Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-августу № 423
Кыргыз Республикасында калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча кеңеш жөнүндө
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жолу менен Кыргыз Республикасында калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасында калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасында калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри, Кеңештин төрагасынын орун басары.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча).