Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-майы № 253
«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жѳнγндѳ " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж. № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 25-1-статьясынын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Пенсия дайындоо же пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндө арыз ал кабыл алынган күндөн тартып отуз жумушчу күндүн ичинде же ушул статьянын 3-пунктуна ылайык кошумча документтер берилген күндөн тартып каралат. Аталган арызды канааттандыруудан баш тарткан учурда мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруучу орган тиешелүү чечим чыгарылган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул тууралуу арыздануучуга кабарлайт, анда баш тартуунун себептери жана ал боюнча даттануунун тартиби көрсөтүлөт жана ошол эле мезгилде кайрылган адамга документтерди кайтарып берет.";
2) 26-1-статьясынын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Пенсионерлердин пенсияны кайра эсептөө жөнүндө арызы керек болгон бардык документтер менен кабыл алынган күндөн тартып отуз жумушчу күндүн ичинде каралат. Пенсияны кайра эсептөөдөн баш тарткан учурда мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу орган тиешелүү чечим чыгарылгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде бул тууралуу арыз ээсине кабарлайт жана андан баш тартуунун себептери жана даттануунун тартиби көрсөтүлөт жана ошол эле мезгилде кайрылган адамга документтерди кайтарып берет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти