Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-сентябры № 488
Доха шаарында 2014-жылдын 22-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жана илимий изилдөө жаатында макулдашууну бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Доха шаарында 2014-жылдын 22-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жана илимий изилдөө жаатында макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Катар тарапка билдирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул Макулдашуунун ишке ашырылышы үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-сентябрындагы № 488 токтому менен бекитилди
Билим берүү жана илимий изилдөө жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ
Доха шаары, 2014-жылдын 22-сентябры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн атынан Билим берүү боюнча Жогорку Кеңеш,
мындан ары "Тараптар" деп аталуучу,
өз ара кызматташууну бекемдөө жана эки тараптуу кызыкчылыктарга жетишүү максатында,
эл аралык ченемдерге негизденип, эки мамлекеттин улуттук мыйзамдарын көңүлгө алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Жалпы жоболор
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында билим берүү жана илим чөйрөсүндө эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты төмөнкү принциптердин негизинде өнүктүрөт:
- теңдикти таануу жана өз ара кызыкчылыктарды урматтоо;
- эки өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын сыйлоо;
- бардык маселелерде интеллектуалдык менчик укуктарын бирдей жана натыйжалуу коргоону камсыз кылуу;
- ушул Макулдашуунун алкагында ишке ашырылуучу ар бир долбоор боюнча катышуучулардын интеллектуалдык менчик укуктарын ар бир катышуучунун үлүшүнө пропорциялуу бөлүштүрүү.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында жана Тараптардын улуттук мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекети катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык маалымат жана тажрыйба алмашат.
2-берене. Жалпы билим берүү
Тараптар эки мамлекеттин жалпы билим берүү тутумунун ишин өнүктүрүүнү жана төмөнкү чөйрөлөрдө кызматташууну колдойт:
- лидерлик жана менеджмент мектеби;
- окутуу жана сабак берүү;
- окуу-өндүрүштүк стандарттар;
- кесиптик өнүгүү;
- студенттерди кошумча колдоодогу муктаждыктар;
- билим берүүнү баалоо;
- башкаруу сапатына жараша мектеп мугалимдеринин жана жетекчилеринин иштеринин жыйынтыктарын баалоо;
- жаңы окуу куралдарын алмашуу;
- чет тилдерин үйрөнүү жаатында тажрыйба жана технологияларды алмашуу.
3-берене.
Ушул Макулдашуунун 2-беренесинде көрсөтүлгөн багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Тараптар төмөнкүлөр сыяктуу кызматташтыктын кыйла натыйжалуу, ыңгайлуу формаларын пайдаланууну колдойт:
- саясат жана билим берүү стратегиясы жаатында маалымат алмашуу;
- делегацияларды алмашуу;
- илимий изилдөөлөрдү алмашуу;
- окуу курстарын жана семинарларды уюштуруу;
- билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду түзүү.
4-берене.
Тараптар билим берүү жана илим жаатында ар кандай оюндарды өткөрүүдө, ошондой эле окутууда, квалификацияларды жогорулатууда, билим берүү жана илим жаатындагы эл аралык семинарлар, конференциялар, фестивалдар жана башка иш-чаралар жөнүндө маалымат алмашууда жардам көрсөтүүгө өбөлгө түзүшөт.
5-берене.
Тараптар мектептер ортосундагы кызматташтыкты төмөнкүлөр аркылуу өнүктүрүүнү колдойт:
- мектеп окуучулары, жана мектептеги спорттук делегацияларынын визиттерин алмашуу;
- мектептерде илимий, билим берүү, көркөм жана адабий көргөзмөлөрдү өткөрүү;
- мектептерде театралдык жана музыкалык көрсөтүүлөрдү алмашуу.
6-берене. Жогорку билим берүү, илимий изилдөөлөр жана технологиялар
Өзүнчө макулдашуулардын негизинде программаларды, долбоорлорду, тараптар ортосунда илимий-техникалык кызматташтыктын башка формаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында; ошондой эле ушул Макулдашуунун алкагында Тараптар мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайларынын жана башка билим берүү мекемелеринин финансылык жана администрациялык колдоосу менен жогорку билим берүү жаатындагы байланыштарды тереңдетүүгө, илимий изилдөөлөрдүн жана технологиялардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
7-берене.
Тараптар араб, ислам жана башка эл аралык уюмдардын эсебинен каржылануучу региондук жана эл аралык кызматташтыктын өнөктөштүк долбоорунун программаларынын алкагында жогорку билим берүү, илимий изилдөөлөр жана технологиялар жаатындагы тараптардын жогорку окуу жайларынын, илимий изилдөө мекемелеринин жана башка мамлекеттик, жеке билим берүү уюмдарынын кызматташтыгын колдойт.
8-берене.
Тараптар алардын окуу жайларынан алынган билим берүү жөнүндө документтерди өз ара таануу маселеси боюнча кызматташтык өзүнчө Макулдашуунун алкагында каралаарын макулдашты.
9-берене.
Тараптар төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча жогорку билим берүүнүн жана академиялык изилдөөлөрдүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөт:
- билим берүүнүн сапаты жана жогорку окуу жайларды аккредитациялоо;
- кошумча билим берүү программалары;
- жогорку билим берүү чөйрөсүндө заманбап маалыматтык-билим берүү технологияларын колдонуу;
- академиялык чөйрөдө илимий изилдөөлөрдү башкаруу;
- жогорку курстун студенттери жана аспиранттарды окутуу жана алар үчүн биргелешкен изилдөөлөрдү контролдоо.
10-берене.
Тараптар кызматташтыкты төмөнкү формада ишке ашырууну макулдашты:
- тараптардын жогорку окуу жайларынын жана илимий-изилдөө мекемелеринин студенттерин, профессордук-окутуучу курамынын, илимий кызматкерлеринин, кызмат адамдарынын делегацияларын өз-ара жиберишүү;
- жогорку билим берүү жаатындагы илимий-изилдөө чөйрөсүндө заманбап технологияларды колдонуу боюнча маалымат алмашуу;
- өз ара кызыкчылыкты туудурган окуу программалары боюнча илимий конференцияларды, окуу курстарын, семинарларды, лекцияларды уюштуруу жана өткөрүү;
- мамлекеттерде колдонулуучу эрежелерге ылайык биргелешкен изилдөөлөргө жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучу курамын тартуу.
11-берене.
Тараптардын ортосундагы кызматташуу механизмдерин координациялоо жана макулдашуу дипломатиялык каналдар аркылуу ишке ашырылат.
12-берене.
Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу 4 ай мурун семинарга, курстарга, жумушчу комиссияларга катышуучу делегация мүчөлөрү, жогоруда аталган иш-чаралардын боло турган күнү жана узактыгы тууралуу маалыматты бири-бирине берип турушат.
13-берене.
Жиберүүчү Тарап эки жакка тең барып-келүү чыгымын өзүнө алат, кабыл алуучу Тарап тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык экинчи Тараптын делегаттарын жайгаштыруу, (транспорттук ички жүрүү) жана өтө шашылыш учурларда дарылоо үчүн кеткен чыгымдарды алат.
14-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө же колдонууга карата Тараптардын ортосундагы бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер алардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
15-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген жана Тараптар аныктаган тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделет.
16-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган учурдан кийин, Эки тарап мыйзамга ылайык баардык ички процедураларды бүтүргөндүгүн дипломатиялык жолдор аркылуу жазуу түрүндө билдиргенден баштап күчүнө кирет жана 3 (үч) жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде Тараптардын бири да Макулдашууну колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин алты ай мурун өзүнүн Макулдашууну жокко чыгаруу ниети жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирбесе, Макулдашуу автоматтык түрдө кийинки мезгилдерге узартылат.
Бул Макулдашуунун колдонулуу мөөнөтүнүн токтотулушу же бүтүшү, эгерде тараптар башкача макулдашпаса, алар толук аткарылганга чейин колдонулуудагы программаларды жана долбоорлорду аткарууга таасирин тийгизбейт.
Доха шаарында 2014-жылдын 22-сентябрында, ал хиджра жылынын "27" 11/1435 туура келет, эки түп нускада түзүлдү, ар бири кыргыз, араб жана англис тилдеринде, бардык тексттер бирдей күчкө ээ жана чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги тексти артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Катар Мамлекетинин Өкмөтү үчүн |
Билим берүү жана илим министрлиги |
| Билим берүү боюнча Жогорку Кеңеш |