Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-августу № 434
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 175 "Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Электрондук форматта сатып алуулар процессин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 175 "Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелеринде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-2-пункт менен толукталсын:
"1-2. Ушул Эрежелерде "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде аныкталган түшүнүктөр, ошондой эле төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
тендер - ушул Эрежеде каралган тартипте товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирип берүүгө жеңүүчүлөр аныктала турган конкурс;
талапкер - табигый монополиялар субъекти өткөргөн тендерде сатып алуулар жөнүндө келишим түзүүгө талапкерлигин билдирген юридикалык жак же жеке ишкер;
жеткирип берүүчү (подрядчы) - сатып алуулар жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер.
- 6-пунктта:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Тендер табигый монополия субъектинин сатып алуу иштерин жөнгө салуучу документтерде каралган методдор менен кагаз жүзүндө же электрондук форматта ачык конкурс аркылуу өткөрүлөт.";
экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
үчүнчү абзацындагы "Электрондук сатып алуулар" деген сөздөр "Товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) электрондук форматта сатып алуулар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пункту "тендерге" деген сөздөн мурда атаандаштык жөнүндө мыйзамда каралган учурларды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 26-августунда N 74 жарыяланды
Премьер-министр | С. Жээнбеков |