Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-августу № 451
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж.Рыспаев тарабынан демилгеленген "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | С. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 451 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж.Рыспаев тарабынан демилгеленген "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып төмөнкүдөй жыйынтыкка келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунда аталган Мыйзам мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт деп белгилөө сунушталган. Өз кезегинде, мыйзамдын долбоорунун 2-бөлүмү жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын (6-берене) жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды (7-берене) аныктайт. Аталган мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары мыйзамдын башка беренелеринде дагы аныкталат.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруучу бийликтин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тиешелүү кандайдыр бир эрежелерди мыйзам деңгээлинде бекемдөө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине карама-каршы келерин белгилей кетүү керек.
Мисалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган конституциялык Мыйзамдын 11-беренесине ылайык аталган конституциялык Мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарга негизденип министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосундагы аларды ишке ашыруу боюнча функцияларды бөлүштүрөт, ошондой эле аталган мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду бекитет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган ыйгарым укуктары түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине негизделет, ага ылайык Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын ишин жетектейт жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын Өкмөткө баш ийип иш жүргүзөрүн аныктоочу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине негизделет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, жогоруда аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жана компетенцияларын жөнгө салуучу жоболорду мыйзамдын долбоорунан алып салууну сунуштайбыз, зарылдыкка жараша аларды ченемдик эскертүүлөргө трансформациялоону сунуштайбыз.
Ошондой эле, бул мыйзамдын долбоорунун 2-бөлүмүндө төмөнкүдөй эки мамлекеттик органдын: жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты долбоорлоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарынын аныкталганын белгилей кетүү керек.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө", токтомун (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 745-VI токтомунун редакциясында) ишке ашыруу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик агенттиги түзүлгөн, ага Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасы тармагында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча иш-милдеттери өткөрүлүп берилди.
Ошентип, азыркы учурда жер казынасы тармагындагы саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функциялар бир мамлекеттик органга жүктөлгөн.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтому менен жер казынасын пайдалануучулардын жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну жана сактоону контролдоо боюнча функциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына берилгенин белгилей кетүү керек.
Мындан тышкары, мыйзамдын долбоорунда мамлекеттик бийлик органдарына шилтеме берүүдө ар кандай түшүнүктөрдүн пайдаланылгандыгын белгилей кетүү керек. Мисалы, мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинде "жер казынасын пайдалануу жагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" жана "жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" шилтемелер жасалат; мыйзамдын долбоорунун 20-беренесинде - "жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" шилтеме жасалат; мыйзамдын долбоорунун 26-беренесинде - "жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органга" ж.б. шилтеме жасалат.
Ошону менен бирге укук колдонуу практикасында проблемаларды жоюу максатында мамлекеттик органды көрсөтүү үчүн бирдей аталышты пайдалануу зарылдыгын белгилейбиз. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүндөгү өзгөрүүлөрдү эске алуу менен мыйзамдын долбоорунун тийиштүү жоболорун жалпысынан кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
2. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктунда экономиканы өнүктүрүү үчүн улуттук долбоорлорду ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен жер казынасынын каалаган бош участогуна конкурстарды, аукциондорду өткөрбөй туруп жана биринчи берилген табыштаманын эрежелерин сактабастан белгилүү бир жакка жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечим кабыл алууга укук берүү сунушталат.
Ошону менен бирге мыйзамдын долбоорунун 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жер казынасын пайдалануу укугу конкурстарды, аукциондорду өткөрүү жолу менен жана "биринчи берилген табыштама" эрежеси боюнча гана берилиши мүмкүн деп белгилейбиз. Мында мыйзамдын долбоору ушундай жол менен жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн башка тартибин аныктоочу жоболорду камтыбайт.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренеси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин негизги принциптеринин бири бул мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү (мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот) принциби экенин аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыга алышпайт. Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жана мыйзамдарды ишке ашырууну жана өркүндөтүүнү камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу укугу болуп саналат. Мында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин компетенттүүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык аныкталат жана жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине макулдук берүү боюнча ыйгарым укуктарды камтыбайт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктун алып салууну сунуштайбыз.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары болуп саналат. Өз кезегинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашыруу жүктөлгөн. Мында мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына материалдык-техникалык, каржылык жана аларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка каражаттарды өткөрүп берүү менен мамлекеттик ыйгарым укуктардын берилиши мүмкүн. Мамлекеттик ыйгарым укуктар мыйзамдын же келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары боюнча мамлекеттик органдарга отчет берип турат.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинде баяндалган жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын айырмалоо зарыл.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесинин 1-бөлүгүнүн жогоруда айтылган жоболорун эске алып, мыйзамдын долбоорунун текстиндеги ар кандай жөндөмөдөгү "мамлекеттик органдар" деген сөздөрдөн кийин, тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдары" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
4. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актылар ич ара макулдашылган жана логикалык жактан туура түзүлүшү керек. Мыйзамдын долбоорунун 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн редакциясы жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат берилиши мүмкүн болгон адамдарды аныктоо боюнча аны колдонууда так эместикти пайда кылат. Ушуга байланыштуу аталган бөлүктөгү "бардык" деген сөздүн "жана башкалар" деген сөздөр менен алмаштырылышын сунуштайбыз.
5. Сунуш кылынган мыйзамдын долбоорундагы айрым конкреттүү эмес сөздөр укук колдонуу практикасында коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна мүмкүнчүлүк түзөт, анткени алар жалпыланган жана баалоочу мүнөзгө ээ болгондуктан, тийиштүү субъекттерге тигил же бул жагдайды чечмелөөдө өзүнүн каалоосу боюнча дискрециялык ыйгарым укуктарды берет.
Атап айтканда, мыйзамдын долбоорунун 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык мурда мамлекеттен алынган, ошондой эле мыйзам бузуу менен алынган жер казынасы жөнүндө мамлекеттик геологиялык маалыматы бар бардык жактар алар жер казынасын пайдалануучу болушу же болбошуна карабастан, жер казынасын пайдалануу жагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биринчи эле талабы боюнча ошол маалыматты мамлекеттин менчигине берүүгө милдеттүү. "Талабы боюнча" деген сөз айкашы субъекттердин ачык-айкын, мыйзамдуу бекитилген критерийлерге таянбай туруп, тигил же бул жагдайды чечмелөөдө өзүнүн кароосу боюнча чечмелөөгө мүмкүнчүлүк берет жана коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна жол бербөө максатында кайра кароону же тактоону талап кылат.
6. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 6-бөлүгүнүн үчүнчү пунктуна ылайык мыйзамдардын беренелери укуктун айрым ченемдерин камтыган бөлүктөрдөн турат. Ушуга. байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 19-беренесинин 5-бөлүгүндөгү "пункт" деген сөздү "бөлүк" деген сөзгө алмаштырууну сунуштайбыз; мыйзамдын долбоорунун 38-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "бул пунктта" деген сөздөр "бул бөлүгүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. Мыйзамдын долбоорунун 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда курулуш максаттарында кум-шагыл жана чопо топурак материалдарын конкурстук жана аукциондук объекттерге кирбеген участоктордо казып алуу жер казынасын пайдалануу укугуна алынган лицензиянын негизинде эмес, мамлекеттик каттоонун негизинде жүзөгө ашырылары каралган.
Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесине ылайык лицензияны кармоо үчүн төлөм ушул Мыйзамга жана "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны сактоо максатында лицензиат тарабынан төлөнүүчү сумма. Бул салыктык эмес төлөм жергиликтүү бюджетке түшөт, бирок айыл аймагынан же шаардан тышкары жайгашкан лицензиялануучу жайлардан чогулуучу каражаттар республикалык бюджетке түшүп, андан ары региондордун өнүктүрүү фонддоруна которулат.
Демек, сунуш кылынган өзгөртүү чопо жана кум-шагыл иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоодон келген каражаттардын бир бөлүгү республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнөн алып салынат.
Ушуга байланыштуу мамлекеттик бюджеттен каражаттардын чыгымдарына жол бербөө максатында, аларды алдын ала эсептөөнү сунуштайбыз.
8. Мыйзамдын долбоорунун 20-беренесинин 13-пунктуна ылайык жер казынасын пайдалануучулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга КТАДдын стандарттарына ылайык жыл сайын отчет берүүсү зарыл.
Ошол эле учурда мыйзамдын долбоорунун 35-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык жер казынасын пайдалануучулардын отчеттук мезгилден кийинки жылдын биринчи чейреги аяктаганга чейин ар жылкы негизде КТАДды ишке ашыруунун алкагында жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жер казынасын пайдалануучунун кассалык негизде жүргүзүлгөн салыктар жана жыйымдар боюнча сунушун камсыз кылууга укугу бар. КТАДдын алкагында отчет берүүнүн тартиби, түрлөрү жана индикатору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Аталган жоболордун макулдашылбагандыгы бири-бирине карама-каршылык жаратат, анткени бир ченем КТАДдын стандарттары боюнча жылдык отчетту берүүнүн милдеттенмесин белгилейт (мыйзамдын долбоорунун 20-беренеси), ал эми башка ченем - жогоруда аталган стандарттар (мыйзамдын долбоорунун 35-беренеси) боюнча отчеттун ыктыярдуулугун белгилейт.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык ченемдик укуктук актылар ич ара макулдашылышы, логикалык жактан туура түзүлүшү жана ченемдик техникага ылайык келиши керек. Берененин (пункттун) тексти башка беренелерде (пункттарда) кайталанбайт.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 35-беренесинин 5-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
9. Мыйзамдын долбоорунун 21-беренесинин жөнгө салуу предмети, анын аталышына негизденип, жер казынасын пайдалануу укугунун колдонуу мөөнөтүн аныктоо болуп саналат. Мыйзамдын долбоорунун ушул беренесинин 1-3-бөлүктөрүндө бул маселелер түздөн-түз жөнгө салынат. Ушул берененин 4-7-бөлүктөрү жер казынасын пайдалануу укугун узартуу жол-жобосу менен байланышкан жана мыйзам долбоорунун белгиленген беренесинин жөнгө салынган предметинин чегинен чыгууда. Ушуга байланыштуу аталган бөлүктөрдүн редакциясынын кайра каралуусун же аларды өзүнчө беренеге бөлүүнү сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун ушул беренесинин жоболорун аягына чейин иштеп чыгууда 5-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "ККГГЭ" деген кыскартылган сөздөрдү алып салууну же мыйзамдын долбоорунун текстинде ага аныктама берүүнү сунуштайбыз.
10. Мыйзамдын долбоорунун 24-беренесинин 7-бөлүгүнүн жоболорун эске алуу менен, аукциондун жеңүүчүсү эки жолкуда аныкталбаса жана катары менен эки жолу өткөрүлгөн аукцион жараксыз деп таанылса, жер казынасын пайдалануу укугу биринчи берилген табыштама эрежесинин негизинде берилүүгө тийиш, мыйзамдын долбоорунун 23-беренесинин 5-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
11. Мыйзамдын долбоорунун 29-беренеси жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүнүн тартибин түздөн-түз аныктай албагандыктан, мыйзамдын долбоорунун аталышын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
12. Мыйзамдын долбоорунун 35-беренесинин 4-бөлүгүндө "минтранс" деген сөздү "транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
13. Мыйзамдын долбоорунун 36-беренесинин 2-бөлүгүндө мамлекеттик заказ боюнча иш жүргүзгөн уюмдарга жер казынасын башка пайдалануучулардын укуктарын сактоо шарты менен жер казынасын пайдалануу жагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен жазуу жүзүндөгү келишимдин негизинде жер казынасын пайдалануу лицензиясын албастан жумуш аткаруу укугун берүү сунушталат.
Ошону менен бирге 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишим 2015-жылдын 12-августунда күчүнө киргендигине көңүлүбүздү бурабыз. Көрсөтүлгөн мезгилден бери Кыргыз Республикасы толук укуктуу мүчөсү катары Евразия экономикалык бирлигинин алкагында колдонулуучу эрежелерди жана ченемдерди аткарууга милдеттенди.
Ошентип, жогоруда аталган Келишимдин 65-беренесинин 2-бөлүгүндө ушул Келишимдин 16-тиркемесинде мүчө мамлекеттерде инвестицияларды түзүү, иш жүргүзүү, соода жана кызматтарды жөнгө салуунун укуктук негиздери аныкталгандыгын белгилейт.
