Редакцияот 29.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 29-августу № 462

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, А.А.Алтыбаева, М.К.Жеенчороев, У.Т.Кыдыралиев, Д.А.Джумабеков, Т.Б.Исакунова, М.И.Бакиров, Жунус уулу Алтынбек, А.Ж.Акматов, А.Н.Шыкмаматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Премьер-министри

С. Жээнбеков

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2016-жылдын 29-августундагы

№ 462 токтому менен жактырылган

 

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, А.А.Алтыбаева, М.К.Жеенчороев, У.Т.Кыдыралиев, Д.А.Джумабеков, Т.Б.Исакунова, М.И.Бакиров, Жунус уулу Алтынбек, А.Ж.Акматов, А.Н.Шыкмаматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, сын-пикирлердин жана сунуштардын жок экендигин билдирет.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайык келет деп эсептейт.