Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 447
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.У. Жапаров жана Д.Д. Бекешов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 447 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.У.Жапаров жана Д.Д.Бекешов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)" (мындан ары - Мыйзамдын долбору) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Расмий тилдеги Мыйзамдын долбоорунун аталышын "конституционный Закон" деген сөздөрдөн кийин "Кыргызской Республики" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси менен "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына I топтогу майыптыгы бар Өкмөттүн мүчөсү эмгек акысы мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнүүчү кошумча бир жардамчы алууга укуктуу экендигин караштырган өзгөртүү киргизилет.
Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор аны кабыл алган ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) тарабынан ушундай эле түрдөгү ченемдик укуктук актыны кабыл алуу (чыгаруу) жолу менен киргизиле тургандыгын белгилейбиз.
Буга байланыштуу, аталган Мыйзамдын 17-беренесинин ченемдерин эске алуу менен конституциялык Мыйзамга кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө конституциялык Мыйзам менен гана жол бериле тургандыгын белгилейбиз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүндө ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет деп белгиленген.
Ошону менен бирге, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизиле тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкү редакцияда баяндалышын сунуштайбыз:
"3-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.".
4. Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүүнү караштырат.
Ошону менен бирге, Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында мыйзам кабыл алынган учурда ушул Мыйзамга ылайык келтирилүүчү ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат жок.
Ушуга байланыштуу аталган Мыйзамга ылайык келтирилүүчү ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат менен негиздеме-маалымкатты толуктоону сунуштайбыз.
Эгерде мындай ченемдик укуктук актылар жок болсо Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
5. Ошондой эле, Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында башка ченемдик укуктук актыларга карама-каршылыктарды жоюу максатында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченеминин өзгөртүлгөндүгүнө көңүл бурабыз.
Ошол эле учурда берилген Мыйзамдын долбоорунда сунушталган өзгөртүүлөр жок экенин белгилей кетүү керек.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган сунуштарды эске алуу менен бул Мыйзамдын долбоорун кабыл алууга болот деп эсептейт.