Инвестицияларды түзүү, иш жүргүзүү, соода жана кызматтарды жөнгө салуу жөнүндө протоколдун (мындан ары - Протокол) 21, 24 жана 25-пункттарына ылайык (Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 16-тиркемеси):
- ар бир мүчө мамлекет кызмат көрсөтүүлөр менен соодалашууга тиешелүү бардык чараларга карата, башка мүчө мамлекеттин кызматтарына, кызматтарды берүүчүлөрү жана колдонуучулары үчүн ушундай (окшош) жагдайларда өзүнө таандык (окшош) кызматтарга, кызматтарды берүүчүлөрү жана колдонуучулары үчүн түзүлгөн режимге караганда ыңгайы кем эмес режимди түзүп берет;
- ар бир мүчө мамлекет башка мүчө мамлекеттердин жактарына ишти түзүү жана жүзөгө ашыруу боюнча ушундай (окшош) жагдайларда өзүнө таандык (окшош) жактар үчүн өз аймагында түзүлгөн режимге караганда ыңгайы кем эмес режимди түзүп берет;
- ар бир мүчө мамлекет ушул Протоколдун 24-пунктунда аталган милдеттерди башка мүчө мамлекеттердин жактарына өз аймагындагы жактар үчүн түзүлгөн режимге формалдуу түрдө окшош же андан формалдуу айырмаланган режимди түзүү жолу менен аткара алат. Мында бул режим каалаган башка мүчө мамлекеттин жактары менен салыштырганда атаандаштык шарттарын бул мамлекеттин жактарынын пайдасына өзгөртсө, анда бул жагымдуулугу азыраак режим болуп эсептелет.
Ошондой эле Протоколдун 16-пунктунда мүчө мамлекеттин аймагында бул мүчө мамлекеттин катышуусу менен түзүлгөн юридикалык жактар иш-аракет жүргүзүп жатса, же алардын көзөмөлүндө болгон жактар болсо, анда мындай мүчө мамлекет бул жактардын төмөнкүлөрдү аткаруусун камсыз кылат деп белгиленген:
1) ушул Протокол аркылуу жөнгө салынуучу мамилелерге катышууну жана коммерциялык ой жүгүртүүнүн негизинде өз ишин жүзөгө ашырууну:
бул мамилелердин башка катышуучулары менен теңдик принциптеринин негизинде;
бул мамилелердин башка катышуучуларын анын жарандыгына, катталган (түзүлгөн) жерине, уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан кысымга албоо негизинде;
2) бул мүчө мамлекеттин юридикалык жактарга катышуусу же алардын анын көзөмөлүндө болуусуна байланыштуу бул мүчө мамлекет үчүн өзгөчө укуктарды, артыкчылыктарды же милдеттенмелерди албайт.
Жогоруда баяндалган ченемдерге ылайык Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы өзүнүн ата мекендик уюмдарына жана компанияларына, анын ичинде мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактарга же башка мамлекеттик ишканаларга артыкчылыктуу шарттарды берүүгө тыюу салуучу милдеттенмеге ээ.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 36-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболорун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
14. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрүнүн болушу таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык менчиктин жана менчиктин башка түрлөрүн укуктук жактан бирдей негизде коргоо кепилденген. Жеке менчик кол тийгис. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-беренесинде субъекттин каалоосу боюнча менчик мүлктү пайдалануусу жана өзүнө таандык болгон мүлктү тескөөсү, менчик укугуна ээлик кылуусу мыйзам актылары тарабынан таанылгандыгы жана корголгондугу белгиленген.
Жогоруда аталган жоболордун негизинде жер участогунун ээси жер казынасын пайдалануучуга тиешелүү жазуу жүзүндө макулдук берүүгө милдеттендирген мыйзамдын долбоорунун 40-беренесинин 6-бөлүгүнүн редакциясын кайра кароону же алып салууну сунуштайбыз. Мында мыйзамдын долбоорунун аталган беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык жеке менчикте же убактылуу пайдаланууда турган жерди жер казынасын пайдалануучу менен жердин ээси же жерди пайдалануу укугуна ээ жактар арасында түзүлгөн келишимдин негизинде убактылуу пайдаланууга берилгенин белгилей кетүү керек.
15. "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" жана "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген иштин айлана-чөйрөгө тийүүчү терс таасирлеринин алдын алуу үчүн мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүлөт.
Жер астындагы суулар айлана-чөйрөнүн компоненти болот. Ошондуктан аларды бир гана жаратылыш ресурсу катары эмес, ошондой эле айлана-чөйрөнүн булганышынан жана терс таасирдин башка түрлөрүнөн коргоочу объект катары кароо мыйзамдуу болуп саналат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде мыйзамдын долбоорунун 51-беренесинин 1-бөлүгүндө төмөнкүлөрдү сунуш кылабыз:
- биринчи абзацтагы "Жер астындагы сууларды чыгаруу жана пайдалануу долбоорлорун кошпогондо" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи бөлүгүндөгү "жер казынасын коргоо талаптарына туура келишине карата экспертизалоого жатат" деген сөздөр "өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизадан өтүүгө тийиш эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
16. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана негиздери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналарын эске алып, мыйзамдын долбоорунун 57-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул мыйзамдын долбоорунун 58-беренесинин 2-бөлүгүндө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө аталган. Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылган.
Ушуга байланыштуу маалымдоо тартибинде "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, киргизилүүчү ченемдик укуктук актынын долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш экенин белгилей кетүү керек.
18. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 77 жана 78-пункттарына ылайык мыйзамдын долбоорундагы бланкеттик аныктамаларда төмөнкүлөргө шилтеме кылышы мүмкүн:
1) мыйзам чыгаруунун тармагына (мисалы, "жарандык мыйзамдарда каралган тартипте жөнгө салынат");
2) мыйзамдык актынын түрүнө (мисалы конституциялык мыйзамдын, мыйзамдын, кодекстин негизинде жөнгө салынат);
3) жөнгө салуунун чөйрөсүнө (мисалы, "жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынат" же "лицензиялоо-уруксат берүү системасынын чөйрөсүндөгү мыйзам менен жөнгө салынат",);
4) айрым эрежелерге (мисалы, "жарандык сот өндүрүшүнүн эрежелери боюнча").
Мыйзамдарга жалпы шилтеме жасоого жол берилбейт (мисалы, "мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат").
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун текстинде жалпыланган шилтемелерди кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
19. Ошондой эле, айрым лицензиялык аянттар чек ара аймактарында жайгашкан, ошондуктан жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди аткаруу улуттук коопсуздукту камсыздоо маселелерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин белгилей кетүү зарыл.
Атап айтканда, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы табигый чек араны түзгөн Чу суусунда кум-шагыл материалдарын өндүрүү маселеси көп жолу айтылып келет. Кум-шагыл материалдарынын өндүрүлүшү Кыргыз Республикасы тарабындагы суунун жээгинин эрозиясына себеп болуп жатат.
"Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык улуттук коопсуздуктун негизги объекттеринин бири болуп мамлекеттин аймактык бүтүндүгү саналат.
Ушул себептен улам, мыйзамдын долбоорунда чек арага жакын жайгашкан аймактарда жер казынасын пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттүү түрдө макулдугун алууну белгилеген ченемди караштырууну сунуш кылабыз.
20. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-2-бөлүктөрүнө ылайык ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Өкмөт тарабынан бекитилген методикага ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоого жатат. Ченемдик укуктук актынын жөнгө салуучу таасирин талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу жак тарабынан ишке ашырылат жана камсыздалат.
Каралып жаткан мыйзамдын долбоору жөнгө салуучу таасири жактан талдоого алынуусу керек, анткени ал ишкер субъекттеринин (жер казынасын пайдалануучулардын) укуктарын жана милдеттерин, негиздердин түрлөрү болгон жана алардын негизинде коммерциялык иштерди жүзөгө ашыра ала турган уруксат берүүчү документтер (жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялар), аларды алуунун тартибин, жер казынасын жүзөгө ашыруунун мөөнөттөрүн жана ж.б. белгилейт.
Мында жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык иштеп чыгуучу тарабынан жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган негиздөө болбогондо, ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылууга тийиш.
21. Маалымат катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 194 токтому менен "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилгенин кабарлайбыз. Аталган Мыйзамдын долбоору каралып жаткан мыйзамдын долбоорунун жоболоруна окшош бир катар жоболорду камтыйт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда баяндалган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен бул мыйзамдын долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.