Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-августундагы № 423 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасында калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу өз ара аракетин камсыз кылуу боюнча макулдашылган чараларды иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн коллегиялуу координациялоочу орган болуп эсептелет.
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңештин ишин жетектөөнү Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда - төраганын орун басарларынын бири ишке ашырат.
2. Кеңештин максаты, милдеттери жана функциялары
4. Кеңештин ишинин негизги максаты калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган чараларды жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн иштерин координациялоо болуп эсептелет.
5. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча маселелерди өз убагында жана сапаттуу чечүүнү камсыздоо;
- калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча маселелерди чечүүдө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын ортосундагы натыйжалуу өз ара байланышты камсыздоо;
- калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо.
6. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасында калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралар планын (мындан ары - План) иштеп чыгат жана бекитет;
- өз жыйындарында Пландын аткарылышынын жүрүшүн карайт;
- калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт;
- калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга карата иштин натыйжалуулугун камсыз кылуу маселелери боюнча эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара иштешет;
- зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтүүчү актылардын долбоорлорун киргизет;
- Планды ишке ашыруу мониторингин жүргүзөт.
3. Кеңештин укуктары
7. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз жыйындарында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринин отчетторун угууга жана коюлган максаттарга жетишүү жана милдеттерди ишке ашыруу боюнча алардын ишине баа берүүгө;
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, административдик ведомстволордон, уюмдардан, мекемелерден өз ишин жүргүзүү үчүн керек болгон материалдарды жана маалыматтарды суроого;
- калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу маселеси боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымдоого;
- калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу маселеси боюнча башка уюштуруучулук жана координациялык чараларды көрүүгө.
4. Кеңештин ишин уюштуруу
8. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими менен бекитилет. Кеңештин төрагасы болуп кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри эсептелет, ал Кеңештин ишине жетекчиликти жүргүзөт. Кеңештин мүчөлөрү коюлган максаттарга жетүү жана милдеттерин ишке ашыруу боюнча негизделген сунуштарды Кеңештин талкуусуна киргизүүгө укуктуу.
9. Кеңештин ишинин формасы болуп зарылдыгына жараша Кеңештин төрагасынын чечими менен, бирок жарым жылда жок дегенде бир жолу өткөрүлө турган жыйын же селектордук кеңешме эсептелет. Кеңештин мүчөлөрү жыйынга же селектордук кеңешмеге жеке өздөрү катышат. Кеңештин мүчөсү жыйынга жүйөлүү себепсиз келбей калган учурда ага белгиленген тартиптик таасир көрсөтүү чарасы колдонулат.
10. Жыйын эгерде ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса болуп өттү деп эсептелет. Кеңештин чечими Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн жөнөкөй добушу менен кабыл алынат.
11. Кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча протокол түзүлөт, ага Кеңештин төрагасы кол коёт.
12. Кеңеш кабыл алган чечим зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана республиканын мамлекеттик органдарынын кароосуна жиберилиши мүмкүн.
13. Кеңештин катчылык функциясын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги (мындан ары - Катчылык) аткарат.
14. Катчылык:
- Кеңештин ишин пландайт жана уюштурат;
- Кеңештин ишинин маалыматтык-аналитикалык, уюштуруу-методикалык жана документтер менен камсыз кылууну уюштурат;
- чечимдердин жана документтердин долбоорлорун даярдайт;
- проблемалуу маселелерди ыкчам тартипте чечүү үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен зарылдыгына жараша жумушчу кеңешмелерди уюштурат;
- жумушчу органдын компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.