Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-майы № 274
"Ѳнѳр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жѳнγндѳ"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ѳнѳр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
" Ѳнѳр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Too" гезити, 2015-жылдын 26-майы, № 48-49) тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγлѳр киргизилсин:
25-беренеде:
- биринчи абзацтагы "сотто" деген сѳз "Кыргыз Республикасынын административдик иш жѳнγндѳ мыйзамдарьна ылайык" деген сѳздѳр менен алмаштырылсын.
- экинчи абзац кγчγн жоготту деп таанылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган кγндѳн тартып он кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти