Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 235 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жобо
1. Ушул тартип Казакстан Республикасы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) талаптарынан айырмаланган талаптар колдонулган санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынууга тийиш болгон товарларды жана андан өндүрүлгөн продукцияларды (мындан ары - контролдонуучу товар) мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) жол-жобосун белгилейт.
2. Өз ара аракеттенүү жана контролдонуучу товарларды өткөрүү жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби ушул Тартиптин жана 2015-жылдын 16-октябрында Бурабай поселогунда кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып кирүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколдун негизинде ишке ашырылат.
2. Мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) уюштуруу
3. Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып кирүүчү контролдонуучу товарлар документациялык жана жеке контролдонууга тийиш.
Документациялык контролдо коштоочу документтер текшерилет.
Жеке контроль төмөнкүлөрдү камтыйт:
- контролдонуучу товарларды кароо;
- коштоочу документтерде көрсөтүлбөгөн контролдонуучу товарлардын бар экендигин жокко чыгаруу максатында көрсөтүлгөн документтердеги маалыматтарга контролдонуучу товарлардын шайкеш келүүсүн текшерүү;
- контролдонуучу товарларды ташуу үчүн зарыл болгон белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарга транспорт каражатынын шайкештигин контролдоо;
- өткөрүү (ташуу) шарттарын жана режимин контролдоо;
- таңгактоонун жана маркалоонун техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин контролдоо.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында товардын ээси (жүк жөнөтүүчү) же ташуучу (алуучу, товардын ээси) ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук тармагында мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамына ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматты (мындан ары - маалыматтар) эки нускада берет.
Маалыматтарда контролдонуучу товарлардын ээси (жүк жөнөтүүчү) же ташуучу (алуучу, товардын ээси) төмөнкүлөрдү чагылдырат:
- ТЭИ ТН тобу боюнча контролдонуучу товардын аталышы;
- контролдонуучу товардын салмагы;
- ташылып кирүүчү контролдонуучу товарга эсеп-фактуранын (инвойс) реквизиттери;
- контролдонуучу товарды алуучунун реквизиттери (аты-жөнү, аталышы жана юридикалык дареги, жашаган жери боюнча каттоо);
- контролдонуучу товарды жөнөтүүчүнүн реквизиттери (аты-жөнү, аталышы жана юридикалык дареги, жашаган жери боюнча каттоо);
- контролдонуучу товардын чыккан өлкөсүн байкоого алууну ырастоочу документтер (берүүчү менен алуучунун ортосундагы келишим, ЕАЭБдин ветеринардык сертификаты же шайкештик жөнүндө декларация же шайкештик сертификаты).
5. Маалыматтарда каталарды оңдоого, сызып оңдоого жол берилбейт.
6. Контролдонуучу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзитинде Маалыматтар көрсөтүлбөйт. Бул учурда контролдонуучу товардын ээси (жүк жөнөтүүчү) товарга карата декларациянын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамына жана өткөрүү пунктундагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик көзөмөлдү (контролду) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамына көрсөтөт.
7. Өткөрүү пунктундагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы өткөрүү пунктунда контролдонуучу товарларды карап чыгат (таңгакты ачпастан жана товарларды унаа каражатынан түшүрбөстөн) жана контролдонуучу товардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөндүгү тууралуу өткөрүү пунктунун аталышын жана датасын көрсөтүү менен Маалыматтын эки нускасына тең штамп коёт. Мында, Маалыматтын бир нускасы өткөрүү пунктундагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик көзөмөлдү (контролду) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамында калат, экинчиси ээсине (жүк жөнөтүүчүгө) же ташуучуга (алуучуга, товардын ээсине) берилет.
8. Чыккан өлкөсүн байкоого алуу боюнча документтер менен чыккан өлкөсү ырасталбаган контролдонуучу товарларды табууда өткөрүү пунктундагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик көзөмөлдү (контролду) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча актыны үч нускада түзөт. Актынын бир нускасы шайкеш келбеген контролдонуучу товардын ээсине (жүк жөнөтүүчүгө) же шайкеш келбеген контролдонуучу товарды ташуучуга (алуучуга, товардын ээсине) берилет, экинчи нускасы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик көзөмөлдү (контролду) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталат, үчүнчү нуска Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамына өткөрүп берилет.
9. Шайкеш келбеген контролдонуучу товарларды ташып кирүү токтотула турат. Бул товар ээсине (жүктү жөнөтүүчүгө) же ташуучуга (алуучуга, товардын ээсине) кайтарылууга тийиш.
10. Кайра кайтаруу үчүн аны ташып кирүү токтотулган, шайкеш келбеген контролдонуучу товар жөнүндө маалымат ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделген, шайкеш келбеген контролдонуучу товарды токтотуп туруу же кайра кайтарууну эсепке алуу журналына жазылат. Шайкеш келбеген контролдонуучу товарды токтотуп туруу же кайра кайтарууну эсепке алуу журналы чек аралык ветеринардык контролдоо пунктунда жүргүзүлөт.
11. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайкеш келбеген контролдонуучу товар жөнүндө ыкчам маалыматты ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча Казакстан Республикасынын санитардык жана фитосанитардык чаралар чөйрөсүндөгү тийиштүү ыйгарым укуктуу органына жөнөтөт.
|
| Казакстан Республикасы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин талаптарынан айырмаланган талаптар колдонулган санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынууга тийиш болгон товарларды жана андан өндүрүлгөн продукцияларды мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) тартибине 1-тиркеме |
№ | Контролдонуучу товардын ТЭИ ТН боюнча аталышы | Контролдонуучу товардын салмагы | Алынып келип жаткан контролдонуучу товарларга эсеп-фактуралардын (инвойс) реквизиттери | Контролдонуучу товарды алуучунун реквизиттери (аты-жөнү, аталышы жана юридикалык дареги, жашаган жери боюнча катталышы) | Контролдонуучу товарды жөнөтүүчүнүн реквизиттери (аты-жөнү, аталышы жана юридикалык дареги, жашаган жери боюнча катталышы) | Ветеринардык-санитардык чаралар чөйрөсүндөгү ЕАЭБдин белгиленген талаптарына ылайык келген контролдонуучу товарлардын жана алардан өндүрүлгөн продукциянын чыккан өлкөсүнүн байкоого алынышын ырастоочу документтер |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Казакстан Республикасы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин талаптарынан айырмаланган талаптар колдонулган санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынууга тийиш болгон товарларды жана андан өндүрүлгөн продукцияларды мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) тартибине 2-тиркеме |
201_-ж."___" ________________
Мен, ____________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
________________________________________________________ ветеринардык инспектор тарабынан,
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________ ээсинин же ташуучунун
(товарды алуучу, менчик ээси) өкүлүнүн жана башкалардын катышуусунда:
________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду, уюмдун аталышы)
________________________________________________________________________________________
кайра кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алынды
________________________________________________________________________________________
(товарлардын аталыштары, салмагы)
________________________________________________________________________________________
келген жери ______________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
(өлкөнүн, региондун аталышы, жөнөтүүчүнүн аталышы жана дареги, телефон номери)
________________________________________________________________________________________
(транспорт каражатынын түрү жана номери)
коштоочу документтери боюнча _____________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
(ветеринардык сертификат, сапатынын жана коопсуздугунун күбөлүгү)
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
Жөнөтүүчү _______________________________________________________________________________
Алуучу __________________________________________________________________________________
Кайра кайтаруунун себептери: ______________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
МО
Колдору:
________________________________________________________________________________________
1. Актыны түзгөн кызмат адамы
________________________________________________________________________________________
2. Ээси же ташуучу (товарды алуучу, менчик ээси)
________________________________________________________________________________________
3. Башка жактар
________________________________________________________________________________________
Акт ____________________ нускада түзүлдү.
№ ____________ шайкеш келбеген контролдонуучу товарды кайра кайтаруу жөнүндө акттын 1-нускасын
алдым: _________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду)
№ ____________ шайкеш келбеген контролдонуучу товарды кайра кайтаруу жөнүндө акттын 2-нускасын
алдым: _________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду)
№ ____________ шайкеш келбеген контролдонуучу товарды кайра кайтаруу жөнүндө акттын 3-нускасын
алдым: _________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду)
|
| Казакстан Республикасы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин талаптарынан айырмаланган талаптар колдонулган санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынууга тийиш болгон товарларды жана андан өндүрүлгөн продукцияларды мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) тартибине 3-тиркеме |
№ | Контролдонуучу товарды кармаган күнү, убакыты жана кармоо себеби | Фирманын аталышы, анын дареги, контролдонуучу товардын түрү жана саны | Контролдонуучу товардын шайкеш эместиги аныкталган документтин аталышы жана номери | Шайкеш келбеген контролдонуучу товарды токтотуп туруу же кайра кайтаруу жөнүндө чечим чыгарган кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду | Маалыматты берген кызмат адамынын колу |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
|
| Казакстан Республикасы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин талаптарынан айырмаланган талаптар колдонулган санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынууга тийиш болгон товарларды жана андан өндүрүлгөн продукцияларды мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) тартибине 4-тиркеме |
№ | Кармалган күнү | Транспорт каражаты (түрү жана номери) | Контролдонуучу товардын саны | Өлкөнүн, региондун аталышы, жөнөтүүчүнүн аталышы жана дареги | Кармоонун себеби | Контролдонуучу товардын шайкеш эместиги аныкталган документтин аталышы жана номери |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
__________________________________________ (Аты-жөнү, кызмат орду) |
|
|
|
|
|
_________________________________________ (МО) | ___________________ (Колу) | ____________________ (Датасы) |