Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-августу № 457
"Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 126828552,6 миң сом суммасында жана чыгымдар боюнча 150150490,9 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 23321938,3 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 23321938,3 миң сом суммасында каражат 1-тиркемеге ылайык жумшалсын.
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2017-2019-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2018-2019-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:
1) 2018-жылга кирешелер боюнча болжол - 129769117,0 миң сом суммасында, 2019-жылга - 138188281,9 миң сом суммасында;
2) 2018-жылга чыгымдар боюнча болжол - 152113978,5 миң сом, 2019-жылга - 156800984,0 миң сом суммасында;
3) Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу - 22344861,5 миң сом суммасында, 2019-жылга - 18612702,1 миң сом суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2018-2019-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир дайындуу мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2018-2019-жылдарга болжолу 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин жана 2018-2019-жылдарга болжолунун чыгымдарды каржылоого каражаттар 4, 5 жана 6-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5-берене.
1. 2017-2019-жылдарга мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгымдар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. 2017-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2900000,0 миң сом суммасында бекитилсин, 2017-жылга жана мурунку жылдарга түзүлгөн тизмеде бекитилген курулуш объекттерин алардын артыкчылыктарын эске алуу менен бүткөрүүгө жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 400000,0 миң сом багытталсын.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2017-жылы - 500000,0 миң сом суммасында, 2018-жылы - 600000,0 миң сом, 2019-жылы 700000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотацияларды алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.
6-берене.
1. Корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, тамак-аш азыктарын сатып алуу, социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардамдарды берүү боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери боюнча чыгымдарды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
2. Бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундардын түзүлгөндүгүнө жана алардын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
3. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча жеке чыгымдарды толугу менен камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2017-2019-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
7-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) эгерде Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген сумманын чегинде ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөрдөн, өндүрүштүн көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоолорду киргизүүгө укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына ылайык, өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча ушул Мыйзамга тийиштүү оңдоолорду киргизүү жөнүндө Мыйзам кабыл алынганга чейин аткарылышы мүмкүн.
8-берене.
2017-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 150000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
9-берене.
1. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2017-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
2. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2018-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо суммасынын болжолу 8-1, 8-2-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
10-берене.
1. 2017-жылга төмөнкүдөй чегерүүлөрдүн ченемдери:
1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөр: шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн салык агенти төлөөчү киреше салыгы жана сатуудан алынуучу салык - 50 пайыз өлчөмүндө;
2) ыктыярдуу патенттин негизинде салык, милдеттүү патенттөө негизинде салык, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөр шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджетинин карамагына - 100 пайыз өлчөмүндө;
3) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти, стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо) алардын иштелип чыккан жери (жайгашкан орду) боюнча шаарлардын жана айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө;
4) республикалык бюджетке жер казынасын пайдалануу үчүн салык (бонустар) 100 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
2. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолду ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпайт.
11-берене.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммасынын жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтарылышы 9-тиркемеге ылайык 2017-жылы - 203471,9 миң сом, 2018-жылы - 142632,7 миң сом, 2019-жылы - 142352,3 миң сом суммасында камсыздалсын.
12-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңөөчү трансферттердин өлчөмү 10-тиркемеге ылайык чыгымдардын 1818161,0 миң сом жалпы суммасында бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2018-2019-жылдарга республикалык бюджетинен теңөөчү трансферттердин өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына теңөөчү трансферттер биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгымдарды каржылоого жөнөтүлсүн.
4. Республикалык бюджеттен теңөөчү трансферттердин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгымдарды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышат.
5. Мыйзамдар менен каралган ыйгарым укуктардын чегинде, жер салыгы боюнча базалык коюмдарды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин көбөйүүсү, ушул Мыйзам менен бекитилген 2017-2019-жылдарга теңөөчү трансферттердин өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбей тургандыгы белгиленсин.
13-берене.
Эмгек акынын эң аз өлчөмү 2017-жылга - 1200,0 сом, 2018-жылга - 1300,0 сом, 2019-жылга - 1400,0 сом суммасында белгиленсин.
14-берене.
1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатсыз багыттар боюнча пайдаланылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.
Кайтаруу негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарбаган, ошондой эле аларды пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөргөн шартта мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрүн кыскартуу же токтотуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары жоопкерчилик тартышат.
2. Бюджеттик мекемелерге, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо, казыналык системасынан четтөө менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Аталган тартип бузулган учурда, атайын каражаттардын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынат.
15-берене.
Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгымдар кийинки жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралсын.
16-берене.
Сот органдарынын чечимдерине ылайык жеке адамдарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин жана административдик ведомстволордун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
17-берене.
1. Пилоттук министрликтердин жана административдик ведомстволордун 2017-2019-жылдарга программалык бюджети 11, 11-1-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
2. Министрликтердин бюджеттерин толук жана өз убагында аткаруу 11-1-тиркемеге ылайык камсыздалсын.
3. Министрликтер бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна аткаруу жөнүндө отчетторду квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 11-1-тиркемеге ылайык берип турсун.
18-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |