Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-сентябры № 486
Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде ар айдагы жөлөкпулду берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө
Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү иш-аракеттерди өбөлгөлөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 1-сентябрынан 2017-жылдын 1-сентябрына чейин Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда, Чүй облусунун Аламүдүн районунда жана Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде ар айдагы жөлөкпулду берүү боюнча пилоттук долбоор жүзөгө ашырылсын.
2. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө пилоттук долбоордун алкагында социалдык контракттын негизинде ар айдагы жөлөкпулду берүүнүн убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик менен бирге:
- пилоттук долбоорду ишке ашырууга катышкан Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин аймактык бөлүнүштөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин окутуу боюнча иш-чараларды уюштурсун жана окутууну өткөрсүн;
- пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча сунуштарды киргизсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш, 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет жана 2017-жылдын 1-сентябрына чейин колдонулат.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | С. Жээнбеков |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-сентябрындагы № 486 токтому менен бекитилген |
1. Ушул Убактылуу тартип балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде ар айдагы жөлөкпулду (мындан ары - жөлөкпул) алууга ниеттенген үй-бүлөлөргө жөлөкпул берүүнүн шарттарын жана механизмин аныктайт.
2. Ушул Убактылуу тартипте төмөнкү түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
- социалдык контракт - бул балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн (мындан ары - аз камсыз болгон үй-бүлө), эмгек жана социалдык өнүгүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн (мындан ары - аймактык бөлүнүш) ортосундагы өз ара милдеттенмелери жөнүндө келишим (макулдашуу), ага ылайык аймактык бөлүм эки транш (бөлүктөр) менен он эки айлык жөлөкпул суммасынын 75 пайыздан ашык эмес өлчөмүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир жолку сумма түрүндө даректик социалдык жардамды берүүгө милдеттенет, ал эми аз камсыз болгон үй-бүлө Социалдык адаптация программасында каралган иш-чараларды ишке ашырууга милдеттенет;
- Социалдык адаптация программасы - аймактык бөлүнүштүн аз камсыз болгон үй-бүлө менен бирге иштеп чыккан, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн жашоосунун сапатын жакшыртуу үчүн айыл чарба же ишкердик ишин өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын программасы;
- эркин эмгек потенциалы - Социалдык адаптация программасын ишке ашыруу үчүн тартылышы мүмкүн болгон аз камсыз болгон үй-бүлөнүн эмгек ресурстары (эмгектенүүгө жөндөмдүү жумушсуз же жарым-жартылай ишке жөндөмдүү аз камсыз болгон үй-бүлөнүн мүчөлөрү);
- мүлктүк потенциал - Социалдык адаптация программасын ишке ашыруу процессинде пайдаланылышы мүмкүн болгон аз камсыз болгон үй-бүлөнүн активдери (киреше алып келүүчү ишти жүргүзүүгө зарыл болгон жер үлүшү, айыл чарба малы, чарбалык курулуштары, жайлары жана/же жабдуулары).
3. Социалдык контракттын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- социалдык системадан толук көз карандысыздыкты алуу жана коомдук жашоого толук катышуу максатында жашоо деңгээлин жогорулатууга аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү кызыктыруу;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн эркин эмгек потенциалын жана мүлктүк потенциалын тартуу;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын жүрүм-турумундагы жан бактылык себептерин төмөндөтүү.
4. Жөлөкпул алган же болбосо жөлөкпул чектөө үчүн биринчи жолу кайрылган жана белгиленген критерийлерге жооп берген аз камсыз болгон үй-бүлө социалдык контракт түзүүгө укуктуу.
5. Социалдык контракт түзүүгө укук алуу үчүн негизги критерийлер болуп төмөнкүлөр саналат:
- жөлөкпулду социалдык контракттын негизинде алууга каалоосу;
- эркин эмгек потенциалынын болушу;
- мүлктүк потенциалынын болушу.
6. Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн өкүлү (мындан ары - арыз ээси) социалдык контракт түзүүгө укук алуу үчүн факт түрүндө жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына кайрылат, эмгек жана социалдык өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) бекиткен форма боюнча социалдык контракт түзүүгө арыздын (мындан ары - арыз) бланкын толтурат.
7. Арыз аймактык бөлүм тарабынан социалдык контрактты түзүү үчүн арыздардын эсебин алуу журналында катталат, анын формасын ыйгарым укуктуу орган бекитет.
8. Социалдык адаптация программасы ыйгарым укуктуу орган белгилеген форма боюнча аймактык бөлүм тарабынан арыз ээси менен бирге түзүлөт.
9. Социалдык контрактты арыз ээси менен түзүү боюнча чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) тарабынан кабыл алынат.
3. Комиссиянын иш тартиби
10. Социалдык контрактты түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоо максатында комиссиянын жыйындарын өткөрүүнүн графигин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы бекитет, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын имаратындагы тактайчаларда илинет.
11. Комиссиянын катчысы комиссиянын жыйындарына материалдарды даярдоону уюштурат жана күн тартибин комиссиянын мүчөлөрүнө билдирет, ошондой эле социалдык контрактты түзүүгө арыздардын каралышы жөнүндө арыз ээлерине кабарлайт.
12. Комиссиянын жыйынына милдеттүү түрдө аймактык бөлүмдүн өкүлдөрү жана комиссиянын жыйынында арызы карала турган арыз ээси чакырылат.
13. Эгерде Социалдык адаптация программасында жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга тиешелүү маселелер каралган учурда комиссиянын жыйынына жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иштин тиешелүү түрү боюнча өкүлдөрү, ошондой эле бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
14. Комиссиянын жыйынында:
- социалдык контрактты түзүүгө талапкер аз камсыз болгон үй-бүлөнүн эмгек жана мүлктүк потенциалы талкууланат;
- аймактык бөлүм тарабынан арыз ээси менен бирге даярдалган Социалдык адаптация программасы каралат;
- арыз ээсине тактоочу суроолор берилет;
- зарылдыгына жараша Социалдык адаптация программасына түзөтүүлөр киргизилет;
- Социалдык адаптация программасында каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон эки транш түрүндөгү бир жолку төлөмдөрдүн өлчөмдөрү, ошондой эле транштардын (бөлүктөрдүн) бериле турган мөөнөттөрү каралат жана жактырылат.
15. Жыйындын жыйынтыгы боюнча комиссия ушул Убактылуу тартиптин 4 жана 5-пункттарына ылайык социалдык контракты түзүү же андан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
16. Комиссиянын чечими ачык добуш берүү аркылуу жөнөкөй көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын чечими комиссиянын төрагасы же комиссиянын отурумунда төрагалык кылган адам кол коё турган протокол менен таризделет.
17. Ушул Убактылуу тартиптин 4 жана 5-пункттарынын шарттарына ылайык келбегендик социалдык контрактты түзүүдөн баш тартууга негиз болот.
18. Комиссиянын чечими социалдык контрактты түзүү үчүн арыздардын эсебин алуу журналына жазылат.
19. Социалдык контрактты төлөө алуучунун каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалдары же коммерциялык банктар аркылуу жүргүзүлөт.
20. Комиссия тандап алган үй-бүлөлөр менен ыйгарым укуктуу орган бекиткен формадагы социалдык контракт (мындан ары - арыз ээси) түзүлөт.
21. Социалдык контракт эки нускада түзүлөт. Бир нускасы арыз ээсине берилет, экинчи нускасы аймактык бөлүнүштө калат.
Социалдык контрактка төмөнкүлөр тиркелет:
- Социалдык адаптация программасынын көчүрмөсү;
- формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген Социалдык адаптация программасынын аткарылышы жөнүндө отчёт.
22. Социалдык контракт түзгөн жөлөкпул алуучулардын иштери өздүк делого топтолот, алар аймактык бөлүнүштө башка өздүк делолордон өзүнчө сакталат.
23. Арыз ээсинин өздүк делосу төмөнкү документтерден турат:
- социалдык контракт түзүүгө арыз;
- Социалдык адаптация программасынын түп нускасы;
- социалдык контракт;
- комиссия жыйынынын протоколу;
- арыз ээси тарабынан Социалдык адаптация программасынын аткарылышы жөнүндө аймактык бөлүнүшкө квартал сайын берилүүчү отчёттор.
24. Социалдык контракттын алкагында төлөөлөр эки транш (бөлүктөр) менен жүргүзүлөт. Транштардын (бөлүктөрдүн) суммасы Социалдык адаптация программасында каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттардын негизинде аныкталат. Мында эки транштын (бөлүктөрдүн) жалпы суммасы жөлөкпулдун он эки айлык суммасынын 75 пайызынан жогору болбошу керек.
Өзгөчө учурда, комиссиянын чечимине ылайык Социалдык адаптация программасында каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттардын негизинде төлөм жөлөкпулдун он эки айлык суммасынын 100 пайызында төлөнөт.
25. Жөлөкпулду дайындоо үчүн биринчи жолу кайрылган жарандарга социалдык контракт боюнча чектөөлөр жана төлөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте таризделет.
26. Эгерде социалдык контракт алуучуга жөлөкпул чектелип жана төлөнүп жаткан болсо, мурда чектелген жөлөкпулду төлөө токтотулат жана жөлөкпул төмөнкүдөй өлчөмдө жаңы чектелет:
- белгиленген тартипте ар айда төлөнүүчү сумманын 25 пайызынан кем эмес;
- Социалдык адаптация программасына ылайык калган сумма (ар айдагы сумманын 75 пайызынан көп эмес) 12 айга көбөйтүлөт жана эки транш (бөлүк) менен төлөнөт.
27. Социалдык адаптация программасын ишке ашыруунун бүткүл мезгилинде социалдык контрактты түзгөн үй-бүлөнү коштоо аймактык бөлүнүш тарабынан жүргүзүлөт.
28. Социалдык адаптация программасын ишке ашыруу процессинде социалдык контрактты түзгөн үй-бүлөнү коштоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Социалдык адаптация программасын ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча кеңеш берүү;
- калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмдөрү аркылуу же эксперттик колдоонун жардамы менен социалдык контракт түзүүчү үй-бүлөлөрдү окутууга көмөктөшүү;
- социалдык контрактты түзгөн үй-бүлөгө Социалдык адаптация программасын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга көмөк көрсөтүү маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өтүнүчтөрдү жиберүү.
29. Эгерде Социалдык адаптация программасында каралган акча каражаттары максатсыз пайдаланылса, социалдык контракт аймактык бөлүнүштүн сунушуна ылайык комиссия тарабынан бир тараптуу негизде бузулушу мүмкүн.
Социалдык контрактты бузууга негиз болгон социалдык контракттын бузулушунун жагдайларын аныктаган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде комиссия тарабынан социалдык контрактты бузуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
Социалдык контрактты бузуу тууралуу чечим аны кабыл алган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде социалдык контракт түзгөн үй-бүлөгө социалдык контрактты бузуу себебин көрсөтүү жана контракттын шарттарын бузгандыгы үчүн финансылык санкциялар жөнүндө маалымат менен жазуу жүзүндө жиберилет.
30. Жүйөсүз себептер боюнча социалдык контракт бузулганда социалдык контракт түзгөн үй-бүлөгө жөлөкпул кайра эсептелбейт жана жөлөкпул чектелген мезгилдин акырына чейин жөлөкпулдун суммасынын 25 пайызы өлчөмүндө төлөнөт.
31. Пилоттук долбоордун натыйжалуулугуна мониторингди ай сайынкы негизде аймактык бөлүнүш жүргүзөт.
32. Мониторинг отчёттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин социалдык контракт түзүүчү үй-бүлө тарабынан квартал сайын аймактык бөлүнүшкө ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген формада берилген маалыматтын жана социалдык контракт түзүүчү үй-бүлөнү коштоо процессинде алынган маалыматтын негизинде жүргүзүлөт.
33. Мониторингдин көрсөткүчтөрү талдоого алынат жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген үлгүдөгү форма боюнча мониторинг жүргүзүлгөн айдан кийинки айдын 15ине чейин отчёт түрүндө ыйгарым укуктуу органга ай сайын берилет.
34. Пилоттук долбоордун мезгил аралык натыйжалуулугу төмөнкү көрсөткүчтөрдү колдонуу менен бааланат:
1) социалдык адаптация программаларына ылайык пландаштырылган көрсөткүчтөр боюнча окутуудан өткөн аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн үлүшү;
2) акча каражаттарын максаттуу багыты боюнча пайдаланышкан социалдык контракт түзгөн үй-бүлөлөрдүн үлүшү;
3) пландаштырылган көрсөткүчтөн сатып алынган мүлктүн үлүшү;
4) максаттуу пайдалануу үчүн сатып алынган мүлктүн үлүшү;
5) катышуучулардын пландаштырылган санынан социалдык контрактты алууга иш жүзүндө тартылган алуучулардын (адамдын) үлүшү;
6) эмгек ишмердиги боюнча оң таасири бар, социалдык контракт түзгөн үй-бүлөлөрдүн үлүшү.
35. Пилоттук долбоордун натыйжалуулугуна жыйынтык баа берүүдө төмөнкүдөй көрсөткүчтөр колдонулат:
1) социалдык контракттын иштеп башташына салыштырмалуу контракт аяктаган мезгилде турмуштук оор кырдаалдан чыккан жарандардын жан башына болгон кирешеси жогорулаган жарандардын үлүшү;
2) жөлөкпул алуучулардын тизмесинен чыккан социалдык контракт түзгөн үй-бүлөлөрдүн үлүшү.