Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-сентябрындагы № 495 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-майы № 286
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы лицейинин тарбиялануучуларынын тамагын уюштуруу жана тамак берүүнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы лицейинин тарбиялануучулары үчүн тамак-аштын суткалык ченеми тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы лицейинин тарбиялануучулары үчүн тамак-аш ченемдерин камсыздоого кошумча каражаттарды издештирсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы лицейинин тарбиялануучулары үчүн тамак-аштын суткалык ченеми
№ | Продуктулардын аталышы | 1 адамга суткасына тамак-аш продуктуларынын массасы (грамм менен) |
1 | Кара буудайдын майдаланганынан жана 1 сорттогу буудай унунун аралашмасынан нан | 250 |
2 | 1 сорттогу буудай унунан ак нан | 400 |
3 | Печенье | 20 |
4 | 1 сорттогу буудай уну | 30 |
5 | Ар түрдүү акшак (анын ичинде буурчак) | 70 |
6 | Күрүч | 35 |
7 | Макарон азыктары | 30 |
8 | Эт | 150 |
9 | Балык | 100 |
10 | Өсүмдүк майы | 30 |
11 | Каймак май | 35 |
12 | Сүт | 200 |
13 | Каймак | 25 |
14 | Быштак | 25 |
15 | Жумурдун уузу кошулган катуу сыр | 10 |
16 | Жумуртка, даана | 1 |
17 | Кумшекер | 65 |
18 | Аш тузу | 20 |
19 | Чай | 1 |
20 | Кофе суусундугу же какао (порошок) | 4 |
21 | Лавр жалбырагы | 0,2 |
22 | Калемпир | 0,3 |
23 | Горчица порошогу | 0,3 |
24 | Уксус | 2 |
25 | Томат пастасы | 6 |
26 | Картошка крахмалы | 5 |
27 | Пресстелген камыр ачыткы | 0,1 |
28 | Картошка | 400 |
29 | Капуста | 100 |
30 | Кызылча | 30 |
31 | Сабиз | 50 |
32 | Пияз | 40 |
33 | Чеснок | 10 |
34 | Бадыраң, помидор, тамыры жемиш өсүмдүктөр, көк-сөк | 40 |
35 | Кургатылган мөмө-жемиштер | 20 |
36 | Жаңы мөмө-жемиштер (1-июлдан баштап 1-декабрга чейин берилет) | 200 |
37 | Мөмө жемиш повидлосу же джем | 20 |
38 | Көп витаминдүү препарат "Гексавит", драже (15-апрелден баштап 15-июнга чейин берилет) | 1 |