу чараларын көрүүгө;
3) авария болгон жерлерди Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарына жана ушул Эрежелердин 35-пунктуна ылайык белгилөө;
4) авария болгон жерге мүмкүн болушунча башка адамдарды жолотпоо;
5) авария болгон жерге ички иштер, саламаттык сактоо органдарынын жана башка кызматтардын өкүлдөрү келгенде, аларга кооптуулук жөнүндө жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берүү, ташылып жаткан жүктүн транспорттук документтерин көрсөтүү.
39. Маршрут боюнча кооптуу жүктөрдү ташыганда айдоочу транспорт каражатынын техникалык абалын, кузовго жүктүн бекитилишин жана коюлган маркалар менен пломбалардын сактыгын контролдойт.
40. Транспорт каражатын башкарууда айдоочуга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) транспорт каражатын ордунан жулкуп айдоого;
2) чукул токтотууга;
3) жарылгыч материалдарды, оңой тутануучу суюктуктарды, газдарды жана катуу заттарды ташып бараткан транспорт каражатында тамеки тартууга;
4) жарылгыч материалдарды, оңой тутануучу суюктуктарды, газдарды жана катуу заттарды ташып бараткан транспорт каражаты токтогон токтотмодон 100 м жакын аралыкта от жагууга;
5) өтө зарыл болбосо, транспорт каражатын калтырып кетүүгө (жүктү коштогон адам жок болгон учурда).
41. Документтерде каралбаган жүктөрдү, ошондой эле аталган кооптуу жүктү ташууга байланышы жок адамдарды транспорт каражатында ташууга тыюу салынат.
42. Кооптуу жүктү коштоп жүрүүчүлөр - ташууга жооптуу адамдар, сакчылар, дозиметристтер - ушул маршрут боюнча кооптуу жүктөрдү ташууга катышуу үчүн алардын укуктарын күбөлөндүргөн күбөлүгү болууга милдеттүү. Коштоп жүрүүчүлөрдүн аты-жөнү жол баракчасында көрсөтүлөт.
43. Коштоп жүрүүчүлөр өздөрүнүн иш-аракетинде тиешелүү кызматтык нускамаларды, ошондой эле Кооптуу жүктү коопсуз ташуу шарттарында камтылган жазма буйруктарды колдонушат.
6. Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт каражаты токтогонго мажбур болгон же жол-транспорт кырсыгы жаралган учурда ички иштер органынын кызматкерлеринин иш-аракеттери
44. Касиети жол кыймылынын башка катышуучулары үчүн коркунуч туудуруучу кооптуу жүктү ташыган учурда алардын идиши же таңгагы жабыркагандан улам транспорт каражатын токтотууга мажбур болгондугу тууралуу маалымат же билдирүү келип түшкөн учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын же ички иштер органынын бөлүмүнүн кезметчиси:
1) токтогон жерин жана токтотуу себебин тактайт;
2) кооптуу жүктүн аталышын жана касиетин, шашылыш чаралардын кодун, жабыркоо очогун тактайт;
3) зарыл болгон учурда мамлекеттик кезметтик-диспетчердик кызматтын бирдиктүү "112" номери аркылуу тармагы боюнча ыкчам кызматтарды чакырат жана аларга жүктүн түрү, анын кооптуулугу, жабыркоо очогунда көрүлүп жаткан шашылыш чаралардын жүрүшү жөнүндө алынган маалыматтарды билдирет;
4) куткаруу жана өрттөн куткаруу бөлүмдөр кооптуу жүктөрдү ташыганда өзгөчө кырдаалдар, кырсыктар келип чыккан учурда чакырат;
5) экология кызматкерлери окуянын экологиялык кесепеттерин аныктоо үчүн чакырат;
6) транспорт каражаты токтогон жерге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнүн кызматкерлерин, аларга этияттыктын зарыл чаралары жөнүндө маалымат берүү менен жөнөтөт;
7) алынган маалыматтарды жана көрүлгөн чаралар тууралуу ички иштердин жогору турган органынын нөөмөт бөлүгүнө маалымдайт;
Идиш жабыркап, таасири күчтүү уулуу заттар чачырап кеткен учурда акт түзүлөт, анын көчүрмөсү 24 сааттан кечиктирбей аймактык ички иштер органына жөнөтүлөт.
45. Токтоого мажбур болгон жерге келген жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнүн кызматкери:
1) транспорт токтогон жерди айдоочу Жол кыймылынын эрежелеринде жана ушул Эрежелердин 35-пунктунда каралган белгилер менен туура белгилегенин текшерет;
2) түзүлгөн жагдай тууралуу кезметчиге билдирме берет;
3) транспорт каражатын кооптуу жүгү менен коопсуз зонага эвакуациялоону уюштурат;
4) токтоонун себебин четтетүү үчүн болгон жардамын көрсөтөт;
5) жабыркоо очогун чектөөгө чараларды көрөт;
6) токтоонун себептери четтетилип, жабыркоо очогу жоюлгандан кийин кыймылды андан ары улантуу мүмкүндүгү жөнүндө нөөмөт бөлүгүнө билдирме берет.
