Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 443
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, «Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, «Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, «Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 241-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлор киргизилсин:
1) 28-статьясынын 2-бөлүгүндө:
« , анын ичинде суу пайдаланууга атайын уруксатты» деген сөздөр алып салынсын, ал эми «чечимге» деген сөздөн кийин «административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми кийин» деген сөздөр менен толукталсын:
«Суу пайдаланууга атайын уруксат сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.»;
2) 87-статьясынын 4-бөлүгү «чечими» деген сөздөн кийин «даттануунун административдик (сотко чейинки) тартибин милдеттүү түрдө сактоо менен» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берен
«Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомсттору, 1994-ж., № 2 64-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-беренесинин 3-бөлүгү «милдеттүү жана» деген сөздөр дөн кийин «административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми кийинки» деген сдөр менен толукталсын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийн күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын президенти