Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-февралындагы № 120 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры № 584
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 76, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 197, 2016-жылдын 5-августундагы № 432 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражатын сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына тапшырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 584 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 76, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 197, 2016-жылдын 5-августундагы № 432 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Резервдик фонддон каражат бөлүүнүн тартиби
3. Каражатты пайдалануу үчүн жоопкерчилик, резервдик фонддун каражаты боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык республикалык бюджетте жыл сайын түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан (мындан ары - резервдик фонд) каражат бөлүүнүн тартибин аныктайт.
2. Резервдик фонддон каражат бөлүүнүн тартиби
2. Резервдик фонд республикада Кыргыз Республикасынын тийиштүү жылга карата республикалык бюджетин бекитүүдө алдын ала каралышы мүмкүн эмес болгон экономикалык, социалдык-маданий жана башка иш-чараларга байланыштуу күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу үчүн, анын ичинде төмөнкүдөй максаттарга пайдаланылат:
- мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган социалдык-маданий объекттерди ремонттоого, материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын чыңдоого байланыштуу финансылык жактан колдоо көрсөтүүгө;
- Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгектин ардагерлерине, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө салым кошкон Кыргыз Республикасынын чыгаан ишмерлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында 10 жана андан ашык жыл иштеген пенсионерлерге бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- калктын оор турмуштук кырдаалга кабылган аялуу катмарына, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир убакта үч же андан ашык бала төрөлгөндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү коомдук жана саясый ишмерлеринин ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча иштерди каржылоого;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын материалдык-техникалык камсыздоого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин камсыз кылуу боюнча кызматчыларына, адистер тобуна жана кенже техникалык персоналына материалдык жардам көрсөтүүгө;
- республикалык социалдык, маданий-массалык жана башка иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө кошумча финансылык жардам көрсөтүүгө;
- олуттуу социалдык-маданий мааниге ээ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык кечиктирбестен каржылоо талап кылынган башка максаттарга.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 76, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 197 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Резервдик фонддон каражат алуучулар мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары болушат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 197, 2016-жылдын 5-августундагы № 432 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер резервдик фонддон каражат берүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тармактык бөлүмүнө кайрылышат. Кайрылууда каражатты түпкү алуучулар, каражат жумшалуучу иш-чаралар жана каржылоонун көлөмү жөнүндө толук маалымат болууга тийиш.
Мындай кайрылууларды карап оң жыйынтык чыгарылганда министрликтер жана администрациялык ведомстволор же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фонддон каражат бөлүү жөнүндө чечиминин долбоорун даярдашат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-августундагы № 432 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Резервдик фонддун каражатын пайдалануу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-августундагы № 432 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Мамлекеттик органдар өз иштерин жүргүзүшкөндө жыл сайын өткөрүүчү иш-чараларга, ошондой эле чыгым республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен каржыланууга тийиш болгон учурларда резервдик фонддон каражат бөлүү жөнүндө кайрылуу каралбайт.
3. Каражатты пайдалануу үчүн жоопкерчилик, резервдик фонддун каражаты боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби
7. Резервдик фонддун каражаты өзү аркылуу пайдаланылчу мамлекеттик органдар резервдик фонддун акча каражаты сакталышы, өз максатына жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтүү болушат.
8. Резервдик фонддун акча каражатын пайдаланууга жана калган калдыкка мониторингди Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-августундагы № 432 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаты өзү аркылуу каржыланчу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражатынын пайдаланылышы жөнүндө отчет түзүшөт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген тартипте беришет.