46. Кооптуу жүктөрдү ташыганда келип чыккан жол-транспорт кырсыгы тууралуу маалымат же билдирүү түшкөндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын же ички иштер органынын бөлүмүнүн кезметчиси:
1) окуя болгон жерди жана убакытын, анын мүнөзүн жана кесепеттерин, жүктүн аталышын жана кооптуу касиеттерин, шашылыш чаралардын кодун, жүктүн агып же чачырап кеткенин же кетпегенин, күйүп жатканын же күйбөгөнүн, жабыркоо очогун тактайт;
2) медициналык тез жардамдын, өрт өчүрүүнүн, жарандык коргонуунун кызматкерлерин чакырат, кооптуу жүктүн түрү, анын кооптуулугу, шашылыш чаралардын коду, жабыркоо очогу жөнүндө аларга маалымат берет;
3) этияттыктын зарыл чаралары жөнүндө билдирип, жол-транспорт кырсыгы болгон жерге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнүн кызматкерлерин жөнөтөт;
4) жабыркаган адамдар жөнүндө маалыматтарды: аты-жөнүн, жаш курагын, үй дарегин, иштеген жерин, үйдөгү жана кызматтык телефон номерин; аларга медициналык жардам көрсөтүлгөндүгүн, кайда жана кандай транспорт менен бара жаткандыгын тактайт;
5) жол-транспорт кырсыгына тиешеси бар транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды: маркасын, мамлекеттик номерин, кимге таандыгын жана жайгашкан жерин тактайт;
6) билдирүүчү жөнүндө маалыматтарды: аты-жөнүн, үй дарегин, телефонун тактайт;
7) кырсык болгон жерге ыкчам топту жөнөтүүнү уюштурат;
8) ички иштердин жогору турган органынын нөөмөт бөлүгүнө жол-транспорт кырсыгы жөнүндө зарыл маалыматтарды жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалымдайт.
47. Жол-транспорт кырсыгы болгон жерге келген жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын нускоолорунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди аткарууга, ошондой эле төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жол-транспорт кырсыгы болгон жердин белгилер менен туура белгиленишин контролдоого жана аныкталган кемчиликтерди четтетүүгө;
2) жол-транспорт кырсыгынын кесепеттерин авария карточкасына, ал жок болгон учурда маалымат таблицаларында белгиленген шашылыш чаралар кодуна (мындан ары - ШЧК) ылайык жоюу ишине көмөк көрсөтүүгө;
3) зарыл болгон учурда жабыркоо очогунун жайылышын чектөөгө карата чараларды керүүгө;
4) жол-транспорт кырсыгынын кесепеттерин жоюунун жүрүшү жөнүндө кезметчиге мезгил-мезгили менен маалымдоо.
7. Кооптуулук жөнүндө маалымдоо системасы
48. Кооптуулук жөнүндө маалымдоо системасы (КМС) төмөнкүлөрдөн турат:
1) транспорт каражатын белгилөө үчүн маалымат таблицасынан;
2) жол-транспорт кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды аныктоо үчүн кооптуулук жөнүндө маалымдоо системасынын авариялык карточкасынан ушул Эрежелердин 7-тиркемесине ылайык форма боюнча;
3) маалымат таблицаларында көрсөтүлгөн шашылыш чаралардын коддорун чечмелөө үчүн кооптуулук жөнүндө маалымдоо системасынын маалыматтык карточкасынан ушул Эрежелердин 9-тиркемесине ылайык форма боюнча.
49. КМС маалыматтык таблицалары жүк алуучулар же ташуучулар, же кооптуу жүктү даярдоочулар тарабынан алардын ортосундагы келишимдер боюнча даярдалат.
50. Таблицаларды даярдоодо жана сырдоодо төмөнкү талаптарды сактоо зарыл:
1) таблицанын сол бөлүгүнүн фону - ак;
2) кооптуулук белгисинин фону ушул Эрежелердин 9-тиркемесине ылайык;
3) ШЧК (шашылыш чаралардын коду) графасынын жана кооптуу заттын номеринин фону - кызыл-сары;
4) ШЧК графасынын аталышы, кооптуу заттын номери жана "Жегич зат" кооптуулук белгисинин жазуусу ак түс менен жазылат;
5) таблицанын жээктери, графалардын ажыратуучу сызыктары, ШЧК, кооптуу заттын номери жана калган кооптуулук белгилериндеги жазуулар кара түс менен жазылат;
6) кооптуулук белгисинин жээктери 5 мм кем эмес калыңдыктагы белгинин четинен 5 мм аралыкта кара түс сызыгы менен боёлот;
7) ШЧК графаларында цифралар менен тамгалардын калыңдыгы жана кооптуу заттын номери 15 мм кем эмес, кооптуулук белгисинде 3 мм кем болбоого тийиш;
8) таблицанын алкагынын жээктеринин жана ажыратуу сызыктарынын калыңдыгы 15 мм;
9) шашылыш чаралардын цифралык тамгалык кодун жазууда башында цифралар, андан кийин тамгалар көрсөтүлөт.
Кичи тонналык жүк ташуучу автомобилдерде габарити чакан - 350x150 мм маалыматтык таблицалар орнотулат.
Ушул Эрежелердин 8-тиркемесинде көрсөтүлгөн маалыматтык таблицаларынын өлчөмдөрү ушул пунктта каралган өлчөмдөргө туура келүүгө тийиш.
51. КМС авариялык карточкасы конкреттүү кооптуу заттар менен буюмдарга берилген Коопсуз жүк ташуу шарттарында камтылган маалыматтардын негизинде жүк жөнөтүүчү же жүк алуучу тарабынан толтурулат жана автотранспорт ишканасы тарабынан жол баракчасына тиркелет. Ал кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражатында же калкалоочу автомобилде болот.
52. Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташууну контролдоочу ички иштер органдары КМС маалыматтык карточкасы менен камсыз кылынат.
53. ШЧК аныктоодо цифралар менен өрт чыкканда жана заттын агылып чыгуусунда ШЧК, ошондой эле заттардын агын сууларга жана көлмөлөргө түшүп кетүү кооптуулугунун деңгээли жөнүндө маалыматты белгилейт, ал эми тамгалар менен ШЧК адамдарды коргоодо белгилей турганын эске алуу керек. ШЧК бир, эки же андан ашык белгилерден (цифралардан жана тамгалардан) турушу мүмкүн. Ар бир белгиге жол-транспорт кырсыгынын же башка инциденттердин кесепеттерин жоюу боюнча белгилүү иш-аракеттер туура келет.
54. Кооптуу жүктөрдү ташууда жол-транспорт кырсыгы болгон же башка авариялык кырдаалда кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар КМС авариялык карточкасына ылайык жана КМС маалыматтык таблицасында көрсөтүлгөн ШЧК ылайык ишке ашырылат.
|
| Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринин 1-тиркемеси |
Кооптуу жүктөр жөнүндө негизги МААЛЫМАТ
1. Кооптуу жүктөргө "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ташууда, жүктөө жана түшүрүү иштерин аткарууда жана сактоо учурунда жарылууга, өрттүн же транспорт каражаттарын, кампаларды, түзүлүштөрдү, имараттарды, курулмаларды жабыркатууга, ошондой эле адамдарды жана жаныбарларды өлүмгө учуратууга, жаракат келтирүүгө, ууландырууга, күйүктөргө, нурланууга же ооруга чалдыгууга себеп болушу мүмкүн заттар менен буюмдар кирет.
2. Кооптуу жүктөр төмөнкүдөй класстарга бөлүнөт:
1-класс - жарылгыч заттар;
2-класс - басым астында кысылган, суюлтулган, эритилген газдар;
3-класс - оңой тутануучу суюктуктар;
4-класс - оңой тутануучу заттар жана материалдар;
5-класс - кычкылдантуучу заттар жана органикалык перекистер;
6-класс - уулуу (токсиндүү) заттар;
7-класс - радиоактивдүү жана инфекциялык заттар;
8-класс - жегич жана коррозиялык заттар;
9-класс - башка кооптуу заттар.
3. 1-класска (жарылгыч заттарга) төмөнкүлөр кирет:
- ташууга уруксат берилбеген (өтө кооптуу жарылгыч заттар, башкача айтканда өтө сезгич же өзүнөн-өзү оңой ажырай турган заттар) же кооптуулугунун басымдуу түрү башка класска туура келген заттардан тышкары жарылгыч заттар, башкача айтканда катуу же суюк заттар же заттардын аралашмасы, булар катуу ургаалдуулукта газды, температураны жана басымды бөлүп чыгаруу менен химиялык реакцияны жаратууга жөндөмдүү болуп, айланадагы буюмдардын жабыркашын пайда кылат;
- кокусунан от алууда же ташуу процессинде таңгагынын сыртында ар тарапка ыргуу, өрттөнүү, түтөө, ысып кетүү же добуш чыгаруу сыяктуу көрүнүштөргө алып келбеген же мындай касиеттерге ээ эмес өлчөмдө жарылгыч заттарды камтыган түзүлүштөрдөн тышкары, бир же бир нече жарылгыч заттарды камтыган буюмдар.
4. 2-класска (басым астында кысылган, суюлтулган, эритилген газдар) төмөндөгү шарттардын жок дегенде бирөөсүнө жооп берген заттар кирет:
- 20ºС температурада идиштеги ашыкча басым IX 105 Па (1 кг/см2) барабар болсо же ашса;
- 50ºС температурада буулардын абсолюттук басымы ЗхЮ5 Па (кг/см2) барабар болсо же ашса; эң жогорку жеткен температура 50ºС төмөн.
5. 3-класска (оңой тутануучу суюктуктар) ачык идиште 61ºС же жабык идиште 60ºС ашпаган жалындоо температурасына ээ суюктуктар, суюктуктардын аралашмасы, эритмелер жана суспензиялар (мисалы, лактоо, сырдоо материалдары) кирет.
6. 4-класска оңой тутануучу катуу заттар, өзүнөн-өзү күйүүчү заттар жана суунун таасири астында оңой тутануучу газдарды бөлүп чыгаруучу заттар кирет.
7. 5-класска кычкылдантуучу заттар жана органикалык перекистер кирет.
8. 6-класска (уулуу заттар) дем алууда (буу, чаң же аэроучуруулар) ууланууну пайда кылууга жөндөмдүү, ичке кирүүдө же тери менен катыш болгондо, төмөндөгү категориялардын жок дегенде бирине жооп берген токсиндүүлүк көрсөткүчтөрү бар заттар кирет:
өлүмгө алып келген орточо доза (ЛД50):
- катуу заттар ичке киргенде - 20 мг/кг көп эмес;
- суюк заттар ичке киргенде - 500 мг/кг көп эмес;
- териге таасир берүүдө - 1000 мг/кг көп эмес;
- өлүмгө алып келүүчү орточо концентрация (ЛК50):
- чаңды же аэроучуруулар менен дем алууда - 10 мт/л көп эмес;
- токсиндүүлүк температурасынын чеги (ТТЧ) - 55ºС жогору эмес;
- ингаляциялык жол менен уулануунун мүмкүн болгон коэффициенти - 0,2 кем эмес.
9. 7-класска 7,4/103 Бк. кг-1 (0,002 мкКи. г-1) ашкан үлүштүк активдүүлүгү менен радиоактивдүү заттар жана адам менен жаныбарлар үчүн коркунучтуу оору алып келүүчү микроорганизмдерди камтыган инфекциялык заттар кирет.
10. 8-класска түздөн-түз контакт болгон учурда өзүнүн химиялык таасири менен тирүү ткандарды олуттуу жабыркаткан заттар кирет, алар агып чыгууда же чачырап кетүүдө башка жүктөрдүн же транспорт каражаттарынын жабыркашын, керек болсо бузулушун алып келиши мүмкүн. Бул заттар башка кошумча кооптуу касиеттерге да ээ болушу ыктымал.
11. 9-класска өзүнүн касиеттери боюнча жогорудагы класстардын бирине да кирбеген, бирок аларды транспорт каражатынын айрым түрүндө ташуу учурунда коопсуздук чараларын сактоону талап кылган заттар кирет. Бул класска пиротехникалык заттар же аларды камтыган буюмдар, башкача айтканда жарылбаган экзотермикалык реакциялардын натыйжасында тышкы эффектилерди (от, добуш, газ же түтүн же алардын комбинациясын) чыгаруу үчүн арналган заттар же заттардын аралашмасы кирет.
|
| Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринин 2-тиркемеси |
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ташууга уруксат бере турган кооптуу заттардын жана буюмдардын ТИЗМЕГИ
Жарылгыч материалдар жана буюмдар
к/с | Кооптуу заттын номери | Жарылгыч материалдардын жана буюмдардын техникалык аталыштары | Сыйымдуулугунун топтору жана класстары | Шашылыш чаралардын коду |
1 | 0029 | КД-8 тибиндеги жардыруу иштери үчүн капсюля-детонаторлор, РП-8 тибиндеги электрдик эмес реле, электрдик эмес детонаторлор электрдик эмес жардырууга алып келүүчү каражаттар (алып келүүнүн электрдик эмес системасынын түзүлүшү), электрондук детонаторлор | 1.1В | Э |
2 | 0030 | Жардыруу иштери үчүн электр детонаторлору | 1.1В | Э |
3 | 0377 | Капсюля-тутандыргычтар | 1.1В | Э |
4 | 0160 | Түтүнсүз ок дары | 1.1С | 24Э |
5 | 0279 | Ыргытуучу дүрмөттөр | 1.1С | 24Э |
6 | 0027 | Гранулдагы же порошок түрүндө түтүндүү ок дары (кара) | 1.1D | 24Э |
7 | 0028 | Түтүндүү пресстелген ок дары (кара) же түтүндүү шашкадагы ок дары | 1.1D | 24Э |
8 | 0042 | Экинчи иреттеги детонаторлор (арадагы детонаторлор, шашкалар) | 1.1D | 24Э |
9 | 0059 | ЗКН, ЗКП типтеги өндүрүштүк кумулятивдик дүрмөттөр | 1.1D | 24Э |
10 | 0065 | ДША, ДШВ, ДШЭ, ДШТТ типтеги жардыруучу ийилчээк боо | 1.1D | 24Э |
11 | 0081 | Нитроэфирди камтыган, А типтеги бризанттык жарылгыч заттар (углениттер, детониттер) | 1.1D | 24Э |
12 | 0082 | В типтеги бризанттык жарылгыч заттар (аммониттер, граммониттер) | 1.1D | 24Э |
13 | 0084 | D типтеги бризанттык жарылгыч заттар (чоюлчаак жарылгыч заттар, аммоналдар, граммоналдар ж.б.) | 1.1D | 24Э |
14 | 0099 | Мунай жана башка скважиналар үчүн торпедалар | 1.1D | 24Э |
15 | 0124 | Мунай жана башка скважиналар үчүн перфоратордук дүрмөттөр | 1.1D | 24Э |
16 | 0288 | ШКЗ, УКЗ типтеги ийилчээк, түз сызыктуу кумулятивдик дүрмөттөр | 1.1D | 24Э |
17 | 0290 | Темир каптамдагы жардыруучу боо | 1.1D | 24Э |
18 | 0390 | Тритонал (аммотол) | 1.1D | 24Э |
19 | 0393 | Куйма гексатонал (ТГА аралашмасы) | 1.1D | 24Э |
20 | 0442 | Капсюля-детонаторсуз өндүрүштүк жарылгыч дүрмөттөр | 1.1D | 24Э |
21 | 0463 | Кумулятивдик дүрмөттөр | 1.1D | 24Э |
22 | 0102 | Темир каптамдагы жардыруучу боо | 1.2D | 24Э |
23 | 0439 | Капсюля-детонаторсуз өндүрүштүк кумулятивдик, анын ичинде, айнек (карапа) каптамдагы перфоратордук дүрмөттөр | 1.2D | 24Э |
24 | 0334 | Пиротехника каражаттары жана курамы | 1.2G | 24Э |
25 | 0161 | Түтүнсүз ок дары (АДС типтеги басымдын аккумуляторлору) | 1.3С | 24Э |
26 | 0242 | Курал-жарак үчүн ыргытуучу дүрмөттөр | 1.3С | 24Э |
27 | 0272 | Ракета кыймылдаткычтары үчүн ыргытуучу дүрмөттөр | 1.3С | 24Э |
28 | 0274 | Ракета кыймылдаткычтары үчүн ыргытуучу дүрмөттөр, композиттик аралашма | 1.3С | 24Э |
29 | 0054 | Сигналдык пистолеттик патрон-ракета | 1.3G | 24Э |
30 | 0092 | Фейерверктер, жарык сигналдык патрондор | 1.3G | 24Э |
31 | 0195 | Кеме кырсыгындагы сигналдар | 1.3G | 24Э |
33 | 0305 | Пиротехникалык буюмдар үчүн ок дары | 1.3G | 24Э |
34 | 0315 | Тутандыргычтар | 1.3G | 24Э |
35 | 0335 | Пиротехника каражаттары | 1.3G | 24Э |
36 | 0430 | Техникалык максаттар үчүн пиротехникалык буюмдар | 1.3G | 24Э |
37 | 0278 | Мунай жана башка скважиналар үчүн патрондор | 1.4G | 24Э |
38 | 0104 | Темир каптамдагы чабал таасир берген жардыруучу боо | 1.4D | 24Э |
39 | 0237 | Ийилчээк, түз сызыктуу кумулятивдик дүрмөттөр | 1.4D | 24Э |
40 | 0289 | Ийилчээк жардыруучу боо | 1.4D | 24Э |
41 | 0352 | Бризанттык жарылгыч заттарды камтыган буюмдар | 1.4D | 24Э |
42 | 0036 | От өткөрүүчү боо | 1.4G | 24Э |
43 | 0191 | Кол менен белги берүү түзүлүштөрү (фальшфейерлер) | 1.4S | 24Э |
44 | 0312 | От жагуучу патрондор | 1.4S | 24Э |
45 | 0317 | От жагуучу түтүктөр | 1.4S | 24Э |
46 | 0325 | Тутандыргычтар | 1.4S | 24Э |
47 | 0353 | Жарылгыч заттарды жана пиротехникалык каражаттарды камтыган буюмдар | 1.4S | 24Э |
48 | 0451 | Техникалык максаттар үчүн пиротехникалык буюмдар | 1.4S | 24Э |
49 | 0131 | От өткөрүүчү боонун жандыргычтары | 1.4S | 24Э |
50 | 0193 | Темир жолдун жарылгыч петардалары | 1.4S | 24Э |
51 | 0454 | Тутандыргычтар | 1.4S | 24Э |
52 | 0481 | Жарылгыч заттар (курамы аз газдуу) | 1.4S | 24Э |
53 | 0331 | В типтеги бризанттык жарылгыч заттар (гранулиттер, акваналдар, порэмиттер) | 1.5D | 24Э |
54 | 0332 | Е типтеги бризанттык жарылгыч заттар | 1.5D | 24Э |
55 | 0486 | Өтө төмөн сезгичтиктеги жарылгыч буюмдар | 1.6N | 24Э |
Эскертүү: Эл чарбасында колдонулушу мүмкүн болгон башка жарылгыч заттар жана буюмдар. Таблицанын көрсөткүчтөрү маалымат берүү үчүн түзүлгөн, улам толукталышы жана өзгөртүлүшү мүмкүн.
