Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 694 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-сентябры № 495
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин өркүндөтүү жана оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Лицейи Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору болуп кайрадан аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2016-жылы издеп табуу зарыл болгон кошумча каражаттардын тизмесине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борборунун курсанттарын форма кийим менен камсыздоо үчүн каражатты киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-майындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Жээнбеков |