Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-апрели № 197
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункттун алтынчы абзацындагы "кызматкерлерине" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин камсыз кылуу боюнча кызматчыларына, адистер тобуна жана кенже техникалык персоналына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункт "Президентинин" деген сөздөн кийин "жана Өкмөтүнүн" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |