Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-майы № 234
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (ѳкγлчγлγктѳрдγ) мамлекеттик каттоо жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (ѳкγлчγлγктѳрдγ) мамлекеттик каттоо жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын) долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министиринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Гражедандык кодекси жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (ѳкγлчγлγктѳрдγ) мамлекеттик каттоо жѳнγндѳ " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу
1- берене
Кыргыз Республлкасьшын Граждандык кодексинин I бѳлγгγнѳ (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл., № 6, 80-ст.) тѳмѳнкγдей ѳзгѳртγγлѳр киргизилсин:
1) 97-статьяньш 1-пункту кγчγн жоготту деп таанылсын;
2) 98-статьянын 1-пунктунда:
- биринчи абзац теменкудей редакцияда баяндалсын:
"1. Жоюу комиссиясы (жоюучу) юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы же сот тарабынан юридикалык жакты жоюу жана жоюу комиссиясын шайлоо (дайындоо) жѳнγндѳ чечим кабыл алынган кγндѳн тартьит бул жѳнγндѳ юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону ишке ашырган органга жазуу жγзγндѳ, юридикатык жактарды мамлекеттик катгоо жѳнγндѳ мыйзамда белгиленген мѳѳнѳттѳ кабарлайт. Кабарлоодо ушул бѳлγктѳ каралган чечимдин кѳчγрмѳсγн милдеттγγ тγрдѳ тиркѳѳ менен анын кредиторлорунун талаптарын билдирγγ тартиби жана мѳѳнѳттѳрγ жѳнγндѳ маалымат камтылышы керек. Мында анын кредиторлорунун талаптарын билдирγγ мѳѳнѳтγ жоюлгандыгы жѳнγндѳ жарыяланган учурдан тартыл эки айдан аз болбошу керек.";
тѳмѳнкγдѳй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону ишке ашырган орган кабарлоону
алып, юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жѳнγндѳ мыйзамда белгиленген мѳѳнѳттѳ мамлекеттик реестрге юридикалык жак жоюлуу процессинде экендиги жѳнγндѳ жазууну киргизγγгѳ жана бул тууралуу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жѳнγндѳ мыйзамда каралган мамлекеттик органдарга билдирγγгѳ милдеттγγ.''.
2- берене
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (ѳкγлчγлγктѳрдγ) мамлекеттик каттоо жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл., № 8, 922-бер.) тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγлѳр киргизилсин:
13-берененин 1 жана 2-бѳлγктѳрγ тѳмѳнкγдѳй редакцияда баяндалсын:
"1. Жоюу комиссиясы (жоюучу) юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы же сот тарабынан юридикалык жакты жоюу жана жоюу комиссиясын шайлоо (дайындоо) жѳнγндѳ чечим кабыл алынган кγндѳн тартып 3 жумуш кγндγн ичинде бул жѳнγндѳ каттоочу органга жазуу жγзγндѳ кабарлайт. Кабарлоодо ушул бѳлγктѳ каралган чечимдин кѳчγрмѳсγн милдеттγγ тиркѳѳ менен анын кредиторлорунун талаптарын билдирγγ тартиби жана мѳѳнеттѳрγ жѳнγндѳ маалымат камтылышы керек. Мында анын кредиторлорунун талаптарынын билдирγγ мѳѳнеттѳрγ жоюлгандыгы жѳнγндѳ жарыяланган учурдан тартып эки айдан аз болбошу керек.
2. Каттоочу орган юридикалык жакты жоюу жѳнγндѳ кабарлоону алып, 7 жумуш кγндγн ичинде мамлекеттик реестрге юридикалык жактын жоюлуу процессинде экендиги жѳнγндѳ жазууну киргизγγгѳ жана бажы органдарына жана Социалдык фондго кабарлоого милдеттγ.».
3-берене
Ушул мыйзам расмий жарыяланган кγндѳн тартып он кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет
Кыргыз Республикасынын Президенти