Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-августундагы № 422 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-апрели № 213
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-апрелиндеги № 192 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуунун, сатып алуунун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун тартиби жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 195 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-апрелиндеги № 192 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуунун, сатып алуунун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун тартиби жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 195 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы "он күн" деген сөздөр "үч ай" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |