Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-августу № 438
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик жарандык кызматчыларынын ишине түрткү берүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
- 4-пункту "мөөрү" деген сөздөн кийин ", белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары жана бланктары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пункту төмөнкү мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- кызматкерлерди, ошондой эле Мамагенттиктин милдеттерин аткарууга көмөк көрсөткөн жарандарды сыйлоо үчүн Мамагенттиктин ведомстволук сыйлыктарын белгиленген тартипте уюштурат, ведомстволук сыйлыктар жана алардын сүрөттөлүшү жөнүндө жобону белгиленген тартипте бекитет;
- Мамагенттиктин расмий символдорун уюштуруу жөнүндө сунушту белгиленген тартипте киргизет, ошондой эле расмий символдор жана алардын сүрөттөлүшү жөнүндө жобонун долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө белгиленген тартипте берет;".
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министр | С. Жээнбеков |