Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-августу № 470
2016-2017-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн адистиктеринин тизмегин жана билим берүү уюмдарында окутууга кабыл алуу үчүн бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-2017-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн адистиктеринин тизмеги жана билим берүү уюмдарында окутууга кабыл алуу үчүн бюджеттик орундардын саны тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору кесиптик орто билим берүүнүн ведомстволук уюмдарына карата 2016-2017-окуу жылына окутуунун бюджеттик түрүнө кабыл алуу планын бекитишсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 30-августунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Жээнбеков |
Тиркеме
№ | Шифр | Адистиктердин аталышы | Бюджеттик орундардын саны |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | |||
1 | 050601 | Музыкалык билим берүү | 50 |
2 | 050702 | Тарбиялык иштерди уюштуруу | 25 |
3 | 050704 | Мектепке чейинки билим берүү | 125 |
4 | 050709 | Башталгыч класстарда окутуу | 525 |
5 | 050720 | Дене тарбия | 60 |
6 | 070602 | Дизайн (тармактар боюнча) | 46 |
7 | 070802 | Көркөм-колдонмо искусство жана элдик кол-өнөрчүлүк | 9 |
8 | 070903 | Скульптура | 9 |
9 | 070907 | Живопись (түрлөрү боюнча) | 9 |
10 | 080110 | Экономика жана бухгалтердик эсеп | 25 |
11 | 080106 | Финансы | 25 |
12 | 080107 | Салык жана салык салуу | 25 |
13 | 080114 | Жер-мүлктүк мамиле | 20 |
14 | 110201 | Агрономия | 25 |
15 | 110301 | Айыл чарба механизациясы | 25 |
16 | 110302 | Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу | 75 |
17 | 111102 | Айыл чарбасындагы ишкердик | 25 |
18 | 111201 | Ветеринария | 100 |
19 | 120101 | Колдонмо геодезия | 25 |
20 | 120301 | Жерге жайгаштыруу | 25 |
21 | 130403 | Тоо кен иштерин ачуу | 25 |
22 | 130404 | Пайдалуу казындылардын кендерин жер астында иштетүү | 25 |
23 | 130503 | Мунай зат жана газ чыккан жерлерди иштетүү жана пайдалануу | 25 |
24 | 140206 | Электр станциялары, тармактар жана системалар | 25 |
25 | 140212 | Электр менен жабдуу (тармактар боюнча) | 50 |
26 | 140613 | Электрдик жана электр-механикалык жабдууларды техникалык пайдалануу жана тейлөө (тармактар боюнча) | 25 |
27 | 150411 | Өнөр-жай жабдууларын монтаждоо жана техникалык пайдалануу (тармактар боюнча) | 25 |
28 | 151001 | Машина куруу технологиясы | 25 |
29 | 190503 | Транспорттук электр жабдууларын пайдалануу жана автоматика (транспорттун түрлөрү боюнча, суу транспортун кошпогондо) | 25 |
30 | 190604 | Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо | 75 |
31 | 190605 | Көтөрүүчү-транспорттук, курулуш, жол машиналарын жана жабдууларын техникалык пайдалануу | 25 |
32 | 190701 | Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу (транспорттун түрлөрү боюнча, аба транспортун кошпогондо) | 50 |
33 | 210406 | Байланыш тармактары жана коммутация системалары | 25 |
34 | 220206 | Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча) | 50 |
35 | 230108 | Компьютердик системалар жана комплекстер (тармактар боюнча) | 25 |
36 | 230109 | Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо | 50 |
37 | 260202 | Нан, кондитер жана макарон азыктарынын технологиясы | 25 |
38 | 260204 | Ачыткы өндүрүшүнүн технологиясы жана шарап жасоочулук | 25 |
39 | 260303 | Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы | 25 |
40 | 260901 | Тигилген буюмдардын технологиясы | 25 |
41 | 270103 | Имараттарды жана курулмаларды куруу жана пайдалануу | 102 |
42 | 270110 | Ички сантехникалык түзүлүштөрдү жана желдетүүнү монтаждоо жана пайдалануу | 50 |
43 | 270206 | Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу жана пайдалануу | 25 |
44 | 270301 | Архитектура | 50 |
45 | 280201 | Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо | 50 |
46 | 280401 | Мелиорация, рекультивация жана жерди коргоо | 25 |
47 | 2010-жылдын апрель, май, июнь окуяларында каза болгон адамдардын, кайрылман статусу бар адамдардын жана чет өлкөдө жашаган этностук кыргыздардын балдары үчүн орундардын саны | 25 | |
Бардыгы: | 2195 | ||
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | |||
48 | 060101 | Дарылоо иши | 275 |
49 | 060102 | Акушердик иш | 325 |
50 | 060104 | Медициналык-профилактикалык иш | 25 |
51 | 060104 | Стоматология | 25 |
52 | 060108 | Фармация | 50 |
53 | 060109 | Медициналык айым иши | 560 |
54 | 060110 | Лабораториялык диагностика | 75 |
Бардыгы: | 1335 | ||
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги | |||
55 | 070102 | Аспаптарда аткаруу (аспаптардын түрлөрү боюнча) | 129 |
56 | 070104 | Вокалдык искусство | 22 |
57 | 070106 | Хорго дирижордук кылуу | 22 |
58 | 070109 | Эстраданын музыкалык искусствосу (түрлөрү боюнча) | 18 |
59 | 070113 | Музыка теориясы | 10 |
60 | 070201 | Актердук искусство | 24 |
61 | 070302 | Хореографиялык искусство | 40 |
62 | 070602 | Дизайн (тармактар боюнча) | 16 |
63 | 070802 | Көркөм-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк | 18 |
64 | 070907 | Живопись (түрлөрү боюнча) | 19 |
65 | 071202 | Китепкана ишин жүргүзүү | 48 |
66 | 071402 | Социалдык-маданий иштер (түрлөрү боюнча) | 90 |
Бардыгы: | 456 | ||
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги | |||
67 | 160901 | Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык пайдалануу | 20 |
68 | 160902 | Учуучу аппараттарды күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу | 20 |
69 | 160904 | Электрлештирилген жана пилотаждык-навигациялык комплекстерди техникалык пайдалануу | 20 |
Бардыгы: | 60 | ||
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | |||
70 | 050721 | Дене тарбия | 25 |
Бардыгы: | 25 | ||
Жыйынтыгы: | 4071 | ||