Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-майы № 240
Салыктык карыз боюнча өндүрүп алууга мүмкүн болбогон мүлктүн түрлөрүнүн убактылуу тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 75-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салыктык карыз боюнча өндүрүп алууга мүмкүн болбогон мүлктүн түрлөрүнүн убактылуу тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги эки айлык мөөнөттө өндүрүп алууга мүмкүн болбогон мүлктү аныктоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардагы коллизияларды жоюуга багытталган ченемдик укуктук актынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2016-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Экономикалык ишке тиешеси жок жана жеке жактын же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн күнүмдүк жеке пайдалануусу үчүн арналган салык төлөөчүнүн-жеке жактын төмөнкүдөй мүлкүнө салыктык карызы боюнча өндүрүп алынбайт:
1) негизги иши айыл чарбасы болгон адамдардын - жалгыз ую, ую жок болгон учурда - жалгыз музоосу, ую да, музоосу да жок чарбаларда - жалгыз кою, эчкиси же чочкосу, ошондой эле үй канаттуулары;
2) жаңы тоют жыйноого же малды жайытка чыгарууга чейин зарыл болгон тоют, кезектеги себүү ишине керектүү үрөн;
3) карызкорго жана анын багуусундагы адамдарга зарыл болгон үй жасалгасынын предметтери, буюм-тайымдары жана кийим-кечек:
- кийим-кечек - ар бир кишиге: бир жайкы же күзгү пальто, бир кышкы пальто же тон, бир кышкы костюм (аялдар үчүн эки кышкы көйнөк), бир жайкы костюм (аялдар үчүн эки жайкы көйнөк), ар бир сезонго бирден баш кийим (мындан тышкары, аялдар үчүн эки жайкы жоолук жана жылуу же шалы жоолук), узак мезгилден бери пайдаланууда болгон жана байлык деп эсептелбеген башка кийим-кечек жана баш кийимдер;
- пайдаланууда болгон бут кийим, ич кийим, төшөнчү, кухня жана ашкана эмеректери (кымбат баалуу материалдан жасалган, ошондой эле көркөмдүк баалуулукка ээ болгон буюмдардан тышкары);
- эмерек - ар бир кишиге бирден керебет жана отургуч, бир стол, үй-бүлөгө бир шкаф жана бир сандык;
- балдардын бардык буюмдары;
4) эгерде карызкордун негизги иштеген иши айыл чарбасы болсо, анда карызкор жана анын үй-бүлөсү үчүн жаңы түшүмгө чейин зарыл болгон азык-түлүк, ал эми калган учурларда - карызкордун үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсү үчүн тамак-аш жана эң аз эмгек акынын өлчөмүндөгү акча каражаты;
5) тамак-аш жасоо үчүн жана жылытуу сезонунун ичинде үй-бүлө жашаган турак жайды жылытуу үчүн зарыл болгон отун;
6) карызкор соттун өкүмүнө ылайык тийиштүү иш-аракет менен алектенүү укугунан ажыратылган же буюмдар мыйзамсыз иштер үчүн пайдаланылган учурлардан тышкары, карызкордун кесиптик иштерин улантуу үчүн зарыл болгон буюм-тайымдар (анын ичинде окуу куралдары жана китептер).