Таасири күчтүү уулуу заттар
№ | Тобу | Топтун мүнөздөмөсү | Типтүү өкүлдөрү |
1 | I | Сактоо температурасы 40ºС учпаган чуурума, катуу, токсиндүү жана таасири күчтүү уулуу заттар | Сулема, ксантогенат, мышьякка окшош ангидрид, мышьяк сыяктуу ангидрид, сары фосфор, алкалоиддер (стрихнин, бруцин, цинхонин ж.б.), алдрин, дилдрин, арсенат натрий, арсенит натрий, арсенит кальций, арсенат кальций, париж көгү, кремний фтордуу натрий, күкүрттүү натрий |
2 | II | Сактоо температурасы 40ºС учуучу чуурума, катуу, токсиндүү жана таасири күчтүү уулуу заттар | Фтордуу туздар, синиль кислотасынын туздары (циандуу натрий, циандуу кальций, циандуу калий, циандуу барий, циандуу коргошун, циандуу кадмий, циандуу цинк, циандуу күмүш, циандуу жана оксациандуу сымап, циандуу жез, циандуу "цианплав", "циклоп" дары каражаттары), гранозан, этил меркурфосфат, этил меркурхлорид, меркурин |
3 | III | Басым алдында сыйымдуу идиштерде сакталуучу учуучу суюк, токсиндүү жана таасири күчтүү уулуу заттар (кысылган жана суюлтулган газдар) | А кичи тобу Аммиак, көмүртек кычкылы. Б кичи тобу Хлор, күкүрттүү газ, күкүрт суутеги, фосген, бромметил |
4 | IV | Басымсыз сыйымдуу идиштерде сакталуучу учуучу суюк, токсиндүү жана таасири күчтүү уулуу заттар | А кичи тобу Нитро- жана амино бирикмесиндеги жыт берген катардагы синиль кислотасы, этил спирти Б кичи тобу Нитрил акрил кислотасы, никотин, анабазин, октаметил, тиофос, метафос, күкүрт көмүртеги, тетраэтилкоргошун, хлор аралашмасы (күкүрт көмүртегинин төрт хлордуу көмүртек менен аралашмасы), дифосген, дихлорэтан, хлортекрин, төрт хлорлуу көмүртек, крезилдүү жана ксиленелдүү аэрофлоттор, эфир, сымап |
5 | V | Түтөгөн кислоталар | 1,87 жана андан көп үлүштүк салмагы менен күкүрт кислотасы, 1,4 жана андан көп үлүштүк салмагы менен азот кислотасы, 1,15 жана андан көп үлүштүк салмагы менен туз кислотасы, хлорсульфондуу кислота, фтор суутектүү (плавикалуу) кислота, хлорангидриддер, күкүрт кислотасы, күкүрттүү кислота, пирокүкүрттүү кислота |
|
| Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринин 3-тиркемеси |
Форма
Кооптуу жүктөрдү ташууга УРУКСАТ БЕРҮҮ
Техникалык аталышы _________________________________________________________________
Кооптуу жүктүн классы жана кичи классы
____________________________________________________________________________________
Шашылыш чаралардын коду (ШЧК) _____________________________________________________
Кооптуу заттын номери ________________________________________________________________
Бир транспорт каражатындагы жүктүн жалпы салмагы ______________________________________ тонна
Жүктөрдү бир мезгилде ташыган транспорт каражаттарынын саны ____________________________
Жүк ташуу коопсуздугунун шарттары качан жана ким тарабынан бекитилген ____________________
_____________________________________________________________________________________
Жол жүрүүнүн өзгөчө шарттары
1. Жеткирүүдөгү жол берилген ылдамдык саатына _______________________________________________ км.
2. Калкалоо (бүтүндөй маршрутта, айрым участоктордо, зарыл эмес).
3. Жакшы көрүнбөгөн шартта ташуу (уруксат берилген, тыюу салынган).
4. Сутканын караңгы мезгилинде ташууга тыюу салынган.
Кооптуу жүктөрдү ташуу маршрутунун схемасы:
Иш мөөнөтү: 20___-жылдын "___" ____________________ тартып, 20_-жылдын "___" _______________ чейин.
_________________________________________________________________________________________________________
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматтык
адамынын аты-жөнү, кызмат орду, бөлүмү, наамы, колу, мөөрү жана берилген датасы.
Узартылган: 20___-жылдын "___" ____________________ тартып, 20_-жылдын "___" _______________ чейин.
_________________________________________________________________________________________________________
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматтык
адамынын аты-жөнү, кызмат орду, бөлүмү, наамы, колу, мөөрү жана берилген датасы.
|
| Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринин 4-тиркемеси |
Форма
Кооптуу жүктөрдү ташууга транспорт каражатына уруксат берүү тууралуу КҮБӨЛҮК
1. Бул күбөлүк, төмөндө көрсөтүлгөн транспорт каражаты Жол кыймылынын эрежелеринде жазылган талаптарга,
Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуунун коопсуздугун камсыздоо эрежелеринин, кооптуу жүктөрдү ташуу шарттарына жооп бере тургандыгын күбөлөндүрөт жана аларды ташууга уруксат берилет.
2. 20___-жылдын "___" ______________ чейин жарашуу.
3. Бул күбөлүк, көрсөтүлгөн транспорт каражатын иштетүүдөн чыгарып салганда, ээси алмашканда, күбөлүктүн иш мөөнөтү аяктаганда жана транспорт каражаты кайра жабдылган учурда, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо
чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын күбөлүктү берген бөлүмүнө кайтарылууга тийиш.
4. Транспорт каражатынын (автомобилдин, чиркеменин, жарым чиркеменин) маркасы жана модели __________________
5. Транспорт каражатынын ("автомобилдин, чиркеменин, жарым чиркеменин) мамлекеттик номери ___________________
6. Транспорт каражатынын кузовунун тиби: жабык, ачык, цистерна, чиркемеси бар (жок), жабык, ачык жарым чиркеме
(керектүүсүнүн астын сыз).
7. Ташуучунун аталышы жана анын дареги ___________________________________________________________________
8.Транспорт каражаты 20___-жылдын "___" ________________ текшерилген жана кооптуу жүктөрдү
(аталыштарын жана классын көрсөткүлө) ташууга уруксат берилет _____________________________________________
________________________________________________________________________________________________________
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматтык адамынын
аты-жөнү, кызмат орду, бөлүмү, наамы, колу, мөөрү жана берилген датасы
9. Бул күбөлүктүн иш мөөнөтү 20___-жылдын "___" _______________ чейин узартылган.
________________________________________________________________________________________________________
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматтык адамынын
аты-жөнү, кызмат орду, бөлүмү, наамы, колу, мөөрү жана берилген датасы.
|
| Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринин 5-тиркемеси |
Кооптуу жүктөрдү ташуу маршрутунун ырастамасын алуу үчүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ташуучу бере турган маалыматтардын ТИЗМЕГИ
1. Ташылуучу кооптуу жүктүн техникалык аталышы.
2. Кооптуу жүктүн классы, кичи классы.
3. Өрттөнүү кооптуулугу, жарылуу кооптуулугу. Тирүү организмдер үчүн кооптуулугу.
4. Шашылыш чаралардын коду жана кооптуу заттын номери.
5. Ташуу мөөнөтү: 20__-ж. "___" ______________ тартып, 20__-ж. "___" ______________ чейин.
6. Бир транспорт каражатында ташылуучу кооптуу жүктүн массасы (салмагы), жүктү бир учурда ташып баруучу транспорт каражаттарынын саны.
7. Маршруттун баштапкы, негизги арадагы жана акыркы калктуу пункттары.
8. Кыймылдын уруксат берилген максимумдук ылдамдыгы.
9. Калкалоочу автомобилдин жана резервдик автомобилдин болушу.
10. Оор жол шарттарында жол жүрүү (уруксат берилген же берилген эмес).
11. Болжолдогон токтоо, токтоп туруу, май куюу жерлери.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ырастамасында камтылууга тийиш болгон маалыматтардын, кооптуу жүктү ташуу маршруттарынын ТИЗМЕГИ
1. Кооптуу жүктөрү бар транспорт каражаттарына өтүүгө уруксат берилген калктуу пункттардын жана көчөлөрдүн аталыштары.
2. Кооптуу жүктөрү бар транспорт каражаттарына өтүүгө уруксат берилген калктуу пункттардан сырткары салынган жолдордун аталыштары.
3. Кыймылдын чектелген ылдамдыгы.
4. Токтоого жана токтоп турууга тиешелүү чектөөлөр.
5. Кыймылдын башка шарттары.
6. Жүк ташуу маршрутунун иш мөөнөтү.
|
| Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринин 6-тиркемеси |
Кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн айдоочуга уруксат берүү тууралуу КҮБӨЛҮК
Транспорт каражатынын айдоочусу
1. Фамилиясы ___________________________________________________________
2. Аты _________________________________________________________________
3. Атасынын аты ________________________________________________________________________ берилди, ал
__________________________________________________________________________________________________
кооптуу жүктөрдүн конкреттүү түрүнүн же тобунун аталышы
жүктү коопсуз ташуу шарттары менен таанышып чыкты, окутуудан,
инструктаждан өткөн жана аталган жүктү ташууга уруксат берилди.
Окутуу | 20__-ж. "___" __________________ | өткөрүлдү. |
Инструктаж | 20__-ж. "___" __________________ | өтүлдү. |
Медициналык текшерүү | 20__-ж. "___" __________________ | жүргүзүлдү. |
Күбөлүктүн иш мөөнөтү | 20__-ж. "___" __________________ | чейин. |
Ташуучу __________________________________________________________________________________________
20__-ж. "___" __________________
Маалыматтар такталган:
_________________________________________________________________________________________________
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматтык адамынын аты-жөнү, кызмат орду, бөлүмү, наамы, колу, мөөрү жана берилген датасы.
|
| Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринин 7-тиркемеси |
Форма
Кооптуулук жөнүндө маалымат берүү системасынын АВАРИЯЛЫК КАРТОЧКАСЫ
Кооптуу заттардын техникалык аталышы
__________________________________________________________________________________________
Башка аталышы (синонимдер)
__________________________________________________________________________________________
Кооптуу заттын классы жана кичи классы
__________________________________________________________________________________________
Шашылыш чаралардын коду (ШЧК)
__________________________________________________________________________________________
Кооптуу заттын номери
__________________________________________________________________________________________
Бир транспорт каражатында ташууга мүмкүн болгон заттын эң жогорку
брутто массасы же бир таңгактын массасы жана алардын максимумдук саны
__________________________________________________________________________________________
Кооптуу жүк катары ташууга мүмкүн болгон заттын чектелген брутто саны
же бир транспорт каражатындагы таңгактарынын саны
__________________________________________________________________________________________
Заттардын жарылуу кооптуулугу
__________________________________________________________________________________________
Заттардын өрттөнүү кооптуулугу
__________________________________________________________________________________________
Тирүү организмдер үчүн кооптуулугу
__________________________________________________________________________________________
Өрттө сунушталган өрт өчүрүүчү каражаттар
|
| Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринин 8-тиркемеси |
Транспорт каражатын белгилөө үчүн МААЛЫМАТ ТАБЛИЦАСЫ
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
| Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринин 9-тиркемеси |
Форма
Кооптуулук жөнүндө маалымат берүү системасынын МААЛЫМАТТЫК КАРТОЧКАСЫ
Кооптуу жүктөрдү ташуу ________________________________________________________
Кооптуулук жөнүндө маалымат берүү системасы __________________________________
Транспорт каражатын белгилөө __________________________________________________
* | ** |
*** |
* - Өрттө жана агылып чыгууда шашылыш чаралардын коду.
** - Кооптуулук белгиси.
*** - Кооптуу заттын номери.
1. Суу пайдаланылбайт! Өрт өчүрүүчү кургак каражаттарды колдонуу керек.
2. Суу агымын колдонуу.
3. Сууну чачыратып колдонуу.
4. Көбүктү же хладондор негизиндеги курамды колдонуу.
5. Заттарды агын сууларга коштурбоо.
6. Дем алуу аппараты жана колду коргогон кол каптар зарыл.
7. Дем алуу аппараты жана колду коргогон кол каптар өрт учурунда гана зарыл.
8. Толук сактаган кийимдин комплекти жана дем алуу аппараты зарыл.
9. Элдерди эвакуациялоо зарыл.
|
| Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринин 10-тиркемеси |
Кооптуу жүктүн конкреттүү түрүн Коопсуз ташуу шартында жазылууга тийиш болгон негизги суроолордун ТИЗМЕГИ
Жалпы жоболор
1. Ташуу шарттарынын иш мөөнөтү.
2. Ушул шарттардын күчү таркатылган кооптуу заттардын техникалык аталыштары жана алардын синонимдери.
3. Заттын эң жогорку брутто массасы же бир таңгагынын массасы жана бир транспорт каражатында ташууга мүмкүн болгон алардын максимумдук өлчөмү.
4. Сыйымдуулук таблицасы же аталган зат менен бирге ташууга тыюу салынган заттардын тизмеги.
5. Заттардын чектелген саны же ташылышы кооптуу болбогон жүк катары эсептөөгө мүмкүн болгон бир транспорт каражатындагы таңгактардын саны.
6. Кооптуу заттар ташылышы мүмкүн таралар жана аларга коюлган талаптар.
7. Бошогон идишти ташуу шарттары.
8. Жүк ташууга жооптуу адамды бөлүп берүү зарылдыгы.
9. Сакчы адамдарды бөлүп берүү зарылдыгы.
Кооптуу жүктөрдү ташууда транспорт каражаттарынын кыймылын уюштуруу
1. Ташуу маршрутун тандоо жана макулдашуу.
2. Калкалоочу автомобилди жана резервдик автомобилди бөлүп берүү зарылдыгы жана алардын кыймылынын тартиби.
3. Тизмекте кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугун камсыздоо боюнча негизги суроолор көрсөтүлгөн. Коопсуз ташуунун шарттары башка суроолорду да камтышы мүмкүн (жүктөө, түшүрүү шарттарын ж.б.).
4. Кыймылдын уруксат берилген максимумдук ылдамдыгы.
5. Татаал жол шарттарында жүрүү (уруксат берилген же берилген эмес).
6. Колонна болуп жүрүүдө транспорт каражаттарынын ортосундагы аралык, ошондой эле коштоп жүрүүчү адамдардын жайгашуусу.
7. Токтоого мажбур болгондо транспорт каражатын жолдун четинен нары эвакуация кылуу зарылдыгы.
8. Токтоолорду уюштуруу (анын ичинде түнөп калуу).
9. Транспорт каражаттарына күйүүчү май куюу шарттары.
Кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарына кошумча талаптар
Кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттары "Дөңгөлөктүү транспорт каражатынын коопсуздугу жөнүндө" ТР ТС 018/2011 Бажы бирлигинин техникалык регламентинин талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын айдоочуларына коюлган кошумча талаптар
1. Кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн айдоочуга уруксат берүү шарттары.
2. Аталган жүктүн түрү менен транспорт каражатын токтотууга мажбур болгондо айдоочунун иш-аракеттери (автомобилдин бузулушу, таранын жабыркаган себептери боюнча).
3. Жол-транспорт кырсыгы (мындан ары - ЖТК) болгон учурда айдоочунун иш-аракеттери.
4. Кооптуу жүктөрдү ташууда айдоочу сактоого тийиш болгон шарттар.
Кооптуу жүктү коштоп жүрүүчү адамдарга коюлган талаптар
1. Тара (таңгагы) жабыркаган учурда жана башка мүмкүн болгон авариялык жагдайларда коштоп жүрүүчү адамдардын иш-аракеттери.
2. Транспорт каражатын токтотууга мажбур болгондо коштоп жүрүүчү адамдардын иш-аракеттери (автомобилдин бузулушу ж.б. себептер боюнча).
3. ЖТК болгон учурда коштоп жүрүүчү адамдардын иш-аракеттери.
4. Коштоп жүрүүчү адамдардын жүк ташуунун коопсуздугун камсыздоого байланыштуу милдеттери.
Кооптуулук жөнүндө маалымат берүү системасы
1. Кооптуулук жөнүндө маалымат берүү системасынын авариялык карточкасы (бардык маалыматтары менен).
2. Бир нече кооптуу заттарды ташыган учурда авариялык карточкасы ар бир затка толтурулат.
3. Эгерде орнотулушу зарыл болсо, транспорт каражатын белгилөө үчүн маалымат таблицасынын чиймеси (бардык маалыматтары менен).
4. Шашылыш чаралардын коддорунун сыпатталышы.
5. Кооптуу заттын номери.
6. Кооптуу жүктүн конкреттүү түрүн коопсуз ташуу шарттары иштелип чыккан ченемдик документтердин тизмеси.