Редакцияот 12.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 12-августу № 441

"Тегеран шаарында 2015-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "Тегеран шаарында 2015-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Тегеран шаарында 2015-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча) бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп аныкталсын.

 

Премьер-министри

С. Жээнбеков

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Тегеран шаарында 2015-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

Тегеран шаарында 2015-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө иран тарапка билдирсин.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти